Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
2022-жылдын 27-апрели № 13
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54- Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссия иштеп чыккан Жобону бекитүү жөнундө
(Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин 2022-жылдын 29-апрели № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
Сары-Камыш айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүү максатында түзүлгөн атайын комиссиянын сунушун угуп, талкуулап Сары-Камыш айыл аймагындагы Ш.Кенжетаев атындагы кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Сары-Камыш айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтируүү боюнча чараларды көрүү үчүн Сары-Камыш айыл өкмөтундө түзүлгөн атайын комиссия иштеп чыккан жобо бекитилсин:
Айылдард үй-булөлук салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнундө жобо:
2. Үй-булөлук салатанаттарды өткөрүүнүн тартиби:
А) Бешик тойго көпчүлүк азык-түлүк коюу чектелсин, ичимдик болбосун жана айылыбызда кафе, мейманкана жоктугун эске алуу менен
Б) Тушоо кесүү, 1 союш союлуп жакын туугандары менен өткөрүлсүн.
В) Балдарды сүннөткө отургузуу медицина тарабынан жүргүзүлсүн, 1 союш союлсун жакын туугандары менен гана өткөрүлсүн.
Г) Yйлөнуүү тою 200-300 адамга чейин 2 машинадан ашпасын, 1 бодо, ичимдик болбосун дасторконго боорсок, нан, конфет, печенье коюлсун. Ашыкча нерсе коюлбасын.
Д) Кыз узатуу үйдөн узатсын, 1 союш союлсун.
Е) Куда тосуу 15 адам болсун, 2 жандык союлсун. 1 түштөндүрүү болсун. Калганы акчалай берилсин.
Ж) Юбилей, үй той болсун ар кимдин мүмкүнчүлүгүнө жараша болсун. Кийит-кече болбосун акчалай берилсин.
Айылдарда өлгөнду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби.
“1. Акыркы сапарга узатууда адам олсо союуш союулбасын. Дасторконго нан, боорсок, конфет, печенье андан башка ашыкча нерсе коюлбасын. Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге тамак берип жайгаштыруу кошуналарына милдеттендирилсин.
2) Үчүлүк, жетилик жок, кыркылыкка 2 койдон ашпасын. Союп келүүчүлөр болбосун. Пакет берилбесин. Кийит-кече жок болсун.
3) Эстелик жыгачтан коюлсун.
4) Аш өткөрүү да өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша болсун. Кийит-кеченин ордуна акчалай берилсин. Ашыкча дасторкон жасалбасын.
5) Маркумду узатууда кийиттин ордуна акчалай берилсин.
6) Айттык өткөрүлсүн. Дасторкон ашыкча жасалбасын.
(Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин 2022-жылдын 29-апрели № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бекитилген жобого ылайык айыл тургундарына түшундүрүү иштерин жүргүзүп, иш алып баруу үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүү максатында түзүлгөн атайын комиссия курамына тапшырылсын, түшүндурүү иштерин уюштуруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |