Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 39, 2006-жылдын 11-мартындагы № 153, 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2011-жылдын 20-июнундагы № 332, 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 666, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана паспорт берүү, аны пайдалануу тартибин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү жана каттоо системасы улуттук коопсуздукту чыңдоого, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүгө, укук бузган адамдарды издеп табууга жардам берет.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) (мындан ары - паспорт) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана ким экендигин күбөлөндүргөн негизги документ болуп саналат. Паспорт Кыргыз Республикасынын ичинде колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат.
3. Паспорт 16 жашка толгондо белгиленген форма боюнча арыз берүүдө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына он жыл мөөнөткө, ал эми 55 жаштан баштап мөөнөтсүз берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Паспортто берилген текст ((1-эскертүүнү караңыздар) мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат. Киргизилген маалыматтар ((2-эскертүүнү караңыздар) мамлекеттик тилде басылат жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт;
- аты-жөнү;
- туулган күнү;
- туулган жери;
- жынысы;
- улуту (паспорт алуучунун каалоосу боюнча көрсөтүлөт);
- үй-бүлөлүк абалы;
- документтин номуру;
- жеке идентификациялык номуру (жеке номуру);
- берилген күнү жана жарактуу мөөнөтү бүткөн күнү;
- паспортту берген ыйгарым укуктуу орган жана анын коду;
- жашаган жери боюнча каттоо;
- ээсинин колу.
5. Паспортко анын ээсинин цифралык форматтагы түстүү сүрөтү киргизилет.
6. Паспортко машина аркылуу окулуучу код киргизилет.
Паспортко ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, белгилерди жана жазууларды киргизүүгө тыюу салынат.
7. Паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү, даярдалган паспортту берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) аймактык органдары жүргүзөт.
Паспортту даярдоону жана берилген паспорттор жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - Кызмат) жүргүзөт.
Кызмат паспорттук системанын эрежелеринин жарандар жана кызмат адамдары тарабынан сакталышын контролдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департаменттин аймактык органдары Департаментке ай сайын төмөнкүдөй маалыматтарды жиберишет:
- берилген паспорттор жөнүндө;
- талап кылынбаган паспорттор жөнүндө;
- жоголгон паспорттор жөнүндө;
- алынып коюлган паспорттор жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-мартындагы № 153, 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Паспортту берүү, алмаштыруу жана алып коюу тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Паспортторду каттоо жана сактоо тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Паспортторду жок кылуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
V. Паспортту толтуруу жана каттоо тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VI. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
34. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
VII. Мамлекеттер аралык келишимдерди колдонуу
35. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мамлекеттер аралык келишим менен ушул Жободо белгиленген эрежеден башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Эскертүү:
(1) Паспортто берилген текст - документте камтылган текст, анын негизинде документтин ээси жөнүндөгү биографиялык жана башка маалыматтар киргизилет.
(2) Киргизилген маалыматтар - документтер ээси жөнүндөгү биографиялык жана башка маалыматтар.