Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 20-январы № 27 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын токой зонасында жайгашкан айылдарды өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки иш-чаралар пакетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "2010-жылга чейин элеттикомплекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясыжөнүндө" 2004-жылдын 23-июнундагы
Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын токой зонасында жайгашкан айылдардыөнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки тиркелген
иш-чаралар пакети бекитилсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-январындагы № 27 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токой зонасында жайгашкан айылдарды өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки
иш-чаралар пакети Киришүү Кыргыз Республикасынын токойлору - кыргыз элинин улуттук байлыгы,ал мамлекеттик менчик болуп саналат жана экономиканы өнүктүрүүдө, айла-на-чөйрө шарттарын жакшыртууда, элдин жашоо-турмушун жогорулатууда агазор роль таандык. Алар жыгач-тактайга жана башка токой продукциясынареспубликанын керектөөлөрүн айрым канааттандыруунун булагы болуп эсеп-телет. Токой климатка, атмосферага, дайралардын жана башка суу объект-теринин гидрологиялык режимине таасир этип, кыртышты шамалдан, суу эро-зиясынан жана башкалардан сактап турат. Жыл сайын токой чарба ишканалары 3000 мињден ашуун гектар аянткатокой өсүмдүктөрүн отургузуп, токой өсүмдүктөрүн түзүү, калктуу конуш-тарды жашылдандыруу жана калкты мөмө-жемиш жана декоративдүү түрдөгүкөчөттөр менен камсыз кылуу үчүн токой, мөмө-жемиш жана декоративдүүбак-дарак жана бадал түрүндөгү 25 миллиондон ашуун стандарттуу көчөтматериалдары өстүрүлөт. Токойду багып өстүрүүнүн жүрүшүндө кыюу жүргүзүү процессинде 35-40мињ куб.метр жыгач тактай тандалып алынып, ал республиканын тактай иш-терине жана отунга болгон керектөөлөрүн айрым канааттандырат. Кыргыз Республикасынын Токой
кодексинин 45-статьясында жеке питом-никтерди, бакчаларды түзүү, рекреациялык багыт үчүн участокторду ыњгай-лаштыруу максатында токой фондунун жерлерин ижарага берүү бекемделген. Рынок экономикасына өткөөл мезгилде, демократиялык кайра түзүүлөрмезгилинде токой чарбасын өзгөртүп кайра түзүүгө жана Мамлекеттик токойфондунун аймагында жашаган айыл калкын токой чарбасын жүргүзүүгө тарту-уга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен токой чарбасынбиргелешип башкарууга багытталган бир катар нормативдик укуктук актылариштелип чыккан. "Кыргыз Республикасында токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүнү кир-гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлунда-гы № 377
токтомуна ылайык айыл калкы токой чарбасын жамаатташыпжүргүзүүгө (ТЧЖЖ) тартылат. Жамааттарга токой фондунун участокторубөлүнүп берилип, алар жердин бөлүнгөн категорияларына ылайык төмөнкүдөйпайдаланылат: козу-карындарды, мөмө-жемиштерди, жањгактарды жыйнашат,чөп даярдашат, дары чөптөрүн чогултушат, бал аарыларын өстүрүшөт, малбагышат. Токой фондун пайдалангандыгы үчүн жамаат мүчөлөрү алынган ки-решеге ылайык токойду калыбына келтирүү, үрөн жыйноо, токойөсүмдүктөрүн багуу жана башка иштер боюнча түзүлгөн келишимге ылайыкжумуштарды аткарышат. ТЧЖЖ калк үчүн пайдалуу, анткени айылдыктар жумуш менен камсызда-лып, жашоо-турмуш дењгээлин жогорулатышат. Токой чарбасы токойөсүмдүктөрү жана токой чарба иштерин аткарууда практикалык жардам алы-шат. Токой саясатына баа берүү жүргүзүлүп жана токой тармагынөнүктүрүүнүн жањы Концепциясы кабыл алынган. Концепциянын негизги мак-саттарынын бири калкты жана жергиликтүү жамааттарды токойду биргелешипбашкарууга тартуу болуп саналат. Токой чарбасынын иштери токойду пайда-лануучулардын керектөөлөрүн эске албастан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. То-кой сектору бүткүл коомдун структурасында, жањы саясаттын жана жањыэкономикалык шарттардын чектеринде каралышы керек. Токой ресурстарынсактоо жана токой секторун өнүктүрүү бүткүл коомдун жана токой пайдала-нуучулардын аны башкаруу үчүн толук жоопкерчилигине негизденүүгө тийиш.Азыркы убакта көптөгөн жактар экономикалык, анын ичинде токой чарбалыкиш-аракеттин жањы формаларын өнүктүрүүгө кызыкдар. Коомчулук токойлордусактоонун жана калыбына келтирүүнүн зарылдыгын жакшы түшүнө тургандыгыКыргызстан үчүн зор мааниге ээ, ошондуктан жаратылышты сактоо ар бирадамдын катышуусун талап кыла тургандыгын бүткүл калк түшүнүшү үчүн то-койго карата керектөө мамилесин жењүүгө умтулуу керек. Мамлекеттик токой фондунун аймагында 150 мињге жакын адам жашайт.СССР ыдырагандан кийин токойлордо жайгашкан алыскы айылдардын калкынынтурмушу кыйла начарлап кеткен: электр энергиясы көпчүлүк учурда өчүпкалып, жолдор оњдолбой, байланыш жок болуп, автобустар дайыма каттабай,жумушсуздар пайда болуп, жана башка ушул сыяктуулар орун алган. Комму-налдык-тиричилик жактан камсыздоо шарттарынын жоктугу адамдардын ооругачалдыгышына, эрте картайышына алып келет. Ошентип, бул айылдарда жашаган адамдар жакырчылык чегинде калыш-кан. Ушуга байланыштуу токой фондусунда жайгашкан айылдарды 2010-жылгачейин өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу талап кылынды. 1. Айылды өнүктүрүүнүн максаттары жана негизги багыттары Максаты: жыгач жана жыгач эмес продукцияга калктын керектөөсүнкамсыз кылуучу жана токойду сарамжалдуу, түгөтпөй пайдалануунун неги-зинде курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн маанилүү жаратылышты түзүүчүкомпоненти катарында токойлорду сактоо жана көбөйтүп өстүрүү. Милдети: Мамлекеттик токой фондунун аймагындагы токой поселокто-рунда иш-чараларды жүргүзүү аркылуу айылдык калктын жашоо дењгээлин жо-горулатууну камсыз кылуу. Айылды өнүктүрүүнүн белгиленген багыттарын ишке ашыруу үчүн даяр-дык иштери төмөнкүлөрдөн турат. Биринчи этапта негизги көњүл токойду түзүү боюнча иштердин көлөмүнкөбөйтүүгө жана токойлордун абалынын мониторингин жүргүзүүгө бурулат,мында токойду пайдалануу чөйрөсүндө нормативдик укуктук базаларды даяр-доо менен бирге токой тармагынын ресурстук базасын туруктуу өнүктүрүүгөкарай өтүүгө шарттар түзүлөт. Иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында кийинки этапта КыргызРеспубликасынын айылдарынын айланасындагы токойлордун ресурстук потен-циалы токойдун жыгач жана жыгач змес продукциясын экспорттоомүмкүнчүлүгүн кошо алганда калктын керектөөлөрүн камсыз кылат. Чектелүү финансылык ресурстардын шарттарында негизги милдеттердиишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар бөлүп каралган: - айылдардын айланасындагы токойлордун ресурстук потенциалын анык-тоо, токой жайгаштыруу иштеринин уюштуруу, техникалык жана технология-лык базасын өркүндөтүү, келечекте компьютерлештирүүнүн, геомаалыматтыктехнологиялардын (ГИС-технологиялар) жана башкалардын негизинде турук-туу токой жайгаштырууга өтүү; - токойлордун ресурстук потенциалын көбөйтүү, токойду калыбынакелтирүү иш ыкмаларын оптималдаштыруу аркылуу алардын продуктуулугунжана сапатын жогорулатуу, токой генетикасынын жана токойүрөнчүлүгүндөгү селекциянын жетишкендиктерин колдонуу, токой өстүрүүнүназыркы учурдагы технологияларын пайдалануу; - токойлордун экологиялык абалын жакшыртуу жана токойлордо токойчарбасын жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү аркылуу алардын биологиялыктүрлөрүн сактоо, токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүүдөбиологиялык чаралардын ролун жогорулатуу, токой биогеоценоздорун, жаны-барлар дүйнөсүн жана алардын жашоо чөйрөсүнүн түрлөрүн сактоо; - нормативдик укуктук базаларды жана маалыматтык системалардыөркүндөтүү, токой чарбасын башкаруу жана жүргүзүү, токойду пайдалануу,токойду калыбына келтирүү, токойду коргоо жана сактоо жагынан экономи-калык жана экологиялык негиздемелерди иштеп чыгуу, интенсивдүү антропо-гендик таасирлердин кесепетинен бузулган токой жерлерин комплекстүү ре-абилитациялоо долбоорлорун иштеп чыгуу. 2. Пакеттердин иш-чаралары Менчигинин формасына карабастан бардык токойлорду улуттук инвента-ризация жүргүзүү (N 1 тиркеме); - токой фондунун жерлерин (жайыттар, чабындылар, айдоолор) токойфондунда же ага жакын жашаган тургундарга ижарага берүү; - жањгак, алма жана башка түрдөгү мөмө-жемиш породаларынынөсүмдүктөрүн мөмө-жемиш чогултуу үчүн калкка ижарага берүү; - токойду өз алдынча кыюулардан, токойлордо өрт чыгуулардан жанабраконьерчиликтен жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо боюнчакалкты тартуу аркылуу ыктыярдуу элдик кошуундарды уюштуруу; - токой өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жанасактоо; - туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу үчүн айылдарда кызматкөрсөтүүлөрдү уюштурууга токойдун рекреациялык касиеттерин пайдалануу; - токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана токой чарбасын са-рамжалдуу жүргүзүү үчүн жамааттарды түзүү жана өнүктүрүү тажрыйбасынжайылтуу. 3. Республиканын токой тармагындагы учурдагы кырдаал Кыргыз Республикасы дүйнөнүн негизги экологиялык региондорунун би-ри болуп саналып, жаратылыш зонасын камтыйт, ал өсүмдүктөр менен жаны-барлардын концентрациясынын жогорку дењгээли, ошондой эле табигый ланд-шафттардын жана экосистемалардын сакталышы менен айырмаланат. Соњку убактарда канаттуулардын көпчүлүк түрлөрүнүн саны 9,5 про-центке азайып, сүт эмүүчүлөрдүн 18,1 проценти жоголуп кетүү коркунучуначалдыккандыгы байкалат. Сейрек жана маанилүү экосистемалардын бир тобуиш жүзүндө жоголуу чегинде турат. Кыргыз Республикасы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн маданий түрлөрү чык-кан борборлордун бири болуп саналат. Мында ушундай өсүмдүктөрдүн жапайытектеринин бир катар өкүлдөрү бар (мисалы, жањгак, алма, мисте, бадам,алча, алмурут). Биологиялык түрлөрдүн жоголушу адамдардын жашоо турмушунатүздөн-түз жана кыйыр түрдө да таасир тийгизет - бул суунун сапатынажана жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүккө, ошондой эле биологиялыктүрлөр менен маданий салттардын жана муундардын байланышына таандык. 4. Токой продуктуларын пайдалануу Токойлордо көптөгөн бал берүүчү өсүмдүктөр - дарак, бадал жана чөпөсүмдүктөрү өсөт. Чөптүү бал берүүчү өсүмдүктөрдөн көк чай чөп, кийикот, кипрей, дан куурай; дарактардан жана бадалдардан - алма, бөрү кара-гат, акация, алча, долоно, кара жыгач жана башкалар өсөт. Балчылык то-кой чарбасынын көптөгөн ишканаларында жана өзгөчө Жалалабат облусунунтокой чарбасында өздөштүрүлгөн. Мамлекеттик токой фондунда 1998-жылдын 1-январына карата республи-ка боюнча жањгак-мөмөлүү токой өсүмдүктөрүнөн төмөнкүлөр бар: жањгак -35 мињ га, мисте - 33,0 мињ га, алма - 16,7 мињ га, четин - 0,8 мињ га,долоно - 2,5 мињ га, чычырканак - 3,6 мињ га, кызыл өрүк - 1,0 мињ га,бадам - 1,6 мињ га, алча - 0,4 мињ га. Андан сырткары токой фондунунэсебине кирбеген дан куурай жана бүлдүркөн өсүмдүктөрү бар. Бардыгы бо-луп токойлордо 58,8 мињ га мөмө породолары бар. Андан сырткары токой-лордо козу карындар өсөт. Алардын түшүмү кыйла дењгээлде жаан-чачындар-дын өлчөмүнө жараша болот. Түшүмдүү жылдары токойлордон, өзгөчө жањгак-мөмөлүү токойлордон3000 тоннага чейин жањгак, 5000 тоннага чейин алма, алча, долоно, 30тоннага чейин мисте жана бадам жыйналат. Мөмө-жемиштердки көпчүлүгү ар кандай тамак-ашык азыктарын жана ши-релерди даярдоо үчүн кайра иштетүүгө жиберилет, алардан бөрү карагатжана чычырканак ашы айрыкча бааланат. Алма ширеси вино жасооөндүрүшүндө колдонулат, Жалалабат облусунун токой зонасында жемиштердикайра иштетүү 3 цехте жүргүзүлөт. Кайра иштетүүчү кубаттуулуктардын бо-лушуна карабастан алар объективдүү жана субъективдүү себептерден уламиштебей токтоп турат. Жыл сайын республиканын калкы тарабынан токой зонасында 160 тонна-га жакын дарылык сырье даярдалып, алар дары препараттарын даярдоо үчүнмедициналык өнөр жайга берилет. Республикада жыгач иштетүү боюнча көптөгөн менчик цехтер иштеп,алар негизинен эл керектөөчү товарларды (эшик, терезе, мебель жана баш-ка) чыгарат, ошондой эле жањгак жыгачынан анча көп эмес көлөмдөрдө кым-бат продукцияларды (паркет, эшик, мебель ж.б.) чыгаруучу цехтер бар.Жањгак жыгачы санитардык кыюуларды, республиканын токойлорунун санитар-дык абалын жакшыртуу үчүн кыюуларды жүргүзүүнүн натыйжасында алынат. 5. Бул багытта орун алган проблемалар Республикада экологиялык абал калктын, атап айтканда айылдардагыаз камсыз болгон жашоочулардын жаратылыш ресурстарын талап-тоноочулукменен пайдалануусунан (токойлорду кыюу, браконьерчилик, айдоо жерлеринэкстенсивдүү колдонуу, мелиоративдик жана башка иш-чараларды жүргүзбөө)келип чыккан экономикалык проблемалардан улам да терењдеп, экологиялыкабалдын андан аркы начарлашына алып келүүдө. 6. Реформалардын максаты (бул иш-чаралардын максаты) Айыл жерлеринде жашоочу калктын жашоо-турмушун жакшыртуу; - калкты жумушчу орундар менен камсыз кылуу; - токой фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу; - калкты токой фондунун мөмө-жемиш өсүмдүктөрү менен камсыздоонужогорулатуу; - токой ресурстарын коргоого жергиликтүү калктын кызыгуусун жого-рулатуу. Жүргүзүлүүчү иш-чаралардын башкы максаты - жаратылыш ресурстарынсарамжалдуу пайдалануу, калктын жана жаратылыш чөйрөсүнүн мамилелериншайкеш келтирүү, токой ресурстарын биргелешип башкаруу. Бул иш-чаралар-ды жүзөгө ашыруу токойлордун абалын жакшыртууга, жерге антропогендиктаасирлерди азайтууга жана башкаларга мүмкүндүк берет. 7. Саясат чаралары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы токойлорду бирге-лешип башкарууга калк менен жергиликтүү жамааттарды тартуу аркылуу жа-ратылышты сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комп-лексин ишке ашырат. Токой чарба иш-чаралары токойду пайдалануучулардын керектөөлөрүнэске албай туруп жүргүзүлүүгө мүмкүн эмес. Токой сектору жүргүзүлүүчүжањы токой саясатынын жана жањы экономикалык шарттардын чектериндебүткүл коомдун структурасында каралууга тийиш. Токой ресурстарын сактоо жана токой зонасында жайгашкан айылдардыөнүктүрүү бүткүл коомдун жана токойду башкаруу үчүн токойду пайдалануу-чулардын толук жоопкерчилигине негизденүүгө тийиш. 8. Саясат чараларын ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар Азыркы убакта көптөгөн жактар экономикалык, анын ичинде токой чар-ба иштеринин жањы формаларын өнүктүрүүгө кызыгдар. Коомчулук токойлордусактоонун жана калыбына келтирүүнүн зарылдыгын жакшы түшүнөт, ошондук-тан жаратылышты сактоо ар бир адамдын катышуусун талап кыла тургандыгынбүткүл калк түшүнгүдөй токойго болгон керектөө мамилесин өзгөртүүгө ум-тулуу керек. Токойдон экономикалык жана социалдык пайда алууну камсыз кылуумаксатында жеке сектордон айрым адамдардын же топтордун токой чарба иш-терине активдүү катышуусун колдоо зарыл. Калкты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын токойдубашкарууга тартуу ар кандай формаларда уюштурулушу мүмкүн. Токой тармагын биргелешип башкаруу кошумча жумушчу орундарын түзүүжана калктын кедейчилигин кыскартуу үчүн негиз катары колдоого алынышыкерек. Токойлорду биргелешип пайдалануу деп токойду башкаруу боюнча токойчарба иш-чараларын биргелешип аныктоо жана аткаруу үчүн ар кандайөнөктөрдүн - мамлекеттик, жеке жана коомдук структураларды бириктирүүгөжана алардын кызматташуусуна багытталган процесстер менен жол-жоболор-дун ар кандай түрү түшүнүлөт. 