Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 11-августу № 365
"Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги N 100 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги N 100 Жарлыгынын 3-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Ысыккөл облусунда "Мамлекеттик башкаруу децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-мартындагы N 161 токтому;
- "Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан мамлекеттик менчик объекттерин жана юридикалык жактардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы N 637 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-октябрындагы N 775 токтому.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы N 501 токтомунун преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-февралындагы "Ысыккөл облусунда "Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К. Бакиев |