Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын жыйналышынын ( 4-шайланган) отуруму
2022-жылдын 16-августу № 23/1
Айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган мурдагы АТСтин жерин менчиктештирүү жөнүндө
Айыл аймагындагы “Доор-Айым” аялдар кооперативинвн жетекчиси Бердибаева Ашамдын жазган арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарында турган мурдагы АТСтин жерин менчиктештирүү маселеси боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде такташсын.
2. “Доор-Айым” кооперативинин мүчөлөрүнүн ишкананы менчиктештирүүгө каршылыгы жоктугун, Бердибаева Ашам эженин 2 баласын 2-группа майыптуулугун эске алып, суралган жердин баалуулугун тактап, түз берүү жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571-токтомунун негнизинде ишке ашырылсын.
3.Бул жеке менчикке өткөрүү боюнча иштер айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго жана жер маселелери боюнча башкы адис М.Турдуев жүктөлсүн.
4.бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешнинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Турдуевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Абдылдаев |