ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-январы № 18

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

                    өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 520, 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин "Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын структураларын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралары жөнүндө" 2004-жылдын 7-февралындагы N 39а Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

     1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын

24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 520 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     4. "Кыргыз Республикасы менен Түркия  Республикасынын  ортосундагы

соода-экономикалык  кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2003-жылдын  13-майындагы  №

276  токтомунун  2 жана 3-пункттарында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз

Республикасынын Тышкы соода жана өнөр  жай  министрлиги"  деген  сөздөр

"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода ми-

нистрлиги" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.

     5. "Көз   карандысыз   Мамлекеттер   Шериктештигинин  Экономикалык

кењешинин 2002-жылдын 20-декабрында Москва шаарында кол коюлган  "Шарт-

тар,  өндүрүштүк жана технологиялык операциялар кайсы өлкөдө аткарылса,

товар ошол өлкөдө чыгарылды деп эсептелүүчү өндүрүштүк жана технология-

лык  операциялардын  шарттарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүү жөнүндө" чечимин бекитүү тууралуу" Кыргыз  Республикасы-

нын  Өкмөтүнүн  2003-жылдын  19-майындагы  №  284  токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - 3 жана 4-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республика-

сынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз  Рес-

публикасынын  Экономикалык өнүктүрүү,  өнөр жай жана соода министрлиги"

деген сездөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.

     - 6-пунктта "Соода, өнөр жай, курулуш комплекси жана коммуникация-

лар бөлүмү" деген сөздөр "экономика,  өнөр жай жана соода башкармалыгы"

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

     Премьер-министр                                 Н.Танаев