Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 27-июлу N 555
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун
өнүктүрүүнүн Комплекстүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү активдештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ырааттуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн тиркелген Комплекстүү программасы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу, кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык институттар жана донор өлкөлөр менен грант берүү маселелери боюнча иш жүргүзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын иш-чараларын аткаруунун жүрүшүн республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма чагылдырып турууну камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын
27-июлундагы N 555
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун
өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы
1. Киришүү
2. Баалуу кагаздар рыногунун азыркы абалына баяндама
3. Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн негизги максаттары
жана Программанын милдеттери
4. Максаттарга жетишүүнүн жана алдыга коюлган милдеттерди
ишке ашыруунун жолдору
Баалуу кагаздар рыногунун транспаренттүүлүгүн камсыз
кылуу
Баалуу кагаздардын ачык жана жабык эмитенттерин жөнгө
салууну чектеп бөлүштүрүү
Баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар рыногунун
жогорку сапаттуу финансылык аспаптары менен берилген
сегментти түзүү
Баалуу кагаздарга укуктарды каттоо системасынын
ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу
Баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарттарын
белгилөө
Баалуу кагаздар рыногунда финансылык аспаптардын чөйрөсүн
кеңейтүү
Баалуу кагаздар рыногун кеңири жайылтуу
Баалуу кагаздар рыногуна институттук инвесторлордун
каражаттарын тартуу үчүн шарттарды түзүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар
рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын потенциалын
өнүктүрүү
Кыргыз фондулук рыногун Борбордук Азия мамлекеттеринин
рыногуна интеграциялоо
5. Программаны каржылоо
6. Иш-аракеттердин Матрицасы
Тиркеме. Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар
рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу
боюнча иш-аракеттердин матрицасы
1. Киришүү
Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасында 2002-2003-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн Комплекстүү программасынын уландысы принцибинде түзүлгөн, ал баалуу кагаздар рыногунда ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди жана иш-чараларды аныктайт, эркин каржы ресурстарынын эмиссиялык баалуу кагаздарды эркин жүгүртүү үчүн активдүү пайдалануу жолу менен экономиканын реалдуу секторуна куюштуруунун жагымдуу климатын түзүүнү аныктайт. Кыргыз Республикасында 2002-2003-жылдарга баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын аткаруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздардын рыногу боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Баалуукагазмамком) тарабынан 33 нормативдик-укуктук акт иштелип чыккан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 токтом жана 1 буйрук, Баалуукагазмамком 29 токтом жана приказдарды чыгарган.
Көрсөтүлгөн Программада коюлган маселелерди чечүү корпоративдик башкарууну өркүндөтүүдө, баалуу кагаздар рыногунда ачык-айкындуулукту камсыз кылууда, эмиссиялык баалуу кагаздарды жөнгө салууну жакшыртууда, фондулук инфраструктураны жана рыноктун финансы куралдарын өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле инвестициялоонун шарттарын жана инвесторлордун укуктарын коргоону өркүндөтүү, фондулук рынокту өнүктүрүү маселелери боюнча эл-аралык кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча кыйла иштер жүргүзүлдү.
Бул Программа баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүүнү жандандыруунун негизги максаттарын жана милдеттерин, рыноктун бардык катышуучуларына - эмитенттерге, кесиптик катышуучуларга, инвесторлорго карата мамлекеттик саясатты чагылдырат.
Программа Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу коммерциялык банктар менен финансы-кредиттик мекемелердин иштерин жөнгө салуу маселелерин камтыбайт.
Программа артыкчылыктуу багыттарды, максаттарга жетишүүнүн жолдорун жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чараларды аныктайт.
2. Баалуу кагаздар рыногунун азыркы абалына баяндама
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун финансылык куралдары мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздар менен берилген. Азыркы күндө республиканын ички рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздардын 5 түрү бар. Корпоративдик баалуу кагаздарды акциялар жана облигациялар түзөт.
2004-жылдын 1-январына карата Баалуукагазмамкомдо Кыргыз Республикасынын акционердик коомдорунун 30395,5 млн. сом суммасындагы акциялардын 2007 чыгарылышы катталган.
Корпоративдик облигациялардын рыногу өнүгүшүн улантууда Азыркы кезде республикада 9 атамекендик компаниялар корпоративдик облигациялардын эмитенттери болуп эсептелет. 2004-жылдын 1-январына карата абал брюнча Баалуукагазмамкомдо облигациялардын 260,5 млн. сом суммасындагы 13 чыгарылышы катталган. Бирок облигациялардын чыгарылышын толук эмес жайгаштырууну өтө узак создуктуруп жиберүү фактылары байкалат. 2004-жылдын 1-январына карата эмитенттер тарабынан бардыгы болуп 128 млн. сом суммасындагы облигациялар жайгаштырылган, ал эми алардын төлөнүшү 49 млн. сомду түзгөн. Мунун себеби Кыргыз Республикасында институттук инвесторлордун чабал өнүгүшү болуп эсептелет, алар демейде бир кыйла узак мөөнөттүү финансылык ресурстар менен операцияларды жүргүзүшөт. Азыркы күндө жүгүртүүдө 79 млн. сом суммасындагы облигациялар бар, бул коммерциялык банктардагы депозиттердин суммасынын 0,2 процентин жана коммерциялык банктардын кредиттеринин суммасынын 1,4 процентин түзөт. Корпоративдик облигациялар компаниялар үчүн заемдук каражаттардын альтернативдүү булагы болуп калууга тийиш.
Корпоративдик облигацияларды эмиссиялаган "Renton Group" компаниясында түзүлгөн проблема квалификациялуу эмес майда инвесторлорду кошумча коргоо зарыл экендигин көрсөттү.
Ушул мезгилге чейин фондулук рынокко мамлекеттик баалуу кагаздарды тартууга мүмкүндүк болбоду. Баштапкы рынокто жайгаштырылган Мамлекеттик казналык векселдин (мындан ары - МКВ) көлөмү 2003-жылда 902 млн. сомду түздү. Мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнү уюштурулган фондулук рынокко жарым-жартылай болсо да которуу анын өнүктүрүүнүн орчундуу түрткүсү болмок.
2003-жылдын 31-декабрына карата алганда Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарда чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 3818 млн. сомду, мунун ичинде КМШ өлкөлөрүнөн 189,9 млн. сомду жана алыскы чет өлкөлөрдөн 3628 млн. сомду түздү.
Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн капиталды салуунун бирден бир жагымдуу чөйрөлөрү республиканын өнөр жайы болуп эсептелет (республиканын акционердик коомдорунун баалуу кагаздарга чет элдик инвестицияларынын бардык көлөмүнөн 62,5 %), финансылык институттар (20,8 %), курулуш (8,28 %), транспорт жана байланыш (3,08 %).
Соңку эки жылда казакстандык инвесторлордун Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда активдүү иштей баштагандыгын белгилеп кетүү зарыл. Казакстандык инвестициялардын финансылык-банктык секторго агылышы айкын байкалат. Мындан ары казакстандык рыноктун финансылык ресурстарга жетиштүү болгондугуна байланыштуу казакстандык инвесторлордун республикабыздын фондулук рыногунда активдүүлүгүнүн жогорулатышын күтүүгө болот.
Баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү 2003-жылда 7,1 млрд. сомду түздү, бул дүң ички продукттун 8,5 процентин түзөт.
Республиканын баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулардын соода системасы аркылуу соода кылуунун көлөмү 955,4 млн. сомду, мунун ичинде облигациялар боюнча соода 29,49 млн. сомду артыкчылыктуу акциялар боюнча 0,24 млн. сомду, жөнөкөй акциялар боюнча 925,67 млн. сомду түзгөн. Баалуу кагаздар рыногунда негизинен каттоочу (түз) бүтүмдөр түзүлүүдө.
2003-жылы республикада 18 листинг компаниясы болгон, алардын баалуу кагаздары фондулук биржанын котировкалоочу тизмесине кирди. Листингдин эң жогорку категориясына бир гана "Кыргызтелеком" АКнын баалуу кагазы кирди. Бирок азыркы кезде листингдик баалуу кагаздардын басымдуу көпчүлүгү өтүмдүү эмес болуп эсептелет да, чындыгында соодаланбайт, ошол эле мезгилде дивиденддерди туруктуу төлөшкөн, корпоративдик башкаруунун жогорку маданиятына жана маалыматтардын транспаренттүүлүгүнө ээ болушкан республиканын көптөгөн алдыңкы эмитенттеринин абдан өтүмдүү баалуу кагаздары "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын котировкалык барактарына кирбей тургандыгын белгилей кетүү керек.
Республика инвестициялык фонддордун өнүгүшү фондулук рыноктун узак мөөнөттүү маселеси болуп саналат, анткени рынокто финансылык куралдардын көп түрлөрү пайда болот жана финансылык секторго жеке инвесторлордун ишеними жогорулайт. Бул багытта мыйзамдарды өркүндөтүү, алардын иш-аракетине көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Баалуукагазмамком тарабынан төрт проблемалуу инвестициялык фонддордун жана бир башкаруучу компаниянын лицензиялары чакырылып алынды.
Пенсиялык фонддордун активдеринин башкаруучуларын жана башка институттук инвесторлордун өнүгүшү үчүн бул чөйрөдө топтолгон тажрыйбаны пайдалануу керек.
Баалуукагазмамкомдун ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты баалуу кагаздардын эмитенттерин жана баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын иштерин контролдоо жана көзөмөлдөө болуп эсептелет. Баалуукагазмамком 2003-жылы акционердик коомдор менен баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарына шайкеш келүүлөрү боюнча 265 текшерүү жүргүздү. Текшерүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдардын 636 бузулушу аныкталып, алар 18,2 млн. сом суммасында акционерлердин укуктарына кысым жасоо жана ар кандай жагымсыз көрүнүштөргө алып келди, анын ичинде дивиденддерди төлөө боюнча 9,7 млн. сом суммасында 34 тартип бузуу аныкталды. Кемчиликтерди четтетүү иштеринин жүрүшүндө акционерлерге 4,0 млн. сом жалпы суммасындагы дивиденддер, анын ичинде 734,2 миң сом суммасында акциялардын мамлекеттик үлүшүнө эсептелген дивиденддер калыбына келтирилген.
Баалуукагазмамком 2003-жылы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө боюнча иштерди улантты. Бул багытта Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-6-сентябрында өткөрүлгөн, ЕврАзЭСге мүчө-мамлекеттердин баалуу кагаздар рыногун жөндөө боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилер Кеңешинин 2-заседаниеси өтө маанилүү окуя болду. Бул заседаниенин жыйынтыктары боюнча ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн фондулук рынокторун интеграциялоону жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү чечимдер кабыл алынды.
3. Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана
Программанын милдеттери
Баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү саясатын калыптандыруунун максаты рынокту өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү активдештирүү болуп саналат. Бул стратегиялык максат төмөнкүлөрдү болжолдойт:
- республиканын экономикасын каржылоодо баалуу кагаздар рыногунун маанисин күчөтүүнү;
- Борбордук Азия финансы рыногунда баалуу кагаздардын кыргыз рыногунун ролун күчөтүүнү.
Финансылык системаны бекемдөө бүгүнкү күндө мамлекет үчүн маанилүү маселе болуп эсептелет. Туруктуу экономикалык өсүш үчүн зарыл финансылык ресурстарды тартуу талап кылынат. Бул багытта баалуу кагаздар рыногу банктык системасына альтернатива болуп калууга тийиш. Азыркы замандын экономикасында баалуу кагаздар рыногу инвестициялык капиталды бириктирүүнүн негизги механизмдеринин бири болуп эсептелет. Экономикалык өсүш үчүн принциптүү болгон "үнөмдөө-инвестициялар" байланышын жана экономика секторунун ортосундагы финансылык ресурстарды бири бирине куюштурууну тейлөө менен баалуу кагаздар рыногу мамлекеттик экономикалык өсүштүн улуттук моделинин алкагында бирден бир маанилүү механизмдердин бири болуп калууга тийиш. Баалуу кагаздар рыногунун маанилүүлүгү финансылык ресурстарды тартууда жана кайрадан бөлүштүрүүдө банктык сектордун маанисине барабар болууга тийиш. Көрүлүп жаткан бардык күч-аракеттер инвесторлордун баалуу кагаздар рыногуна ишенимин арттырууга багытталышы керек.
Республиканын баалуу кагаздар рыногу жетиштүү түрдө өнүккөн мүнөзгө ээ - баалуу кагаздар рыногунун иштөөсү үчүн адекваттуу мыйзамдык база түзүлгөн, ал фондулук рынокту жөнгө салуучу дээрлик бардык маселерди камтыйт, рыноктун инфраструктурасы топтолгон жана өнүгүүдө, бирок ошол эле учурда рынок чакан көлөмү жана финансылык куралдарынын чектелген саны менен мүнөздөлөт. Кыргыз фондулук рыногунун андан ары өнүгүшүнүн маанилүү кадамы анын башка региондор менен, эң алды менен бүтүндөй Борбордук Азия өлкөлөрү менен (Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан) интеграциялануу болот. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн фондулук рыноктору азыркы кезде өнүгүүнүн ар кандай этаптарында турушат бирөөлөрүндө рынок жетиштүү түрдө өнүккөн, анын инвестициялоо үчүн каражаттарынын резервдери чоң, башкаларында инфракструктурасы калыптануу стадиясында. Көрсөтүлгөн мамлекеттердин фондулук рынокторун интеграциялоо алардын өнүгүшүн жандандырууга мүмкүндүк берет, ошонун натыйжасында баалуу кагаздардын кыргыз рыногу үчүн бир жагынан инвесторлордун базаларын кеңейтүү жолу менен инвестицияларды тартууга жана экинчи жагынан башка өлкөлөрдүн рынокторунда кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк пайда болот.
Интеграция эки багыт боюнча жүрүүгө тийиш:
- кыргыз рыногунун эмитенттеринин, кесиптик катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын Борбордук Азиянын фондулук рынокторуна чыгууларына тоскоолдорду алып салуу;
- инвесторлорду тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, иш-аракеттерди өркүндөтүү жана баалуу кагаздар рыногунун операторлорунун тобокелдигин төмөндөтүү жолу менен анын жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылуу.
Баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү саясатынын алдыга коюлган максатарына жетишүү үчүн бул Программада төмөндөгүдөй негизги милдеттерди чечүү зарылдыгы каралган:
1. Баалуу кагаздар рыногунун транспаренттүүгүн камсыз кылуу;
2. Баалуу кагаздардын ачык жана жабык эмитенттерин жөнгө салууну чектеп бөлүштүрүү;
3. Баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар рыногунун жогорку сапаттуу финансылык аспаптары менен берилген сегментти түзүү;
4. Баалуу кагаздарга укуктарды каттоо системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
5. Баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарттарын белгилөө;
6. Баалуу кагаздар рыногунда финансылык аспаптардын чөйрөсүн кеңейтүү;
7. Баалуу кагаздар рыногун кеңири жайылтуу;
8. Баалуу кагаздар рыногуна институттук инвесторлордун каражаттарын тартуу үчүн шарттарды түзүү;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын потенциалын өнүктүрүү;
10. Кыргыз фондулук рыногун Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн рыноктору менен интеграциялоо.
4. Максаттарга жетишүүнүн жана алдыга коюлган милдеттерди ишке
ашыруунун жолдору
Баалуу кагаздар рыногунун транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу
Баалуу кагаздар рыногунун транспаренттүүлүгү баалуу кагаздар рыногунуи катышуучуларынын иштөөсүнүн ачыктыгын жана баалуу кагаздар рыногунда маалыматтардын түшүнүктүүлүгүн камсыз кылуу жолу менен жетишилүүгө тийиш.
Баалуу кагаздар рыногунун транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу рынокту прогрессивдүү өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет, анткени баалуу кагаздар рыногунда ишмердүүлүктүн ачыктыгы жана маалыматтарга жеткиликтүүлүк тобокелди азайтууга мүмкүндүк берет, бул, эң алды менен, салмакташтырылган инвестациялык чечимдерди кабыл алууга жана инвесторлордун рынокко ишенимин күчөтүүгө таасир тийгизет.
Азыркы кезде баалуу кагаздар рыногундагы ишмердүүлүктүн ачыктыгы рыноктун катышуучулары тарабынан зарыл маалыматтарды ачуунун системасы менен камсыз кылынат. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган ыкмалар менен, мыйзамдар белгилеген маалыматтарды милдеттүү түрдө жарыялоо, отчет берүү, ошондой эле баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисин каттоо жана анда болгон маалыматтардын айкындыгын камсыз кылуу жолу менен ишке ашырылат.
Бүгүнкү күндө маалыматтарды ачуу дагы эле төмөнкү деңгээлде болуп жаткандыгын белгилөө керек. Баалуу кагаздар рыногунун бардык эле эмитенттери жана кесиптик рыноктун катышуучулары зарыл болгон отчетторду беришпейт, же аны түзүүнүн жана берүүнүн тартибин бузуу менен беришет, олуттуу кемчиликтер жөнүндө маалымат рыноктун катышуучулары тарабынан дээрлик ачылбайт. Алсак, баалуу кагаздар боюнча отчетторду Баалуукагазмамкомго бербөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын нечен ирет бузгандыгына байланыштуу 2002-жылы 6 кесиптик катышуучунун лицензиялары кайра алынды, 5 кесиптик катышуучунун лицензиясы убактылуу токтотулду, ал эми 1 кесиптик катышуучуга эскертүү берилди. Ошондой эле маалыматтарды ачуунун деңгээли төмөнкү деңгээлде экендигин төмөндөгүдөй фактылар айгинелейт: 2002-жылы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Баалуукагазмамком салган административдик айыптардын структурасында 57 процентин отчет берүүнүн тартибин бузгандык жана 5 процентин баалуу кагаздар жөнүндө толук жана чыныгы маалыматтарды алууга болгон инвесторлордун укуктарын бузгандык ээлейт.
Баалуукагазмамком баалуу кагаздардын эмитенттери менен кесиптик катышуучулары тарабынан отчетторду берип туруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууларына контролдукту күчөтүүсү керек. Ошондой зле Баалуукагазмамком рыноктун катышуучулары беришкен отчеттордун сапатын талдоону жакшыртууга тийиш. Мындан тышкары, ачык эмитенттер тарабынан баалуу кагаздардын эмитенти боюнча квартал сайынкы отчетторду берип туруу маселеси боюнча Баалуукагазмамком финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык мезгил аралык финансылык отчеттуулукту иштеп чыгуусу керек.
Маалыматтарды ачуу боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына коюлуучу талаптарды күчөтүү зарыл.
Бул максатта баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуунун жана маалыматтык ачыктыктын стандарттарын жогорулатууга багытталган программаны иштеп чыгуу зарыл. Ага төмөндөгүдөй талаптар кирет:
- баалуу кагаздар рыногунун эмитенттери жана кесиптик катышуучулары тарабынан маалыматтарды ачуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- ачууга тийиш болгон маалыматтарды жыйноо менен жайылтуунун таасирдүү системасын түзүү - маалыматтарды ачуучу борборду түзүү (анда эмитенттер, кесиптик катышуучулар жөнүндөгү жалпыга жеткиликтүү маалыматтар, баалуу кагаздар жөнүндө каалаган адам ала алгандай башка маалыматт топтолот);
- ачылууга тийиш болгон маалыматтарды маалыматтык рынокко жалпысынан жакындатуу маселеси боюнча маалыматтык агентстволордун, массалык маалымат каражаттарынын, консультациялык фирмалардын жана баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүн түзүү жана аны менен инвесторлордун конкреттүү топторун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтарды ачуу боюнча мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыздоо.
Маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу Интернет жана электрондук документ жүгүртүү тармагынын жардамы менен маалыматтарды ачуу маселелерин кароо зарыл.
Баалуу кагаздардын ачык жана жабык эмитенттерин жөнгө салууну чектеп бөлүштүрүү
Азыркы кезде Баалуукагазмамкомдо Кыргыз Республиканын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу эмитенттерди ачык жана жабык (ачык эмес) деп бөлүштүрүү боюнча иштер башталды. 2003-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасында 1569 эмитент бар, анын ичинде 50 эмитент баалуу кагаздарын ачык жайгаштырууну жүзөгө ашырышты жана 121 эмитентте 500 жана андан ашык баалуу кагаздардын ээлери бар.
Бул жумушту жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык, ачык жана жабык эмитенттерге өзүнчө талаптарды коюу максатында - ачык эмитенттерге катуураак жана жабык эмитенттерге жөнөкөйлөтүлгөн талаптарды коюу максатында жүргүзүү зарыл. Ушул мезгилге чейин ачык, ошондой эле жабык эмитенттерге бирдей талаптар коюлуп келген, алсак, бардык эмитенттер жылдык финансылык отчетту жарыялоого милдеттүү болушкан.
Ачык эмитенттерге катуу талаптарды коюу инвесторлор үчүн ар түрдүү жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл, анткени ачык эмитенттер өзүлөрүнүн баалуу кагаздарын чек коюлбаган адамдардын чөйрөсүндө ачык жайгаштыруу жолу менен акча каражаттарын тартышат.
Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бүтүндөй күч-аракети ачык эмитенттерге контролдукту күчөтүүгө багытталууга тийиш.
Бул жагынан алганда ачык жана жабык эмитенттерге талаптар төмөндөгүдөй маселелер боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш:
- эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясы жана жүгүртүлүшү;
- маалыматтарды ачуу;
- көзөмөлдөө.
Ачык жана жабык эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын стандарттарын ажыратуу зарыл. Анда ошого жараша ачык эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектисине жогору талаптар жана жабык эмитенттердин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектисин каттоого талаптарды алып салуу жагы каралган. Жабык эмитенттердин баалуу кагаздарын жүгүртүү жагынан алганда аларды баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулардын соода аянтчасынан тышкары жерде жүгүртүүгө уруксат берүү зарыл.
Ошондой эле ачык эмитенттерге зарыл маалыматтарды ачуу боюнча талаптарды коюу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Эмитентте анын иши жөнүндө маалыматты ачууга жооп берген кызматтын же адамдын болушун караган талапты коюу зарыл. Жабык компаниялар үчүн бул багытта маалыматты ачуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча иш жүргүзүлөт. Буга Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамы менен маалыматтарды ачуу боюнча талап коюлган компаниялар кирбейт (коммерциялык банктар, камсыздандыруучу компаниялар ж.б).
Мындан тышкары, бул багытта Баалуукагазмамком эмитенттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу саясатын жабык эмитенттерди жөнгө салууну либералдаштыруу жана ачык эмитенттерге көзөмөлдү күчөтүү багытында кайрадан карап чыгуусу зарыл. Пландуу текшерүүлөрдү өткөрүүдө Баалуукагазмамком ачык эмитенттерди артыкчылыктуу тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.
Ошондой эле ачык компаниялардын аудити боюнча атайын талаптарды коюу маселесин иштеп чыгуу зарыл.
Баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар рыногунун жогорку сапаттуу финансылык аспаптары менен берилген сегментти түзүү
Баалуу кагаздар рыногун мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири минимум тобокелдүү финансылык куралдар менен берилген рыноктун сегментин түзүү болуп эсептелет. Рыноктун мындай сегменти финансылык коопсуздукту камсыз кылуучу "көрсөтмөлүү" болот жана квалификациялуу эмес инвесторлор менен институттук инвесторлордун каражаттарын тартуу үчүн атайын дайындалган, анткени алардын салымчылары калктын кеңири катмары болот.
Бул сегмент бир эле мезгилде төмөндөгүдөй мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш:
- баалуу кагаздардын максимум өтүмдүүлүгү;
- жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү жана тобокелдиктерди башкаруунун таасирдүү системасын камсыз кылуучу баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын ишенимдүүлүгүнүн жогорулатылган стандарттары;
- рыноктун маалыматтык ачык-айкындыгы.
Баалуу кагаздар рыногунун ушуга окшогон сегменти пайда болушу үчүн төмөнкүлөргө карата талаптарды жогорулатууга тиешелүү практикалык кадамдарды жасоо зарыл:
- баалуу кагаздардын листингине;
- брокерлерге - инвесторлого консультация берүү жагынан.
Листингден өтүшкөн баалуу кагаздардын эмитенттеринин финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө жана маалыматтарды ачууларына тиешелүү талаптар жогорулатылууга тийиш.
Баалуу кагаздардын листинги жагынан алганда баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулардын листингинин эрежелерине мамлекеттин минимум талаптарды коюу мүмкүндүгүн кароо зарыл. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулардын баалуу кагаздардын листингин жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилигин күчөтүү маанилүү, бул листингдик баалуу кагаздардын эмитенттерине мамлекет тарабынан жана сооданы уюштуруучу тарабынан кош контролду ишке ашырууга алып келет, ошонун натыйжасында листингдик баалуу кагаздардын статусу жогорулайт.
Ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын ишинин стандарттарын жана эрежелерин жогорулатуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө тиешелүү талаптар жогорулатышы керек. Мындан тышкары, брокерлер өзүлөрүнүн кардарларына консультация берүүсүнүн эрежелерин иштеп чыгуусу зарыл. Анда баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде камтылган маалыматтарды брокердин милдеттүү түрдө ачуусу, ошондой эле потенциалдуу инвесторлордун баалуу кагаздарынын дуушар болуучу тобокелдиги (коркунучтары) каралууга тийиш. Бул эрежелерде инвесторлордун баалуу кагаздарды сатып алуулары боюнча брокерге милдеттүү сунуштар да каралышы керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн чараларды камсыз кылуунун натыйжасында инвесторлор салмакталган инвестициялык чечимдерди кабыл алышат, бул болсо, өз кезегинде, ар кандай жагымсыз кесепеттен арылууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ачык эмес жана тобокелдүү компаниялардын квалификациялуу эмес инвесторлордун акча каражаттарын тартуу мүмкүндүгүнө бөгөт коюлат.
Баалуу кагаздарга укуктарды каттоо системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу
Баалуу кагаздарга укуктарды каттоо менен эсепке алуу системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу республиканын фондулук рыногунун туруктуулугунун жана кардарларды өзүнө тартуунун зарыл шарттарынын бири экенин, ошондой эле инвесторлордун баалуу кагаздар рыногуна ишенимин күчөтүү зарылдыгын эске алып, инвесторлордун укуктарын бузуу мүмкүндүгүн өтө азайтуу максатында баалуу кагаздарга менчик укугун эсепке алуу чөйрөсүн өркүндөтүү зарыл.
Бул багытта мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү, ошондой эле инфраструктуралык уюмдардын, эң алды менен адистештирилген көз карандысыз регистраторлордун ишмердүүлүгүнүн стандарттарын жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көрүү талап кылынат, алар:
- регистраторлордун ишенимдүүлүгүнө жана алардын эмитенттерге көз карандысыздыгына багытталган саясатты жүргүзүү;
- регистраторлордун өздүк каражаттарынын минимум өлчөмдөрүнө талаптарды жогорулатуу;
- регистраторлордун активдеринин курамына жана структурасына минималдуу талаптарды белгилөө;
- өзүлөрү жайгашкан жерлерден тышкары жайларда баалуу кагаздарга укуктар жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө кайталап жарыялоо боюнча регистраторлорго талаптарды коюу;
- баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлерин жүргүзүү боюнча кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттүү шарты катары эсептик системадагы тобокелдиктерди камсыздандырууну киргизүү маселесин иштеп чыгуу, анын ичинде миддеттүү түрдө камсыздандыруунун минимум өлчөмүн киргизүү маселесин жана камсыздандырууга тийиштүү тобокелдиктердин тизмесин (техникалык үзгүлтүк, персоналдын каталары жана мыйзамсыз иштери, эмитентке зыян тарттыруу ж.б.) кароо зарыл.
Баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарттарын белгилөө
Азыркы күндө республикада баалуу кагаздар рыногу мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздардан турат. Азыр Кыргызстандын ички рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздардын беш түрү бар: Мамлекеттик казыналык векселдер, Казыналык милдеттенмелер, Мамлекеттик орточо мөөнөттүү купондук облигациялар, Мамлекеттик жөндөлүүчү баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кыска мөөнөттүү ноталары. Корпоративдик баалуу кагаздарга акциялар жана облигациялар кирет.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздар менен соода алакалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жүргүзүлөт. Корпоративдик баалуу кагаздар менен алакалар баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучулардын соода аянтчалары аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик жана корпоративдик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарттарын белгилөө үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди баштоо зарыл. Баалуу кагаздардын бардык түрлөрүн баалуу кагаздар рыногунун сооданы уюштуруучуларынын соода аянтчаларында жүгүртүү азыркы кезде колдонулуп жаткан баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн системасынын алдында бир катар артыкчылыкка ээ: биринчиден, инвесторлордо бир соода аянтчасында баалуу кагаздар рыногунун финансылык аспаптарынын ар кандай түрлөрүн алууга мүмкүндүк түзүлөт; экинчиден, баалуу кагаздар рыногун өлүктүрүүгө жана анын инфраструктурасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлөт.
Баалуу кагаздар рыногунун ченемдик базасы эмиссиялык баалуу кагаздарды - акциялар менен облигацияларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн бүтүндөй процессин камтый тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды жүгүртүү жагынан алганда аларды колдонуу максатында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү зарыл.
Баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарттарын белгилөө Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногун бирдейлештирүүгө жана шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик баалуу кагаздарды фондулук биржалар аркылуу жайгаштыруу жана жүгүртүү бул баалуу кагаздардын көрүнөөрөөк жүгүртүлүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августандагы N 437-б буйругу менен уюштурулган жумушчу топ 2003-жылдын 29-апрелинде иштеп чыккан сунушуна ылайык баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн пилоттук долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иштерди жакын арада баштоо зарыл.
Баалуу кагаздар рыногунда финансылык аспаптардын чөйрөсүн кеңейтүү
Баалуу кагаздар рыногу экономиканын реалдуу секторунун абалына түздөн-түз көз каранды болот. Биздин республиканын ишканаларынын олуттуу бөлүгү кирешелүү болуп эсептелишпейт, ошонун кесепетинен алардын баалуу кагаздары өтүмдүү эмес, анткени корпоративдик баалуу кагаздар негизинен кирешеси компаниянын пайдалуулугуна жараша болгон акциялар менен берилген. Республикада азырынча корпоративдик облигациялардын рыногу начар өнүккөн жана ипотекалык баалуу кагаздар жана муниципалдык баалуу кагаздар сыяктуу башка баалуу кагаздар рыногу жок.
Азыркы мезгилде баалуу кагаздар рыногундагы финансылык аспаптардын кууш чөйрөсүнүн проблемасын чечүү иштери жүргүзүлө баштады - рынокто ишенимдүү, абдан өтүмдүү узак мөөнөттүү жаңы баалуу кагаздардын пайда болушу үчүн шарттарды түзүү боюнча аракет жасалууда.
Алсак, корпоративдик облигациялар пайда болуп, жүгүртүлүүдө, аларды өнүктүрүү үчүн максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Баалуукагазмамком азыркы кезде муниципалдык баалуу кагаздарды киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, аларды пайдалануу жергиликтүү бийлик органдарын каржылоо жана муниципалитеттердин долбоорлоруна инвестиция жумшоо мүмкүндүгүн кеңейтүү маселерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк бермекчи. Азыркы күндө муниципалдык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-октябрындагы N 692 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынган. Баалуукагазмамком башка ведомстволорго муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу маселеси боюнча көмөк көрсөтүүгө жана консультация берүүгө жардамдашуусу зарыл.
Мындан тышкары, ипотекалык баалуу кагаздарды киргизүү маселесин иштеп чыгуу талап кылынат, анткени алар ишенимдүүлүгү жогору болгондуктан институттук инвесторлор үчүн маанилүү инвестициялык курал болуп калууга тийиш.
Финансалык куралдардын тар чөйрөсү проблемасы рынокто ири институттук инвесторлордун жок болгондугу менен шартталган. Рынокто мисалы, Казакстан сыяктуу ири инвесторлор пайда болгондо баалуу кагаздар рыногунун дүркүрөп өнүгүшүн жана жаңы финансалык куралдардын пайда болушун күтүүгө болот.
Мына ошентип, ушул Программанын алкагында баалуу кагаздар рыногунун финансалык куралдарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты катары корпоративдик облигацияларды, муниципалдык баалуу кагаздарды, турак-жай сертификаттарын жана ипотекалык баалуу кагаздарды өнүктүрүү жагы каралат.
Баалуу кагаздар рыногун кеңири жайылтуу
Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири аны жайылтуу болуп эсептелет. Мындай жумуштардын чөйрөсү баалуу кагаздар рыногундагы потенциалдуу инвесторлор жана эмитенттер болууга тийиш. Бул маселени ишке ашыруу фондулук рынокко жаңы катышуучуларды гана тартуу эмес, ошондой эле аларды мүмкүн болуучу каталыктар менен тобокелдиктерден коргоого мүмкүндүк берет.
Фондулук рынок төмөндөгүдөй эки багыт боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу жолу менен жайылтылышы мүмкүн:
- маалыматтык-агартууну камсыз кылуу;
- билим берүү жумушу.
Баалуу кагаздар рыногун маалыматтык агартуу менен камсыз кылуу рыноктун катышуучулары болушкан мамлекет жана баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучулары тарабынан баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү маалыматтарды ырааттуу түрдө ачуу жолу менен камсыз кылынат. Бул багыт фондулук рынок жөнүндөгү маалыматты массалык маалымдоо каражаттары аркылуу ачуу маселелерин камтууга тийиш. Массалык маалымдоо каражаттары менен тыгыз кызматташуу, рыноктун тигил же бул маселелеринин проблематикасын ачып көрсөтүүчү, анын ичинде инвесторлордун укуктарын жана милдеттерин, инвестиция учурундагы тобокелдиктер, баалуу кагаздар рыногунун субъектеринин ишмердүүлүгү ж.б. маселелер боюнча семинарларды жана конференцияларды өткөрүү жолу менен баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн маалыматтык камсыз кылынышынын системасын калыптандыруу боюнча жумуштарды өткөрүү зарыл.
Жогоруда белгиленген маселелер боюнча, Баалуукагазмамком ишмердүүлүгү жөнүндө (ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгуу, эмитенттердин жана кесиптик катышуучулардын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарды сактоону контролдоо, баалуу кагаздар рыногунун эмитенттерин жана кесиптик катышуучуларын текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча ж.б.), фондулук рыноктогу учурдагы жагдай жөнүндө маалыматтарды жандуу чагылдыруу максатында массалык маалымдоо каражаттары менен кызматташуу туруктуу негизге коюлууга тийиш. Ошондой эле бул максаттарда Баалуукагазмамкомдун расмий Веб-сайтында Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоонун системасы активдүү өнүгүүгө тийиш.
Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, аны өркүндөтүү жаңы кадрларды даярдоо процессин уюштурууну жана анын катышуучуларынын негизги катмарынын билимдерин такай жогорулатып турууну (эмитенттер, дилерлер, брокерлер, аналитиктер) талап кылат. Билим берүү жумушу баалуу кагаздар рыногун кеңири жайылтуунун зарыл бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул жумуш, эң алды менен, рыноктун адистерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен байланыштуу.
Мындан тышкары, баалуу кагаздар рыногун жөндөөчү ченемдик базанын мазмунунун сыйымдуулугун эске алып, рыноктун иштөөсүнүн маселелери боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү талап кылынат. Бул багыттан алганда Баалуукагазмамком баалуу кагазадар рыногунун адистерин даярдоо боюнча окутуучу борборлору менен бирдикте окуу программаларын өркүндөтүүсү зарыл. Бул окуу программалары фондулук рыноктун ишмердүүлүгүнүн бардык укуктук маселелерин камтыйт.
Фондулук рынокту жайылтуу рынокту андан ары прогрессивдүү өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп эсептелет. Ошону менен бирге, бул багытты жүзөгө ашыруу татаал маселелердин бири экендигин моюнга алуу зарыл, анткени ал кыйла каржылоону талап кылат. Бул максатта баалуу кагаздар рыногун жайылтуу боюнча бардык негизги иштердин багытын жүзөгө ашырууну караган программаны иштеп чыгуу зарыл. Программаны иштеп чыгууда аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоонун маселелерин кароо зарыл. Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен аны жүзөгө ашырууну бардык таламдаш тараптар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучулары, эл аралык уюмдар, чет элдик консультанттар менен бердикте жүзөгө ашыруу керек.
Баалуу кагаздар рыногуна институттук инвесторлордун каражаттарын тартуу үчүн шарттарды түзүү
Финансалык куралдарынын чөйрөсү тар болгон фондулук рыноктун проблемасынын экинчи жагы бар - ал рынокто инвестициялык ресурстардын жоктугу менен шартталган, б.а. эмитенттер баалуу кагаздарды чыгара турган жак жок.
Ушул Программанын алкагында фондулук рынокко азыр колдо болгон инвестициялык ресурстарды - камсыздандыруу резервдердин, коммерциялык банктардын каражаттарын жана пенсиялык активдерди тартуу, ошондой эле мындай ресурстардын жаны булактарын түзүү боюнча ырааттуу жумуштарды жүргүзүү зарыл.
Бул багытта коммерциялык банктар менен камсыздандыруу компанияларын фондулук рынокко катыштыруу маселесин иштеп чыгуу керек, бул рыноктун өтүмдүүлүгүн жогорулатууга жана рынокто инвестициялык капиталдын көбөйүшүнө көмөк берет. Ал үчүн республиканын компанияларынын баалуу кагаздарын камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу резервдерин инвестициялоого карата талаптарды коюунун максатка ылайыктуулук маселесин кароо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-июлундагы N 474 "Кыргыз Республикасында 2003-2010-жылдарда камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүнүн Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында 2003-2010-жылдарда камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүнүн Концепциясында каралган чараларды көрүү экономиканын бул секторунда инвестициялык күчтөрдү жакынкы 5 жылда 1 млрд. сом суммасында топтоо жагын карагандыгын белгилей кетүү керек.
Азыркы кезде Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоо жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жьшдын 19-февралындагы N 56 "Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоонун Концепциясын жактыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык милдеттүү пенсиялык системасына топтоо элементтерин киргизүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун пайда болуулары үчүн шарттарды түзүү жагы каралган. Ушул Жарлыкты аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы N 311 "Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген, ал үч жылдык келечекке эсептелген. Жакынкы үч жылдын ичинде азыркы пенсиялык системага топтоо элементтерин киргизүү үчүн мыйзамдык базаны камсыз кылуу, институттук кайрадан уюштурууну өткөрүү, пенсиялык топтоолорду жайгаштыруу маселесин иштеп чыгуу жумуштары алдыда турат. Бул Концепцияны ишке ашыруу капиталдар рыногун өнүктүрүүгө, жаңы мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун пайда болушуна көмөк берет жана ошого ылайык бул сектордо пенсиялык топтоолордун (активдердин) өсүшүнө таасир тийгизет.
Пенсиялык топтоолор (активдер) ошондой эле фондулук рынокко да тартылууга тийиш. Бул учурда негизги маселе пенсиялык активдерди инвестициялоодо пенсиялык активдердин курамына жана структурасына талаптарды аныктоо аркылуу тобокелдикти азайтуу болуп калууга тийиш.
Мындан тышкары, Баалуукагазмамком инвестициялык фонддордун иштөөлөрүнүн көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен пенсиялык активдерди башкаруу боюнча башкаруучу компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик базаны даярдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүсү зарыл. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен башкарууну уюштуруунун негизинде "күч үч бурчтугу" - мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, башкаруучу компания жана депозитарий аракеттенүүгө тийиш экендигин көрсөтүүчү мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун иштөөсүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын, ошондой эле республикадагы инвестициялык фонддордун иштөө тажрыйбасын көңүлгө алып, алар өз ара контролду жасоолорун билип, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолордун активдерин жайгаштыруу башкаруучу компания аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Дал ошол мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор системасындагы өзүн өзү контролдоо жөндөөчү органдарга кыйла көмөк көрсөтүү менен олуттуу ролду ойноого тийиш.
Мындан тышкары, институттук инвесторлордун - коммерциялык банктардын, инвестициялык фонддордун, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун активдердин башкарууга укук берүүчү бердиктүү лицензияны кийинирээк коюу мүмкүндүгүн кароо зарыл, мындай иш дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аткарылган. Башкаруучу компаниялар үчүн бирдиктүү лицензияны аныктоо бул чөйрөдө жөндөө ишин жөнөкөйлөтүүгө жана тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле башкаруучу компанияларга бир эле мезгилде институттук инвесторлордун активдеринин бир нече түрлөрүн башкарууда колдоо көрсөтөт, бул болсо башкаруучу активдерди ирилештирүүгө жана күчөтүүгө алып келет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын потенциалын өнүктүрүү
2003-жылы Азия өнүктүрүү банкынын эксперттери тарабынан корпоративдик башкарууну жана соттук реформаны күчөтүү боюнча долбоор аркылуу капиталдар рыногуна коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган Баалуукагазмамкомдун потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттин планы даярдалган, ал Кыргызстанда бизнестин өсүшүн колдоо үчүн зарыл. Ушул планга ылайык, 2003-жылы корпоративдик облигациялар рыногунда же баалуу кагаздар рыногунда инвесторлордун укуктарына жана таламдарына тийиштүү, кесиптик ишмердүүлүкө байланыштуу пайда болгон проблемаларды эске алуу менен Баалуукагазмамкомдун ыйгарым укуктарын кенейтүү маселесин иштеп чыгуу зарыл.
Кыргыз фондулук рыногун Борбордук Азия мамлекеттеринин рыногуна интеграциялоо
Азыркы кезде республиканын фондулук рыногу өзүнүн көлөмү чакан жана финансылык куралдарынын саны чектелгендигине карабастан инфраструктурасы жетиштүү деңгээлде өнүккөн. Ушуну эске алуу менен, Борбордук Азиянын финансылык рыногунда атамекендик рыноктун ролун күчөтүү жагын кароочу баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү активдештирүүнүн стратегиялык максатына жетишүү максатында Кыргызстандын фондулук рыногун Борбордук Азия мамлекеттеринин (Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан) рынокторуна интеграциялоого багытталган чараларды көрүү зарыл.
Мындан да тыгызыраак кызматташууга багытталган механизмдердин, куралдардын, конкреттүү чаралардын жогуна байланыштуу азыркы кезде Борбордук Азиянын фондулук рынокторунун ортосунда конкреттүү мамиле-катнаштар жок.
Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногун интеграциялоо ушул мамлекеттердин фондулук рынокторун прогрессивдүү өнүктүрүүнү жандандыруунун зарыл шарттарынын бири болуп эсептелет.
Интеграциялык процесстер төмөндөгүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш:
- Борбордук Азия мамлекеттеринин мыйзамдарынын шайкеш жана бирдей болуусун ишке ашыруу;
- Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногунун жалпы инфрастуктурасын түзүү;
- эмитенттердин, кесиптик катышуучулардын жана рыноктун башка катышуучуларынын Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринин фондулук рынокторуна чыгышындагы тоскоолдорду алып таштоо.
Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунун Борбордук Азия өлкөлөрүнүн фондулук рынокторунда жетекчи ролун ээлөөгө болгон умтулуусун көңүлгө алып, атамекендик фондулук рыноктун азыркы кездеги дараметин эске алып, баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын, институттук инвесторлордун жана фондулук биржалардын иш-аракеттери маселелери боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу жөндөөчүлөрүнүн жалпы практикалык чараларын иштеп чыгуунун өзгөчө актуалдуулугун моюнга алып, эмитенттер менен инвесторлордун таламдарын коргоо, Борбордук Азия мамлекеттеринин потенциалын пайдалануу менен атамекендик рыноктун көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук Азия мамлекеттеринин фондулук рынокторун интеграциялоо бир эле мезгилде төмөндөгүдөй маселелер боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1. Кыргыз Республикасы менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын лицензияларын жана алардын адистеринин квалификациялык күбөлүктөрүн алардын таануулары жөнүндө макулдашуу түзүү.
2. Борбордук Азия мамлекеттери кабыл алышкан сунуштар түрүндөгү эл аралык макулдашуулардын негизинде улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү.
3. Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын иш-аракеттерин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин, эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Алар төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүү системасын;
- баалуу кагаздардын уюштурулган рыногунда иш-аракеттердин бирдиктүү принциптерин калыптандырууну (маалыматтын листинг жана ачуу системасын түзүү, сооданы уюштуруу жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү контролдоо);
- баалуу кагаздарга менчик укуктарынын ишенимдүү эсепке алууну так сактоону.
4. Фондулук рыноктун субъектери тарабынан маалыматтарды ачуунун системасын түзүүгө бирдиктүү мамиле иштеп чыгуу.
5. Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рынокторун жөнгө салуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу тартибинин кыйла жеткиликтүү формаларын жана ыкмаларын аныктоо.
Жогоруда саналган багыттарды ишке ашыруу үчүн Баалуукагазмамком төмөнкүдөй иштерди аткаруусу талапка ылайыктуу:
- Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдар менен бирге улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүсү;
- Борбордук Азия мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдарына алар менен натыйжалуу өз ара аракеттүүнү жана өз ара кызматташууну камсыз кылуу максатында кеңешмелер менен консультацияларды дайыма өткөрүп туруу боюнча сунуштарды берүүсү.
Интефацияны жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн мамлекеттердин баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын иш-аракеттерине көзөмөлдүк маселеси боюнча кызматташтык маселелерин иштеп чыгуу кыйла маанилүү.
5. Программаны каржылоо
Программаны ишке ашыруу кыйла финансалык камсыз кылууну талап кылат. Программанын иш-чараларын каржылоо республикалык бюджеттин, эл аралык уюмдардын гранттарынын жана башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылышы керек.
2003-жылы республикалык бюджетке баалуу кагаздардын чыгаралыштарын каттоодон 0,5 процент өлчөмүндө комиссиялык жыйымдар түшүп, ал 5,2 млн. сом сумманы түздү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы N 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздардын рыногу боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө" токтомуна ылайык бул комиссиялык жыйымдар толук көлөмдө Баалуукагазмамкомду кармоого жана баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө багыттылышы керек. 2003-жылы түшкөн комиссиялык жыйымдардын каражаттарынын эсебинен көрсөтүлгөн чыгымдарга 4,8 млн. сом каржыланды. Баалуукагазмамкомду кармоого кеткен чыгым менен комиссиялык жыйымдардан бюджетке түшкөн каражаттардын ортосундагы айырманы Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоого пайланууга болот.
Программада каралган чараларды аткаруу максатындагы иш-аракеттерде Мамкомбаакагаздын иштеринин маанилүү багыты USAID, ТАСИС, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдардын гранттарын тартуу боюнча иштер болууга тийиш.
6. Иш-аракеттердин Матрицасы
Бул Программаны ишке ашыруу ушул Программага тиркелген ишаракеттердин Матрицасына ылайык орточо мөөнөттө - үч жылда жүзөгө ашырылууга тийиш. Иш-аракеттердин матрицасында Программада коюлган маселелерди жүзөгө ашыруудагы практикалык кадамдар, анын мөөнөттөрү жана формалары каралган.
Матрицада каралган иш-чараларды аткаруу үчүн бардык таламдаш тараптарды - министрликтер менен ведомстволорду, рыноктун катышуучуларын, эл аралык уюмдарды ж.б. тартуу зарыл.
Тиркеме
Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарга баалуу кагаздар рыногун
өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу боюнча
иш-аракеттердин матрицасы
-----------------------------------------------------------------------
| N | Программаны |Аткаруу|Аткаруучулар | Ишке ашыруу |
| | ишке ашыруу боюнча |мөөнөт-| | формасы |
| | иш-аракеттер | төрү | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|1. |Баалуу кагаздар |2004- |Баалуукагазмамком|Баалуукагазмамком |
| |рыногунун маалымат- |жылдын | |бекиткен, баалуу |
| |тарын ачуунун |III кв.| |кагаздар рыногунун|
| |стандарттарын жана | | |транспаренттүүлү- |
| |маалыматтын ачык- | | |гүн камсыз кылуу |
| |айкындыгын жогорула-| | |боюнча программа |
| |тууга багытталган | | | |
| |чаралардын програм- | | | |
| |масын иштеп чыгуу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|2. |Баалуу кагаздардын |2004- |Финансылык |Финансылык |
| |ачык эмитенттери |жылдын |отчеттулук |отчеттулуктун эл |
| |үчүн финансалык |IV кв. |стандарттары жана|аралык |
| |отчеттуулуктун эл | |аудит боюнча |стандарттарына |
| |аралык стандарттары-| |мамкомиссия, |ылайык квартал |
| |на ылайык квартал | |Баалуукагазмамком|сайынкы финансалык|
| |сайынкы финансалык | | |отчеттуулук |
| |отчеттуулукту иштеп | | | |
| |чыгуу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|3. |Мааламыттарды |2006- |Балуукагазмамком,|Маалыматтарды |
| |ачуунун |жыл |Эконөнүктүрминдин|ачуунун |
| |автоматташтырылган | |алдындагы |автоматташтырылган|
| |борборун түзүү | |Корпоративдик |борбору |
| | | |башкаруу боюнча | |
| | | |борбор | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|4. |Ачык жана ачык эмес |2004- |Баалуукагазмамком|Ченемдик укуктук |
| |эмитенттерге чек |жылдын | |актылар, ачык |
| |коюу боюнча ченемдик|IV кв. | |эмитенттерге жана |
| |укуктук актыларды | | |ачык эмес |
| |иштеп чыгуу, колдо- | | |эмитенттерге чек |
| |нулуудагы ченемдик | | |коюу боюнча |
| |актыларга толуктоо- | | |колдонулуудагы |
| |лорду жана өзгөр- | | |ченемдик укуктук |
| |түүлөрдү киргизүү | | |актыларга |
| | | | |түзөтүүлөрдү |
| | | | |киргизүү. |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|5. |Ачык эмитенттердин |2004- |Финансылык отчет-|Кыргыз Республика-|
| |аудитине талаптарды |жылдын |туулук стандарт- |сынын аудитордук |
| |коюу |IV кв. |тары жана аудит |иштер жөнүндө |
| | | |боюнча |мыйзамына |
| | | |мамкомиссия, |өзгөртүүлөрдү жана|
| | | |Балуукагазмамком,|толуктоолорду |
| | | |Улуттук банк |киргизүү |
| | | |(макулдашуу | |
| | | |боюнча) | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|6. |Регистраторлордун |2004- |Баалуукагазмамком|Балуу кагаздар |
| |өздүк каражаттарынын|2006- | |рыногунун кесиптик|
| |каражаттарынын |жылдар | |катышуучуларынын |
| |минимум өлчөмдөрүнө |этап | |өздүк каражаттары-|
| |талаптарды кайрадан |менен | |нын өлчөмү боюнча |
| |кароо | | |ченемди белгилөө- |
| | | | |чү, ченемдик укук-|
| | | | |тук актыларга |
| | | | |өзгөртүүлөрдү |
| | | | |киргизүү |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|7. |Баалуу кагаздарга |2004- |Баалуукагазмамком|Регистраторлордун |
| |укуктар жөнүндө |жылдын | |иш-аракеттерин |
| |маалымаарды |IV кв. | |жөнгө салуучу |
| |милдеттүү кайталоо | | |ченемдик укуктук |
| |боюнча регистратор- | | |актыларга |
| |лорго талаптарды | | |өзгөртүүлөрдү жана|
| |коюу маселесин | | |толуктоолорду |
| |иштеп чыгуу | | |киргизүү |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|8. |Баалуу кагаздардын |2006- |Балуукагазмамком,|Регистраторолордун|
| |ээлеринин реестрин |жылдын |Финмин |иш-аракеттерин |
| |жүргүзүү боюнча |IV кв. | |жөнгө салуучу |
| |кесиптик иш-аракет- | | |ченемдик укуктук |
| |терди жүзөгө ашыруу-| | |актыларга |
| |дагы тобокелдикти | | |өзгөртүүлөрдү жана|
| |милдеттүү камсыздан-| | |толуктоолорду |
| |дырууну киргизүү | | |киргизүү |
| |маселесин иштеп | | | |
| |чыгуу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|9. |Бардык баалуу кагаз-|2004- |Балуукагазмамком,|Баалуу кагаздарды |
| |дардын жүгүртүлүшүн |2005- |Финмин, |жүгүртүүнү жөндөө-|
| |жөндөөчү ченемдик |жылдар |Улуттук банк |чү ченемдик укук- |
| |укуктук актыларды | |(макулдашуу |тук актыларга |
| |өркүндөтүү | |боюнча) |өзгөртүүлөрдү жана|
| | | | |толуктоолорду |
| | | | |киргизүү |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|10.|Мамлекеттик баалуу |2004- |Финмин, |Пилоттук долбоордо|
| |кагаздарды баалуу |жылдын |Баалуукагазмамком|каралган практика-|
| |кагаздар рыногунда |IV кв. | |лык аракеттерди |
| |сооданы уюштаруучу- | | |жүргүзүү |
| |лар аркылуу жүгүр- | | | |
| |түүнүн пилоттук | | | |
| |долбоорун ишке | | | |
| |ашыруу боюнча | | | |
| |иштерди аткаруу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|11.|Корпоративдик |2004- |Баалуукагазмамком|Баалуукагазмамком |
| |облигацяларды |жылдын | |бекиткен корпора- |
| |өнүктүрүүнүн |IV кв. | |тивдик облигация- |
| |программасын иштеп | | |ларды өнүктүрүү- |
| |чыгуу | | |нүн программасы |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|12.|Карыздык баалуу |2004- |Финмин, |"Кыргыз |
| |кагаздар боюнча |жылдын |Баалуукагазмамком|Республикасынын |
| |кирешелерге салык |IV кв. | |Салык кодексине |
| |салууну өркүндөтүү | | |өзгөртүүлөрдү |
| |бөлүгүндө Кыргыз | | |жана толуктоо- |
| |Республикасынын | | |лорду киргизүү |
| |Салык кодексине | | |жөнүндө" Кыргыз |
| |өзгөртүүлөрдү | | |Республикасынын |
| |киргизүү | | |Мыйзам долбоору |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|13.|Ипотекалык баалуу |2005- |Балуукагазмамком,|"Эмиссиялык |
| |кагаздарды киргизүү |жылдын |Улуттук банк |ипотекалык |
| |маселесин иштеп |IV кв. |(макулдашуу |баалуу кагаздар |
| |чыгуу. "Эмиссиялык | |боюнча), |жөнүндө" Кыргыз |
| |ипотекалык баалуу | |Мамкаттоо |Республикасынын |
| |кагаздар жөнүндө" | | |Мыйзам долбоору |
| |Кыргыз Республикасы-| | | |
| |нын Мыйзам долбоорун| | | |
| |иштеп чыгуу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|14.|Муниципалдык баалуу |2005- |Бишкек ш. |Муниципалдык |
| |кагаздарды чыгаруу |2006- |мэриясы, |баалуу кагаздарды |
| |жөнүндө маселени |жылдар |Финмин, |чыгаруу мүмкүндү- |
| |иштеп чыгуу | |Баалуукагазмамком|гүн изилдөө |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|15.|Баалуу кагаздар |2004- |Балуукагазмамком,|Баалуукагазмамком |
| |рыногун жайылтуу |жылдын |баалуу кагаздар |бекиткен баалуу |
| |боюнча программаны |III кв.|рыногунун кесип- |кагаздар рыногун |
| |иштеп чыгуу | |тик катышууучу- |жайылтуу |
| | | |ларынын ассоциа- |программасы |
| | | |циясы, баалуу | |
| | | |кагаздар рыногу- | |
| | | |нун адистерин | |
| | | |даярдоочу окуу | |
| | | |борбору | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|16.|Камсыздандыруу |2004- |Финмин, |Камсыздандыруучу |
| |резервдерин жана |жылдын |Балуукагазмамком,|компаниялардын |
| |пенсиялык активдерди|IV кв. |Эмгек жана |жана мамлекеттик |
| |баалуу кагаздар | |соцкоргоо |эмес пенсиялык |
| |рыногуна тартуу | |министрлиги |фонддордун алар- |
| |маселесин иштеп | | |дын каражаттарын |
| |чыгуу | | |инвестициялоо |
| | | | |боюнча иш-аракет- |
| | | | |терин жөнгө |
| | | | |салуучу ченемдик |
| | | | |укуктук актыларга |
| | | | |өзгөртүүлөрдү |
| | | | |жана толуктоолор- |
| | | | |ду киргизүү |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|17.|Пенсиялык активдерди|2005- |Балуукагазмамком,|Пенсиялык актив- |
| |башкаруу боюнча |жыл |Финмин, Эмгек |дерди башкаруу |
| |башкаруучу компания-| |жана соцкоргоо |боюнча компания- |
| |лардын иштөөсүүнүн | |Министрлиги, |лардын иштөөсүн |
| |ченемдик укуктук | |Соцфонд |жөнгө салуучу |
| |базасын иштеп чыгуу | |(макулдашуу |ченемдик укуктук |
| | | |боюнча) |актылар |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|18.|Институттук |2006- |Балуукагазмамком,|Кыргыз Республика-|
| |инвесторлордун |жылдын |Финмин, Улуттук |сынын лицензиялоо |
| |активдердин |II кв. |банк (макулдашуу |жөнүндө мыйзамына |
| |башкарууга укук | |боюнча), Юстмин |өзгөртүүлөрдү жана|
| |берген бирдиктүү | | |толуктоолорду |
| |лицензияны белгилөө | | |киргизүү |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|19.|Баалуукагазмамкомдун|2004- |Балуукагазмамком,|Баалуукагазмамком |
| |баалуу кагаздар |жылдын |Эконөнүктүрмин |ыйгарым укуктарын |
| |рыногунда текшерүү- |IV кв. | |кеңейтүү маселесин|
| |лөр менен ревизия- | | |иштеп чыгуунун |
| |ларды жүргүзүү | | |жыйынтыгы боюнча |
| |бөлүгүндө ыйгарым | | |отчет |
| |укуктарын кеңейтүү | | | |
| |маселесин иштеп | | | |
| |чыгуу | | | |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|20.|Кыргыз Республикасы |2006- |Финмин, |Кыргыз Республика-|
| |менен Борбордук |жылдын |Баалуукагазмамком|сы менен Борбордук|
| | |III кв.| |Азия өлкөлөрүнүн |
| |Азия өлкөлөрүнүн | | |ортосунда баалуу |
| |ортосунда баалуу | | |кагаздар менен |
| |кагаздар менен | | |операцияларды |
| |операцияларды | | |жасоодо кош салык |
| |жасоодо кош салык | | |салууну болтурбоо |
| |салууну болтурбоо | | |маселеси боюнча эл|
| |маселесин иштеп | | |аралык макулдашуу-|
| |чыгуу | | |ну түзүү мүмкүнчү-|
| | | | |лүгүн изилдөө |
|---|--------------------|-------|-----------------|------------------|
|21.|Кыргыз |2006- |Баалуукагазмамком|Кыргыз |
| |Республикасынын |жылдын | |Республикасынын |
| |баалуу кагаздар |IV кв. | |баалуу кагаздар |
| |рыногунун | | |рыногунун кесиптик|
| |кесиптик | | |катышуучуларынын |
| |катышуучуларынын | | |лицензияларын |
| |лицензияларын | | |Борбордук Азия |
| |Борбордук Азия | | |өлкөлөрү тарабынан|
| |өлкөлөрү | | |таануу маселеси |
| |тарабынан таануу | | |боюнча эл аралык |
| |маселесин иштеп | | |макулдашууну түзүү|
| |чыгуу | | |мүмкүндүгүн |
| | | | |изилдөө |
-----------------------------------------------------------------------