Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 363
“Таза Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында түзүлгөн иш-чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө “ “Таза Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында түзүлгөн иш-чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө “ “Таза Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында түзүлгөн иш-чараларга 331 000 ( үч жүз отуз бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |