Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
2022-жылдын 29-августу № 49
Каргалык айылдык кеңешинин 29.03.2022-жылдагы VIII сессиясынын №17 токтому менен буудайды оруп-жыюуга карата түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматын угуу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин 29.03.2022-жылдагы VIII сессиясынын №17 токтому менен буудайды оруп-жыюуга карата түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы С.Мукашовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айылдык кеңешинин 29.03.2022-жылдагы VIII сессиясынын №17 токтому менен буудайды оруп-жыюуга карата түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. 2022-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүндө 24,0 тонна эгин жыйналгандыгы белгиленсин.
3. Жыйналган эгинди 25 сомдон сатып, сатуудан түшкөн акча каражатын “МТС” муниципалдык ишканасынын счетуна төктүрүү жагы ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. “МТС” муниципалдык ишканасына 2022-жылга карата бөлүнгөн 550,0 миң сом акча каражатына айдала турган буудайды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иши өнөктүк аяктагандыгына байланыштуу токтотулсун.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыканов милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |