Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 5
Калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктуу конуштардагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун тактоо Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине милдеттендирилсин.
2.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктун негиз кылып, калктуу конуштардагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун тактап, комиссиянын корутундусунун негизинде Сарай айыл өкмөтү тарабынан токтом кылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |