Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №96
"Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
"Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактары боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.