9. Саясат чараларын ишке ашыруунун чектериндеги иш-чаралар Мамлекеттик токой фондунун айрым участокторун ижаралоо системасы1997-жылы киргизилген. Бул система токой ресурстарын сактоого айыл кал-кын кызыктыруу жана көбүрөөк маалымат берүү максатында өркүндөтүлүүгөтийиш, бул токой зонасында жайгашкан айылдарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.Рынок экономикасынын шарттарында негизги өндүрүштүк иш-аракет жекеадамдар же топтор тарабынан ишке ашырылат, мындай токой сектору да чет-те калбайт. Чарбалык функциялар токойлордун туруктуу өнүгүшүнө келечекте кепилболуучу кандайдыр бир техникалык, социалдык-экономикалык жана экология-лык шарттарды сактоо менен жеке адамдарга өткөрүлүп берилиши керек. Курулуш материалдарына жана отунга сырьелук көз карандылыкты кыс-картуу үчүн райондоштурулган жыгач породасындагы тез өсүүчү жеке өнөржайлык плантацияларды түзүү керек. Калкты отургузулуучу материал менен камсыздоо максатында үрөндүкбазаны, адистештирилген жеке питомниктерди түзүү зарыл. Токойдун жыгач жана жыгач эмес продуктуларын даярдоо, ташуу жанакайра иштетүү, ар кандай кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу башка дагы милдет-терди аткаруу үчүн жекече демилге зарыл. Анткени, мунун түпкү максатыушул продуктуларды рынокто сатуу болуп саналат, демек жеке структура-ларда гана рынокко багытталган стратегия болушу мүмкүн. Мындай милдет-терди аткарууну өзүнө алышкан жеке секторду колдоо үчүн мыйзамдыкдењгээлде аларга колдоо көрсөтүү методдору иштелип чыгышы керек. Анткени токой - бул калктын бардык катмарынын пайдаланылышынамүмкүн болуучу өлкөнүн жалпы байлыгы, ал эми токойдун өнүгүү циклиадамзаттын бир муунуна караганда андан да узакка турат, токойлордун не-гизги бөлүгү мамлекеттин менчигинде жана Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик токой кызматынын көзөмөлүндө турууга тийиш. 10. Иш-чараларды институттук коштоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы тарабынан чарба-лык иштерди аткаруу үчүн токойду биргелешип башкарууга калкты жана жер-гиликтүү жамааттарды тартуу менен жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунукамсыздоо боюнча иш-чаралардын комплекси жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана реги-ондук өнүктүрүү иштери боюнча министри мамлекеттик токой фондунун айма-гында жайгашкан жергиликтүү жамааттардын иштеринде жергиликтүү калк ме-нен жергиликтүү ресурстарды кењири тартуу аркылуу токой чарбасын коом-дошуп жүргүзүү принциптерин ишке киргизүү боюнча көмөк көрсөтүшү зарыл. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрациялары, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары токой чарбасында пайдаланылбаган,бирок көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жарактуу болгон айыл чарба жерлериндетокой чарбасын коомдошуп жүргүзүү принциптерин киргизүүгө жардамберүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-ды каттоо боюнча мамлекеттик агентство тиешелүү министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссия-лар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте айыл чарбаиштеринде колдонулбаган жерлерде токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү ар-кылуу алардан токой коргоочу өсүмдүктөрдү түзүү жана тез өсүүчү, техни-калык жактан баалуу бак-дарак породасынан өнөр жайлык плантациялардытүзүү максатында аларды инвентаризация жүргүзүүлөрү керек. Эл аралык уюмдар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жагы-нан чаралардын пакетин ишке ашырууга техникалык жана финансылык колдоокөрсөтө алышат. 11. Ресурстар булагы жана чыгымдарды жабуу көлөмү Программаны ишке ашыруу 291,69 млн. сом менен бааланат (2004- жыл-дагы баа менен), анын ичинде токой кызматынын ишканалары үчүн республи-калык бюджеттен 12,99 млн. сом суммасында каражаттарды пайдалануу план-даштырылат, Программаны аткарууга башка булактардан тартылган каражат-тар - 278,7 млн. сом. Токойду түзүүнү конкреттүү аймактар үчүн токой чарбасын жүргүзүүнүуюштуруу долбоорлорун иштеп чыгуу менен токой ресурстарынын абалынынмүнөздөмөлөрүн жана запастарын тактоо үчүн туруктуу негизде жүргүзүүкерек. Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин 1312,6 мињ га аянтта то-кой өстүрүү зарыл. Республикалык бюджеттен 11,94 млн. сом жана башкакаржылоо булактарынан 55,2 млн. сом суммасында каражат жумшоо пландаш-тырылат. Токой өстүрүүдө чыгымдарды эсептөөдө 2004-жылы бир гектарга ишжүзүндө кеткен чыгымдар колдонулду. Токой фондунун жерлерин ижарага берүүдө каттоодон өтүүгө жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттообоюнча мамлекеттик агентствонун жергиликтүү органдарынан жерди убакты-луу пайдалануунун мамлекеттик актысын алууга айылдык калктын 94,5 млн.сом өлчөмүндөгү каражатын пайдалануу пландаштырылат. Жыл сайын 52,6 мињ гектарга чейин өлчөмдө мөмө-жемиштерди жыйнооүчүн калкка жањгак, алма жана башка жемиш породасындагы өсүмдүктөрдүижарага берүү пландаштырылат. Айыл калкынын 79,0 млн. сом өлчөмүндөгүкаражатын колдонуу пландаштырылат. Токой өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден коргоодо Жалала-бат шаарында токойду коргоо станциясы тарабынан өндүрүлгөн биологиялыкпрепараттар пайдаланылат, алардын бири "Вирин-Энш" жана башка препарат-тар болуп саналат. Жыл сайын зыянкечтерге каршы 46,0 мињ гектардан ашуун токойөсүмдүктөрүн дарылап чыгуу зарыл. Жалпы керектөө 35,0 млн. сомду түзөт. Эс алуучу жерлер боюнча туристтерди кабыл алуу жана экскурсиялардыөткөрүү жагынан кызматтарды уюштуруу үчүн токойдун рекреациялыктүзүлүштөрүн колдонууга жергиликтүү калктын жана ишкердик субъекттердин15,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатын пайдалануу пландаштырылууда. Токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана токой чарбасын рацио-налдуу жүргүзүү үчүн жамааттарга билим берүү жана аларды өнүктүрүү таж-рыйбасын жайылтууга Мамлекттик токой кызматынын кызматкерлери тартылат.Ошондой эле буга 1,05 млн. сом өлчөмүндө республикалык бюджеттин кара-жаттарын пайдалануу пландаштырылып жатат. 12. Корутунду "Кыргыз Республикасынын токой зонасында жайгашкан айылдарды2010-жылга чейин өнүктүрүү" чараларынын пакети 2010-жылга чейин КыргызРеспубликасын өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинин курамдык бөлүгү болупсаналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына2003-жылдын 15-октябрындагы Кайрылуусунда коюлган милдеттерди жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004- жылдын 25-ноябрындагы № 858
токтомуменен бекитилген "2005-2015-жылдарга Улуттук токой программасын" атка-рууга багытталган. Иш-чаралардын пакетин жүзөгө ашырууда аны ишке ашы-руу механизмине, аткаруу мөөнөтүнө жана каржылоо көлөмдөрүнө кандайдырбир өзгөртүү киргизилиши мүмкүн. Бул Программа токой чарбасынын бүткүл секторундагы иштин абалынатаасир этүүчү өткөөл мезгилде өлкөнү колдоонун шайманы катарында пайда-ланылат. Токой ресурстарын туруктуу пайдалануу жергиликтүү калктын то-койду коргоого жана биологиялык түрлөрдү сактоого кызыкчылыктарын жого-рулатуу менен алардын турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууга олуттуусалым кошот. № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын токой зонасында жайгашкан айылдарды өнүктүрүүнүн 2010-чейинки иш-чаралар пакети -----------------------------------------------------------------------|№ | Иш-чаралар |Аткаруучу- |Атка- |Финансылык- | Күтүлгөн || | |лар |руу |техникалык | натыйжалар || | | |мөө- |камсыздоо | || | | |нөттө-| | || | | |рү | | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||1 |Токой жайгаштыруу,|Мамлекеттик|2005- |Мамлекеттик |Токой || |токой фондун |токой |2010- |органдардын |ресурстарынын|| |инвентаризациялоо |кызматы |жылдар|иштерин |запастарын || |жана абалын | | |каржылоонун |жана || |мониторингдөө | | |чегинде, |мүнөздөмөлө- || | | | |жетпеген |рүн || | | | |каражаттарды |конкреттүү || | | | |башка |аймактар үчүн|| | | | |булактардан |токой || | | | |табуу |чарбасын || | | | | |жүргүзүүнү ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||2 |Токой фондунун |Аймактык |2005- |Ижарачылардын |Токой || |жерлерин токой |токой |2010- |эсебинен |фондунун || |зонасында жашаган |кызматтары |жылдар| |жерлери || |тургундарга |(мындан ары| | |ижарага || |ижарага берүү |АТК), | | |берилет || | |Мамкаттоо, | | | || | |жергиликтүү| | | || | |жамааттар | | | || | |(мындан ары| | | || | |ЖЖ) | | | || | |(макулдашуу| | | || | |боюнча) | | | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||3 |Жањгак, алма жана |АТК, |2005- |Ижарачылардын |Калк жемиш || |башка жемиш бактар|Мамкаттоо, |2010- |эсебинен |бактардын || |өскөн жерлерди |ЖЖ |жылдар| |мөмөлөрү || |калкка жемиштерди |(макулдашуу| | |менен || |жыйноо үчүн |боюнча) | | |камсыздалат || |ижарага берүү | | | | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||4 |Калкты тартуу |АТК, ЖЖ |2005- |Консультация- |Жергиликтүү || |менен жаныбарлар |(макулдашуу|2010- |лык жардам |калк токой || |жана өсүмдүктөр |боюнча) |жылдар| |ресурстарын || |дүйнөсүн коргоо | | | |коргоого || |боюнча ыктыярдуу | | | |ынтызарланат || |элдик кошуундарды | | | | || |уюштуруу | | | | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||5 |Токой өсүмдүктөрүн|АТК, ЖЖ |2005- |Ижарачылардын |Жергиликтүү || |зыянкечтерден жана|(макулдашуу|2010- |эсебинен жана |калк токой || |илдеттерден сактоо|боюнча) |жылдар|эл аралык |ресурстарын || |жана коргоо | | |уюмдардын |коргоого || | | | |техникалык |ынтызарланат || | | | |жардамы менен | || | | | |(макулдашуу | || | | | |боюнча) | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||6 |Токойдун |АТК, |2005- |Ишкердиктин |Иш орундар || |рекреациялык |Мамтур- |2010- |каражаттарынын|менен || |касиеттерин |спорт, ЖЖ |жылдар|эсебинен |камсыздоо || |айылдарда |(макулдашуу| | | || |туристтерди жана |боюнча), | | | || |эс алуучуларды |турфирмалар| | | || |кабыл алуу, |(макулдашуу| | | || |көрөсөндүү |боюнча) | | | || |жерлерге | | | | || |экскурсияларды | | | | || |жасоо боюнча | | | | || |кызмат | | | | || |көрсөтүүлөрдү | | | | || |уюштурууга | | | | || |пайдалануу | | | | ||--|------------------|-----------|------|--------------|-------------||7 |Токой ресурстарын |АТК, |2005- |АТКлардын жана|Билимдүүлүктү|| |натыйжалуу |жергиликтүү|2010- |жергиликтүү өз|жана || |пайдалануу жана |өз алдынча |жылдар|алдынча |маалымдуулук-|| |токой чарбасын |башкаруу | |башкаруу |ту арттыруу. || |сарамжалдуу |органдары | |органдарынын |Кошумча || |жүргүзүү үчүн |(макулдашуу| |(макулдашуу |инвесторлорду|| |жамааттарды түзүү |боюнча) | |боюнча) |тартуу || |жана өнүктүрүү | | |эсебинен |мүмкүндүгү || |тажрыйбасын | | | | || |жайылтуу | | | | |----------------------------------------------------------------------- № 2 тиркеме Программаны материалдык-техникалык камсыздоо боюнча иш-чаралар (каражаттарды социалдык жана финансылык мобилизациялоо жолу менен) (*) -----------------------------------------------------------------------|№ | Иш-чаралар |Кар- | Анын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебинен || | |жылоо| (1-2-3-4-5-6-7) бюджеттерден млн.сом) || | |көлө-| || | |мү | || | |(млн.| || | |сом) | || | | |-------------------------------------------|| | | |рес- |об- |рай- |жер- |жерги- |иш- |эл || | | |пуб- |лус- |ондук|ги- |ликтүү |кер- |ара- || | | |лика-|тук |бюд- |лик- |калктын|дик |лык || | | |лык |бюд- |жет- |түү |кара- |су- |уюм- || | | |бюд- |жет- |тен |өз |жатта- |бъек-|дар- || | | |жет- |тен | |ал- |рынан |тте- |дын || | | |тен | | |дынча|(ашар) |ринен|жана || | | | | | |баш- | | |дол- || | | | | | |ка- | | |боор-|| | | | | | |руу- | | |лор- || | | | | | |нун | | |дун || | | | | | |бюд- | | |кре- || | | | | | |жети-| | |дит- || | | | | | |нен | | |тери-|| | | | | | | | | |нен || | | | | | | | | |жана || | | | | | | | | |гран-|| | | | | | | | | |тта- || | | | | | | | | |рынан||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------|-----------||1 |Токой |67,14|11,94| | | | | 55,2 || |жайгаштыруу, | | | | | | | || |токой фондунун | | | | | | | || |абалын | | | | | | | || |инвентаризация- | | | | | | | || |лоо жана | | | | | | | || |мониторингдөө | | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------|-----------||2 |Токой фондунун |94,5 | | | | |94,5 | | || |жерлерин токой | | | | | | | | || |зонасында | | | | | | | | || |жашаган | | | | | | | | || |тургундарга | | | | | | | | || |ижарага берүү | | | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------|-----|-----||3 |Жањгак, алма |79,0 | | | | |79,0 | | || |жана башка жемиш| | | | | | | | || |бактар өскөн | | | | | | | | || |жерлерди калкка | | | | | | | | || |жемиштерин | | | | | | | | || |жыйноо үчүн | | | | | | | | || |ижарага берүү | | | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------|-----|-----||4 |Калкты тартуу | | | | | | | | || |жолу менен | | | | | | | | || |жаныбарлар жана | | | | | | | | || |өсүмдүктөр | | | | | | | | || |дүйнөсүн коргоо | | | | | | | | || |боюнча ыктыярдуу| | | | | | | | || |элдик | | | | | | | | || |кошуундарды | | | | | | | | || |уюштуруу | | | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------------------||5 |Токой |35,0 | | | | |0,5 - "Вирин-Энш; || |өсүмдүктөрүн | | | | | |34,5 башка || |зыянкечтерден | | | | | |препараттар || |жана илдеттерден| | | | | | || |коргоо | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------------------||6 |Токойдун |15,0 | | | | | 15,0 || |рекреациялык | | | | | | || |касиеттерин | | | | | | || |айылдарда | | | | | | || |туристтерди жана| | | | | | || |эс алуучуларды | | | | | | || |кабыл алуу, | | | | | | || |көрөсөндүү | | | | | | || |жерлерге | | | | | | || |экскурсияларды | | | | | | || |жасоо боюнча | | | | | | || |кызмат | | | | | | || |көрсөтүүлөрдү | | | | | | || |уюштурууга | | | | | | || |пайдалануу | | | | | | ||--|----------------|-----|-----|-----|-----|-----|-------------------||7 |Токой |1,05 |1,05 | | | | | | || |ресурстарын | | | | | | | | || |натыйжалуу | | | | | | | | || |пайдалануу жана | | | | | | | | || |токой чарбасын | | | | | | | | || |сарамжалдуу | | | | | | | | || |жүргүзүү үчүн | | | | | | | | || |жамааттарды | | | | | | | | || |түзүү жана | | | | | | | | || |өнүктүрүү | | | | | | | | || |тажрыйбасын | | | | | | | | || |жайылтуу | | | | | | | | |----------------------------------------------------------------------- (*) Эскертүү: жабуу көлөмдөрү 2004-жылдагы баалар менен берилди.