Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 6-июлу N 501
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык
зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы
укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик
администрациясына өткөрүп берүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун,
2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер ресурста-
рын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, бул регионду өнүктүрүүгө
кошумча инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 4 жана 29-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N
365 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы
жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
чектөөлөр менен, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана ту-
ристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн ачык тооруктарды
өткөрүү жолу менен берүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйга-
рым укуктары Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп
берилсин.
Тооруктун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен
бекитилери белгиленсин.
2. Курорттук-рекреациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган
жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ку-
рамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Комиссиянын иш-аракети Ысыккөл облусунун мамлекеттик администраци-
ясынын аппараты тарабынан камсыздалаары белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N
370 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүдөн түшкөн ка-
ражаттар Ысыккөл облусун өнүктүрүүгө жумшалаары белгиленсин.
4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы комиссиянын иши-
нин регламентин жана курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана
туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн мамлекеттик
менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы жер участокторун берүү
боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону эки аптанын ичинде
иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев