Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 25-январы № 39 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүү маселеси боюнча айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас-порту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынынжаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо-ну, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557
токтомуна төмөнкүдөй толуктоо-лор жана өзгөртүү киргизилсин: - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жара-нынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндөгү
жобонун 13-пунктунуналтынчы абзацы "паспорттун наркын" деген сөздөрдөн кийин "жана мамле-кеттик алымды" деген сөздөр менен толукталсын; - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жара-нынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспорту жөнүндөгү
жободо: 4-пунктунда "беш" деген сөз "он" деген сөз менен алмаштырылсын; 20-пункттун төртүнчү абзацы "паспорттун наркын" деген сөздөрдөнкийин "жана мамлекеттик алымды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Н.Танаев