Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 4
Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сарай айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылынын Ленин көчөсүндөгү Кара-Суу райондук социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имаратына тиешелүү болгон жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу КР Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |