Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезексиз XV – сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 1
Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасы З. Нурдиновдун КР Президентинин Жарлыгына ылайык өтүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын Календардык планынын негизинде курултайды өткөрүү күнүн, убагын жана өтүүчү жерин аныктоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кашкар-Кыштак айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү күнү, убактысы жана өтүүчү жери тиркемеге ылайык белгиленсин. Тиркеме тиркелет.
2. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында токтомдун жана тиркеменин нускаларын ар бир айылдын айыл башчыларына таркатуу, эл көп чогулган жерлерге жарыяларды илүү жана соцтармактар аркылуу жарыялоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жергиликтүү курултайды тиркемедеги графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу өткөрүү - уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кенештин иши, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комис- сиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |
|
|
|
|
| Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 15 сессиясынын №1-токтомуна тиркеме
|
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айылдарында жергиликтүү курултайларды өткөрүү боюнча графиги
№ | Айылдардын аталышы | Датасы | Сааты | Делегаттардын саны | Өтүүчү жер | Жооптуулар |
1 | Кашкар-Кыштак | 15.10.2022 | 10-00 | 150 | Маданият үйү | Айыл башчылар, депутаттар |
2 | Мөнөк | 18.10.2022 | 10-00 | 50 | Мектеп-интернатында | Айыл башчылар, депутаттар |
3 | Кенжекул | 19.10.2022 | 10-00 | 40 | Т. Юнусов орто мектебинде | Айыл башчылар, депутаттар |
4 | Жарооз | 20.10.2022 | 10-00 | 40 | С. Жусуев орто мектебинде | Айыл башчылар, депутаттар |
5 | Бекжар | 21.10.2022 | 10-00 | 20 | Маданият үйү | Айыл башчылар, депутаттар |
6 | Алгабас | 21.10.2022 | 10-00 | 20 | Маданият үйү | Айыл башчылар, депутаттар |
7 | Андижан-маала | 21.10.2022 | 10-00 | 20 | А. Эшматов орто мектебинде | Айыл башчылар, депутаттар |
8 | Тажик-маала | 21.10.2022 | 10-00 | 20 | Т. Юнусов орто мектебинде | Айыл башчылар, депутаттар |
9 | Айыл аймагы боюнча | 05.11.2022 | 10-00 | 360 | Маданият үйүндө | Жумушчу тобу |
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин катчысы |
| Маматалиев М. |