Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын
2022-жылдын 24-ноябры № 19
2023-жылга көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу жобону жана иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежел тууралуу жобо жана иш-чаралар планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Бакайыр айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакайыр айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу жобо жана 2023-жылга белгиленген иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Иш-чараларды уюштурууга , ийне жалбырактуу карагайдын жана алманын көчөттөрүн сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2215-беренесиндеги ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 100,0 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Умарбековго жүктөлсүн.
Бакайыр айылдык кеӊешинин төрагасы: | Жаныкул уулу К. | |
|
|
|
|
| Тиркеме № 1 |
|
| Бакайыр айыл кеӊешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 19 токтому менен бекитилди
|
Бакайыр айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелер
I. Жалпы жоболор
1. Бакайыр айыл аймагын жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча бул эреже (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө»,«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирчилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 262 буйругунун негизинде иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү,жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдетүү талаптарды белгилейт,менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.
2. Катуу турмуш-тирчилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
5. Айьл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүрrүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абонентгер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чьгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдетүү.
6. КТТКны айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жайгашкан жерлеринде, айыл тургyндары өздөрү жашаган уйлөрундө каптарга чоryлтат. Жолдун өтүүчү бөлүгүндө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан l0 метрден жакын арaлыкка таштанды салынган каптарды коюуга тыюу салынат.
7. Бакайыр айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талаптар аткарьшбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы yчyн жоопкерчилик тартат.
8. Көлөмдүү таштандьшарлы (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөrү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
9. Кыймылсыз объекттерди курууну жеке жана юридикaлык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча ( Бакайыр айыл өкмөтү менен таштанды чыгаруу келишимине ылайык) алып чыгууга милдетгyy.
10. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптүрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричипик калдыктарды чьгаруу Бакайыр айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын жана жеке жактар тарабынан жүзүгө ашырылат.
11. Муниципапдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жана айыл тургундар ишке ашырат.
12. Коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
13. Юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
14. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юрдикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен өрнөтулат.
15. Таштандыларды уруксатсыз таштандьларды ылайыкталбаган жерлерге таштоого, өрттөөгө кунөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
16. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуy жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
3. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
17. Жалпы пайдалануучу жайларлы санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, жайында жолдун беттерин, тротуарларды сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчыларды кароону камтыйт.
18. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъектгердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүгөн , бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарлы күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо айьл өкмөтү менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тийешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
19. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайларлын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймакгардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде: - узундугу боюнча имаратгарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган буткул аймак боюнча;
20. Айыл өкмөтү көчөдөrү убактылуу соода жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жайларын, соода объектилеринин жоопкерчиликти ушул соода объектеринин ээлерине жүктөйт.
21. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бутөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
4. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
22. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында,анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу жана ирригациялык системалар (айылдын ички арыктары ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө ар кандай мүлк объкетилерине кам көрүүгө милдетүү.
23. Бакайыр айыл аймагында күнүмдүк турмуш тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүштүк калдыктарды, кыйылган бак бутактарын, жалбырактарды таштоого жол берилбейт. Көчөлөрдү, аянтчаларды, парк, скверлерди жана башка коомдук жайлардын тазалыгы такай көзөмөгө алынат. Арыктарга, дренаждык тутумдарга таштанды таштоого, агынды сууларды төккөнгө болбойт.
24. Соода жүргүзүүгө арналган объектилерди жана кошумча курулуштарды, тосмолорду тиешелүү тартипте уруксат албай туруп өз алдынча орнотууга тыюу салынат.
5. Жашылдандыруу
25. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу,
- бак-дарактарды жана бадалдарды, ryлзарларды багуу боюнча иштер
- куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
26.Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Жалпы пайдалануудагы аймактарда
- парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө айыл өкмөтү тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
- уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында өтпөл жердеги уюмдардын жетекчилерине;
27. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
28. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянтгарды сугаруу кечинде саат l8.00-l 9.00дон кийин жүрrүзүлөт.
1. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуy, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден ,(жана илдетгерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
2. Айыл аймакгарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктуу жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
3. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашьл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөндөгүлөрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылышбай толук сакталышында, ошондой эле өсүмдүктөр зыянкечтерден, илдетгерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
- жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализацияI сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка затгар менен булганышына жол бербөө;
- жайында жана кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бакдарактарды жана бадалдарды сугаруу;
- газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга кyрулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
4. Жаӊы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгилеrген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.
33. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жашыл аянчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдуry жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
- калдыкарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
- жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн чогултуy, компост сатуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана от коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
- бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди,электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
- дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды таштоо үчүн казуу иштерин жургүзүүгө;
- газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянтгарда транспорт каражатгарын өткөрүү жана токтотууга;
- гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
6. Тышкы жарыктандыруу
34. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө айыл өкмөтү дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Жарык беруучу тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Респyбликасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
36. Тышкы жарыктандыруу күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
37. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда ишгебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
38. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдaлышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
39. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулrан же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап тyрууга милдеттүү.
40. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминацияньш жаӊыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат.
7. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
41. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Ресrryбликасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
42. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1- пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
43. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1l5-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
44. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
Бакайыр айылдык кеңешинин катчысы | А.Сеитбеков |
Бакайыр айыл кеӊешинин 2022-жылдын 24 –ноябрындагы № 19 токтому менен бекитилди
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирчилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү, көрктөндүрүү жашылдандыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча Бакайыр айыл аймагында түзүлгөн иш-чаралардын планы
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу | Каржылоо булагы |
1 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү | Тирчилик калдыктары көчөмө-көчө кыдырып чыгарылат.Айыл тургундарына жеӊилдик болот | 2025-жылга чейин | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
2 | Калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылуга бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оrпималдаштырууга,төлөм тарибин чыӊдөөгө багытталган санитардык тазалоо инфраструктураны өркүндөтүү | Айлана-чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат | дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
3 | Катуу тиричилик калдыктарын жана таштандынын ар кандай түрлөрүн жол боюна таштабоо максатында коомдук тартипти сактоо үчүн жол жээгине yгут насаат,ураандары,эскертyyлөр жазылган такталарын жаӊыртуу | Жол жээги таштандыдан арылып санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Коомдук тартипти сактоо ишке ашырылат. | 2023-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
4 | Катуу тирчилик калдыктарын таштоо боюнча жер бөлүп берүү | Таштанды таштоочу жай пайда болот | 2023-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
5 | Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарына жана Ак-Башат айылындагы көк-бөрү ойнолуучу жерге проектин негизинде көрктөндүрүү жашылдандыруу максатында ийне жалбырактуу көчөттөрүн отургузуу | Санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт | 2023-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджеттен 100,0 миӊ сом акча каражатын бөлүү. |
6 | Айыл аймагынын тургундарынын арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү | Мектеп окучуудардын арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча тегерек столдорду,ачык сабактарды жана кесепкой үлүгү көрсөтө ала турган абройлуу инсандардыг катышуусу менен жолугушууларды өткөрүнү уюштуруу. | 2023-2025 ж.ж | Айыл өкмөтү Мектетердин администрациясы | Жергиликтүү бюджет |
Бакайыр айылдык кеңешинин катчысы | А.Сеитбеков |