Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин  2024-жылдын 16-январындагы

№ 5  токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-январы № 12

«Жол кире акысын кайра карап чыгуу жөнүндө»

Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы көтөрүлүшүнө байланыштуу Маевка-Бишкек-Кызыл-Туу багытындагы №18 коомдук автобустун жүргүнчүлөрдү ташуудагы жол кире акысын кайра карап чыгуу боюнча БПАТПнын айдоочуларынын арыз-кайрылууларын карап, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 1-февралынан тартып Маевка-Бишкек-Кызыл-Туу каттамы боюнча № 18 коомдук транспорттун жол кире акысы төмөнкү тарифте бекитилсин:

- Маевка айылы - Бишкек шаары - Кызыл-Туу айылы - 25 сом

- Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу-Исмаил-Токбай айылынын калктуу пункттарынын ортосундагы жол кире: чоңдорго - 10 сом, 15 жашка чейинки балдарга- 5 сом.

- Кызыл-Туу а. – Кунтуу а.-15 сом

2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы “Тарифти бекитүү жөнүндө” № 19 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам

 

Айылдык Кенештин төрагасы

 

Иманалиев К.Ю.