Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 29-апрели № 14
Сары-Камыш айылдык Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54-Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссия иштеп чыккан Жобону бекитүү жөнүндө” № 13 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сары-Камыш айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүү максатында түзүлгөн атайын комиссиянын сунушун угуп, талкуулап, Сары-Камыш айыл аймагындагы Ш.Кенжетаев атындагы кеңешинин VIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Камыш айылдык Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 13 токтому менен бекитилген Сары-Камыш айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобонун “Айылдарда өлгонду эске алуу ырым-жырымдарды откоруунун тартиби” болумунун 1-пункту томондогудо мазмунда жазылсын
“1. Акыркы сапарга узатууда адам олсо союуш союулбасын. Дасторконго нан, боорсок, конфет, печенье андан башка ашыкча нерсе коюлбасын. Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге тамак берип жайгаштыруу кошуналарына милдеттендирилсин.
Айылыбызда кафе жана мейманкана жоктугун эске алуу менен белгиленсин.”
2. Жобого киргизилген озгортуулор боюнча айыл тургундарына тушундуруу иштерин жургузуу айыл окмот башчысына милдеттендирилсин.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |
|
|
|
|
| «Бекитемин» Ш.Кенжетаев атындагы кеңештин торагасы_____________Р.Жакыпов 27.04.2022-жыл
|
Токтогул районунун Сары-Камыш айыл аймагындагы калктуу конуштарда уй-булөлук салтанаттарды жана маркумдарды эскеруу урп-адаттарын тартипке келтируу жөнундө ТИПТУУ ЖОБО
1. Жобонун максаты
1.1. Типтуу жобонун негизги максаты, улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо денгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзун көрсөтүүго умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын эске алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасынын уй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
1.2. Жобо элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жана иретке келтирүү, жарандардын жашоо денгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөө, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоонун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык, тийиштүү Сары-Камыш айыл өкмөтү айыл жергесиндеги комиссия дин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып барат.
1.3. Жобо жарандардын уй-бүлөлүк жана башка иш-чараларын өткөрүүдө, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдобоого, үй-бүлөлук бюджетке зыян келтирбөөгө калктын жашоо денгээлине терс таасирин токтотууга, маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп-адаттарындагы ысырапкерчиликке жол бербөөгө багытталат.
1.4. Жобо жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салтын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
2. Жобону кучунө киргизүү тартиби
2.1. Айыл аймакта уй-булөлук салатанаттарды жана маркумду эскерүү төмөндөгудөй курамда комиссия түзулөт..
- Айыл өкмөтүнүн кызматкери,
-жергиликтүү Кеңештин депутаттары,
-маданият тармагынын кызматкери,
-ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери,
-ардагерлер кеңешинин мучосу,
- аялдар жана жаштар кеңештеринин мүчөлөру
- аксакалдар сотунун мүчөсү
- дин уюмунун мүчөсу
- өкмөттүк эмес уюмдарынын мүчөсү
- жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мучөсу.
2.2. Жобону бекитүү жөнундөгү жергиликтүү кенештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү Кеңештин, жергиликтуу мамлекеттик администрациясынын сайттарына жарыяланат.
2.3. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөту, жергиликтуу Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
3.1.Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду:
Бешик той – бала төрөлгөндөн кийин, төрөлгөн учурда бешикке салынып, бөлөнөт.Ошол учурда кыздын ата-энеси небересин бешикке салуу максатында бешик жасап, алып барат.
Тушоо кесүү – бала каз-каз туруп, өз алдынча кадам койгон мезгилде жана кадам шилтеп басып калган учурда, чалынып жыгылбай тез басып кетүүсун тилек кылып, баланын аягын жип менен тушап, жеткинчек балдардан тартып чуркаганга чейин жараган аксакалдардан бери кандайдыр бир аралыктан чуркатып, балага биринчи жетип келген жаран, баланын тушоосун кесип, чалынбай тез басып кет деген тилек менен колунан жетелеп чыгат. Тушоо кескен жаранга белек берилет.
Сүннөт той- эркек бала 5-7 жашка чыккан мезгилде сүннөткө отургузуу, ата-эненин парзы экен. Ошол учурда атайын суннөт той өткөрүүлөр болуп жатат.
Үйлөнүү үлпөт той жана кыз узатуу той- бала жана кыз балакатка жеткен учурда, өз каалоолору менен үй-булө курууга баш кошуп, турмуш жолуна аттанышат. Ошол учурда, баланы үйлөнтүү, кызды узатуу той берилет.
Маараке той – адам баласы кандайдыр бир белгилүү жашка толгон учурда белгилеп берилүүчү той.
Жаны үйгө кирүүдө үй той – адам баласы жашоосунда баш калкалоо үчүн турак жай салып, аны күндөлүк түрмүшта жашоо үчун пайдаланып келет. Жаны турак жайга кирген учурда берилүүчү той.
Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумдун үч күнүн, кырк күнүн, айт күндөрүндө жылын эскерүү чаралары жана башка эскерүүлөр – маркумду эскерүүгө арналган салттар.
Маркумдун ашын беруу– маркумду эскерүү үчүн кандайдыр бир мезгилден кийинки салт.
4. Уй-булөлук салтанаттарды жана маркумдарды эскеруу урп-адаттарын өткөруу тартиби
4.1.Уй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесуу той, балдарын сүннөткө отургузуу, уйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, маареке салтанаттары жана башка салтанаттар кирет.
А) үйлөнүү тойлору боюнча:
-той кечки саат 18.00дон кечиктирилбестен башталып, түнкү саат 23.00 до бүтүүгө тийиш,
- тойго чакырылгандардын саны чектелбейт, бирок ысырапкерчиликке жана ашыкча чыгымсыз өткөрүү сунушталат,
-жаш жубайлардын жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгууга жана башка иш-чараларына (сейилдөөго чыгууга) автоунаалардын саны 3 бирдиктен ашпоого тийиш,
- үйлөнүү тоюн алып баруучуга улуттук каада-салттарга туура келбеген маданиятсыз оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынат.
Б) кыз узатуу аземи боюнча:
-кыз узатуу тою үйдө өткөрүлөт жана элдин батасы менен кундузу узатылат,
-үй шартына жараша кафеде өткөрүүну каалагандар үчүн кафеде өткөрүу тыюу салынбайт, бирок ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбей күндүзу саат 18.00 чейин бүткөрүлөт,
-кыз-куйөөго өкул ата, өкул апа белгилөөдө коптогон себет жана кийим-кече кылууга, кой союуга чектоо киргизилет,
-кызды турмушка чыгарууга калын жана мүчө алууга, сеп берүугө чектөө киргизилет жана куда тосууда түштөндүрүу берүүго тыюу салынат.
В)юбилейлик тойлор боюнча:
-атаандашуусуз, ысырапкерчиликсиз аз сандагы конокторду чакыруу менен үйдон өткөруу сунушталат,
-кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок коноктордун саны 200 дон ашпоого тийиш,
-той кечки саат 18.00 дон кечиктирилбестен башталууга жана түнкү саат 23.00до бүтүүгө тийиш.
Г) сүннөт той, тушоо той, жентек жана башка майда салттуу тойлор:
-тойлорду үйдо чакан туугандар менен өткөрүүнү колдоого алуу,
-кафеде өткөруу тыюу салынбайт, бирок күндүзү саат 18.00 чейин өткөрүлуп бүтүүгө тийиш.
Д) салтта жок шаан-шөкөтторду откоруу боюнча:
-сыйлык, чин, наам, илимий жана кесиптик даража алганын белгилоо, классташ, бир туугандар, жоролор, бажалар, кудалар, келиндер, аялдар отуруштары, мектепти, окуу жайды аяктаганына 5-10-20 жылдык кечелер тар чойродо откорулот жана ири денгээлде кафе, тойканаларда откорууго тыюу салынат.
4.2.Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскеруу урп-адаттарына бейшембилик, жетилик, кыркылык, жылдык откоруу, аш беруу жана соок коюу ырым-жырымдары кирет.
-маркумду акыркы сапарга узатууга келгендердин саны чектелбейт.
-маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчилик кылууга жол берилбейт,
(дасторконго момо-жемиш, салат ж.б. ашыкча нерсе коюлбайт)
-маркумду узатууда соок чыккан жерде мал жандык союлбайт. Алыстан келген меймандар, куда сооктор учун кошунанын же жакын тууганынын уйундо ашыкча ысырапкерчиликке келтирбей узатылат,
-бейшембилик, жетилик, кыркылык откорулбойт,
-мумкунчулукко жараша каалаган учурда маркумга куран окутуу өткөрууго болот,
-маркумга карата кошок кошчуларды жалдоого, кыздарынын ак-кок кийуусуно, тон жабууга, кийит илууго жана жыртыш берууго тыюу салынат.
-соок коюуда жана аза кутуу учурунда спирттик ичимдиктерди ичууго, куюуга, мас абалында келууго, журууго тыюу салынат,
-аза куткон, кайгыга кабылган, жакыр, жетим-жесир абалдагы уй-булолорго кайрымдуулук иштерин уюштуруп, акча каражат жагынан жардамдарды беруу колдоого алынат,
-мурзого эстелик тургузулбайт (арзан материал менен белги коюлсун).
-Аш берууго жакын туугандары менен ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым келтирбей откоруу каралсын. Ал эми аталган иш-чараларды болтурбоо жана аталган иш-чарага каралган каражатты жумшоо максатында, анын ордуна айылга таза суу чыгарууну, жолду асфальттоону, шагыл тогууну, жарыктандырууну, жоо жол салууну (тротуар), жетим-жесирлерге жардам берууну, мааракенин ээсине сунуш кылынат.
5. Жобону аткаруу боюнча иш-чаралар
5.1. Жобонун талабын аткарууну козомол алуучу органдар:
-Сары-Камыш айыл окмотунун башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтуу комиссиясынын окулдору,
-айылдык ички иштер болумунун кызматкерлери,
-Сары-Камыш айыл окмотундогу каада-салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтуу комиссия жободогу талаптардын аткарылышын жана сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-пландарды иштеп чыгат. Бекитилген иш-пландарына ылайык жободо белгиленген тартиптерди сактоо боюнча калк арасында тушундуруу иштерин жургузот,
-Аймактык комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, Жобонун аткарылышына мониторинг жана козмол жургузот. Уй-булолук салтанаттарды жана маркумдарды эскеруу урп-адаттардын откоруу боюняча алдынкы тажрыйбаларды жалпылайт жана аларды жайылтуу боюнча тиешелуу иштерди жургузот.
-Сары-Камыш айыл окмотундогу ички иштер болумунун кызматкерлери жобонун аткарылышы боюнча козомол жургузот.
-Конок берууго жана багууга, кок бору (улак тартыш) оюнун беруудо ири олчомдо байгелерди саюуга (автоунаа, жылкы, ири муйуздуу мал, кой-эчки, топоз, тоо, килем, кымбат баалуу буюмдар) чектоо салынат. Байгесине кымбат эмес жана аз олчомдогу буюм-теримдерди саюу сунушталат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы учун жоопкерчилик.
6.1.Жобонун тартиптери бузулган учурда ар бир жаран Сары-Камыш айыл өкмөтундогу каада-салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтүү комиссиянын ар бир мучөсу комиссиянын төрагасына маалымдайт.
6.2.Жергиликтуу комиссия мучөлөру уй-булөлук салтанаттарды жана маркумдарды эскерүу үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, тушундуруу иштерин жургүзөт, иш-чара өткөруп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жургузөт. Жобонун талаптары бузулган учурда акт тузулөт, ал тууралуу комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (а.и.коомдук уяткаруу чарасы) көрүлөт.
6.3.Айыл аймакта уй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү боюнча типтуу жобонун талабын бузгандыгы учун жарандарга жергиликтуу жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар жергиликтүү Кеңеш тарабынан кабыл алынган) 150 мин сом айып пул салынат жана айыл окмөт тарабынан тиешелуу чаралары көрулот.
Жооптуу катчы | Э.Мамырова |