Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 20-январы № 25 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Ош шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарын жайгаштыруу үчүн жай-лардын жана имараттардын абдан жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы №608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык маанидеги шаарларынынмэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунатөмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - "Мекемелердин, ишканалардын имараттары" деген VII бөлүмүтөмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:"-----------------------------------------------------------------------| |Ош областтык аскер комиссариатынын чакыруу| 1 | 63,220 || |пунктунун имараты (Ташкент көчөсү, 1 ) | | |----------------------------------------------------------------------- ". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муни-ципалдык кызмат башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев