Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 13/44
Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы № 15/51 токтомунун редакцияларына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2022–жылдын январь-август айларындагы чечимиң эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылына карата кирешесинин божомолу 165 124,4 миң сомго бекитилсин (тиркеме 1)
2. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча турукту комиссиясынын 2022-жылдын январь-август айларындагы протоколдору бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 6 айнын жыйнтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынын, салык кызматынын 2022-жылдын 6 айында кошумча жыйнаган салыктардын эсебинен төмөнкү кошумча жумуштарды аткарууга акча каражаты бөлүнүп берилсин:
1) Аскер комиссариатынын чакыруу пунктусун оңдоп түзөөгө, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга жана жылытуу системасын орнотууга - 68,0 миң сом (аскер комиссариаты)
2) Муниципалдык базардын жерин тегиздөө, жолдоруна асфальт төшөө, айланасын тосуу жумуштарын аткаруу, долбоорун даярдоо үчүн - 600,0 миң сом (ММД)
3) Ген пландын долбоорун даярдоого - 4000,0 миң сом (ММД)
4) Шаардын А.Масалиев жана В.Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтка макал-лакап, накыл сөз илинүүчү 14 даана стендтерди орнотуу жумуштарына - 129,5 миң сом (ММД)
5) Шаардын ичине 16 даана видеокөзөмөл камераларын, жарыкка каршы жабдуулар (антиблик) менен камсыз кылууга - 83,2 миң сом (ММД)
6) Северный көчөсүндөгү спорт аянтчасын курууга - 500,0 миң сом (ММД)
7) Жин-Жиген айылына таза суу куурларын орнотууга - 603,546 миң сом (Караван АБ)
8) 2022-жылдын 1-январына болгон эркин калдыкта сырттан келген долбоорлорго деп каралган акча каражатынын эсебинен, Байтет участкасына 11 жылдык мектеп жана 120 орундуу бала бакча куруунун документтерин даярдоого - 1386,667 миң COM (ММД)
9) Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан борбордук китепкананы талаптагыдай оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн - 250,0 миң сом (ММД)
10) 15-кичи райондогу 400 метр аралыктагы суу куурларын жеке үйлөрдөн сыртка чыгарууга 1379,8 миң сом ( Сууканал м.и)
11) БАМ элинин жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууга Кулуштандан Кызыл-Кыяга тартылган суу тутугун аягына жеткирүүгө - 7500,0 миң сом (ММД)
12) Корчагин көчөсүнө таза суу куурларын орнотууга - 722,401 миң сом (Караван АБ)
13) Күнгөй 2 участкасына электр линиясын орнотууга - 239,0 миң сом (Караван АБ)
14) Озерная көчөсүнө КТП-160 электр трансформаторун жана электр линиясын орнотуу үчүн, кошумча - 248,266 миң сом (Караван АБ)
15) «Ассанабил» коомдук фонду тарабынан ЖДПБна жаңы имарат курууга (2022-жылдын 1-январына болгон эркин калдыктын, сырттан келген долбоорлорго каралган улуштун эсебинен берилсин)- 1000,0 миң сом (ММД)
16) Молодая гвардия көчөсүн асфальттоого кошумча- 2300, 0 миң сом (Караван АБ)
17) У.Салиева көчөсүн асфальттого кошумча - 500, миң сом (Караван АБ)
4. ММДга пресс-катчы 1 штаттык бирдик бөлүнүп берилсин.
5. «Кызыл-Кыя Тазалык» Миңа багбан 2 штаттык бирдик бөлүнүп берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарыльнын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Калматов |