Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 12-январы № 18
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 520, 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин "Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралары жөнүндө" 2004-жылдын 7-февралындагы N 39а Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 520 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 4. "Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-майындагы № 276 токтомунун 2 жана 3-пункттарында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода ми- нистрлиги" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. 5. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин 2002-жылдын 20-декабрында Москва шаарында кол коюлган "Шарт- тар, өндүрүштүк жана технологиялык операциялар кайсы өлкөдө аткарылса, товар ошол өлкөдө чыгарылды деп эсептелүүчү өндүрүштүк жана технология- лык операциялардын шарттарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо- лорду киргизүү жөнүндө" чечимин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-майындагы № 284 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 3 жана 4-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республика- сынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Рес- публикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сездөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. - 6-пунктта "Соода, өнөр жай, курулуш комплекси жана коммуникация- лар бөлүмү" деген сөздөр "экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр Н.Танаев |