Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2004-жылдын 27-майы № 392
"Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
"Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, администрациялык органдардын башкаруучулук ишин уюштурууну өркүндөтүү жана алардын жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоосу, ошондой эле аткаруучу бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- бардык структуралык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери, ишканалары жана уюмдары "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун кынтыксыз аткарышын камсыздашсын;
- өздөрүнүн ведомстволук уюмдарында жогоруда аталган Мыйзамдын жоболоруна ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо үчүн жооптуу структуралык бөлүмдөрдү жана адамдарды аныкташсын;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына жана компетенциясына кирген гана иштерди карашсын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" жана "Граждандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын аткаруучу бийлик органдарына алардын ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, арыз менен кайрылууга, кызмат адамдарынын иштеринин үстүнөн даттанууга укуктарын камсыздашсын;
- даттанган же кызыкчылыгы үчүн даттануу берилген адамга зыян келишине жол беришпесин, жарандардан келген кайрылууларды катуу эсепке алышсын;
- арыз ээсинин каалоосу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин жана башка адамдардын администрациялык иштерди кароого катышуусуна тоскоол кылышпасын;
- арыз ээси койгон бардык маселелер чечилгенден кийин гана администрациялык ишти аягына чыкты жана контролдон чыгарууга болот деп эсептешсин жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз зэсине жазуу жүзүндө билдиришсин;
- администрациялык актыларды чыгарууда "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алышсын;
- кабыл алынган чечимдер өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышы боюнча көрүлүүчү чаралардын аткарылышына контролду ишке ашырышсын;
- жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын ушул мыйзамына каршы келген ведомстволук ички ченемдик актыларды кайра карашсын жана жокко чыгарышсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун кынтыксыз аткаруу сунушталсын.
3. Аткаруу бийлигинин бардык органдары жана алардын кызмат адамдары "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, администрациялык жол-жоболор боюнча башка ченемдик укуктук актылардын жоболорун сакташы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- калк арасында "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун түшүндүрүү боюнча агартуу ишин уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ченемдик укуктук актыларды "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармасына жана юридика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |