Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-январы № 8
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелиндеги № 258 « Зыяндуу же кооптуу шарттарда оор жумуштар учун жана кошумча төлөмдөрдү негиздөө тартиби жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн түзүлгөн комитетинин отурумунун, кызматкерлердин жумуш маянасынын жыйынтыгын талкуулоо протоколунун жана электромагниттик улануунун көлөмүн өлчөө протоколунун негизинде Кызыл-Туу айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 2022- жылдын январь айынан баштап компьютер менен иш жүргүзүүдөгү зыяндуулуктары учун 15% тен-25% чейин кошумча акы төлөнүп берилсин.
2. Штаттык санга өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражатынан бөлүнүп берилсин.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |