Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2004-жылдын 5-марты №135

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550, 2012-жылдын 20-февралындагы № 134, 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы № 293 "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө Указын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы ээлеп турган имаратты ага бекитип берсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясына "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине архитектуралык-пландоо тапшырмасында көрсөтүлгөн чектердеги жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

Н.Танаев