ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54 «Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 3-февралы N 54

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Электр жана жылуулук энергиясын дүң

рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна

толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-ноябрындагы N

356 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын электрэнергетикалык секто-

рундагы абалды турукташтыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жар-

лыгынын 3-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин

2003-жьлдын 5-декабрындагы N 386 "Кыргыз Республикасынын Президентинин

электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону беки-

түү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин Электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү жөнүндө жо-

бонун 7-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн

тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасыпын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майын-

дагы N 335 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөрдөн кийин

"Кыргыз Республикасынын Президентинин электрэнергетикалык коопсуздук

боюнча атайын өкүлү менен макулдашуу боюнча," деген сөздөр менен тиеше-

лүү жөндөмөдө толукталсын;

- 5-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика бо-

юнча мамлекеттик агентство" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү

менен макулдашылгандан кийин" деген сөздөр менен тиешелүү жөмдөмөдө то-

лукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка-

зып алуу тармактар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр Н.Танаев