Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-5
“Кызыл-Сеңир айылындагы жер аянтын трансформациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/735 22-декабрь 2022-жылдагы кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 03-апрель 2018-жылдагы кабыл алынган № 6-5 токтомунун негизинде айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылынын эски сөөк коюлуучу жай корукка алынып, сөөк коюу токтотулгандыгына байланыштуу, мүрзөнү кеңейтүүгө жанындагы 4,0 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Кайракы айдоо” түрүнөн “Калктуу конуш жерлер” категориясына же “Өнөр жай, транспорт, байланыштын жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |