Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 08
25.10.2021-жылдагы № 25 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин 25.10.2021-жылдагы № 25 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 25.10.2021-жылдагы № 25 токтомдун 2 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги эске алынсын.
2. СДПК саясий партиясынын депутаты Тууганбаев Байызбек Болотбекович өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу эске алынсын.
3. Кийинки келген депутат Аблесов Мирлан Амантурович Токтогул шаардык кенешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
4. Тиешелүү туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы жогоруда аталган депутатка (М.А.Аблесов) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |