Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 578 токтому менен бекитилген |
Жол-транспорт кырсыктарын каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 , Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасында жол-транспорт кырсыктарын каттоо тартибин аныктайт.
2. Каттоо авариялуулуктун абалын баалоо, жол-транспорт кырсыктарынын пайда болуу шартын жана себептерин талдоо жана бул шарттар менен себептерди жоюуга чара көрүү үчүн жүргүзүлөт.
3. Ушул Эрежелерде пайдаланылган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
"жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол менен бара жаткан учурундагы же анын катышуусу менен адамдар каза таап же жараланган, транспорт каражаттары, жүктөр, башка курулуштар бүлүнгөн, же материалдык чыгым алып келген окуя;
"жол" - ыңгайлаштырылып жана транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн пайдаланылган жердин тилкеси же жасалма курулуштун үстү. Жол өзүнө бир же бир нече машина жүрүүчү бөлүктөрдү, тротуарды, жолдун жээгин жана эгер бар болсо, бөлүп туруучу тилкелерди камтыйт;
"транспорт каражаты" - жол менен адамдарды, жүктөрдү жана өзүнө орнотулган жабдууларды ташууга ылайыкташтырылган түзүлүш (автомобиль, мотоцикл, мотороллер, мотоколяска, мопед, тагылган мотору бар велосипед, мотонарта, троллейбус, трактор, өзү жүрүүчү машина, ошондой эле жүк артылган жана минилгеи жаныбарлардан башка ат арабалар);
"транспорт каражаттарынын ээси" - менчигинин формасына карабастан транспорт каражаттарынын ээлери же транспорт каражаттарын белгиленген тартипте пайдаланышкан же тескешкен жеке адамдар жана юридикалык жактар;
каза болгон – жол-транспорт окуясы болгон жерде каза болгон же анын кесепетинен улам 30 сутканын ичинде өлгөн, каза болушуна жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында алган жаракаттары себепкер экенин соттук-медициналык экспертизанын корутундусу ырастаган адам;
жарадар – жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында анын ооруканага бир суткадан кем эмес мөөнөткө түшүшүн шарттаган дене жаракаттарын алган, анын ичинде жол-транспорт кырсыгы болгон учурдан тартып үч суткадан кечиктирбестен дарылоочу- профилактикалык мекемелерге кайрылган, ошондой эле кырсык менен алынган жаракаттардын ортосундагы себеп-натыйжа байланышын ырастаган медициналык корутунду (анын ичинде соттук-медициналык экспертизанын) болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылган адам;
башкалар – кырсык болгон жерде алгачкы дарылоодон же амбулаториялык кабыл алуудан тышкары, ооруканага жаткырууну талап кылбаган жеңил жаракат (чийилген так, сыйрык, көгөрүү) алган адамдар.
Эскертүү: жеңил жаракат алган адамдар жөнүндө маалыматтар (“башкалар” категориясы) өзүнчө жүргүзүлөт жана негизги статистикалык отчетко киргизилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жол-транспорт кырсыктарын каттоо:
- ички иштер органдары;
- транспорт каражаттары бар ишканалар, уюмдар, министрликтер жана мекемелер;
- жол жана коммуналдык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Дарылоочу-профилактикалык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан жол-транспорт кырсыктарынан жабыр тарткандардын эсебин жүргүзүшөт.
5. Жол менен (эл аралык, мамлекеттик, жергиликтүү, ведомстволук маанидеги жана шаарлар менен калктуу пункттардын көчөлөрүндө) жүрүп бара жаткан транспорт каражаты катышкан, адамдардын өлүмүнө жана жараланышына алып келген, же транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, жолдордун, жол жана башка курулуштарын же мүлктөрдүн бузулушуна алып келген жол-транспорт кырсыктары каттоого алынат.
Адамдардын өлүмүнө жана жараланышына алып келген жол-транспорт кырсыктары тууралуу ички иштер органдарынын маалыматтары мамлекеттик статистикалык отчетко кийирилет.
Жаракат алган жана өлгөн адамдар жаракат алгандыгы жана өлүмү жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен эмес, башка себептер менен болгондугу жөнүндө тергөө органдары тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде жаракат алгандардын жана өлгөн адамдардын эсебине киргизилбейт. Аталган токтомдун көчүрмөсү мурда жол-транспорт кырсыктарынан каза тапкан жана жабырлануучу катары берилген адамдар тууралуу маалыматтарды статистикалык отчеттон чыгаруу маселесин чечүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкү учурларда жол-транспорт кырсыктарын мамлекеттик статистикалык каттоого алуу жүргүзүлбөйт:
ишканалардын, мекемелердин, аэродромдордун, аскердик бөлүктөрдүн жана кирип-чыгуу пропуск тартиби менен ишке ашкан башка объекттердин тосмолонгон жана кайтарылган аймактарында;
- автомобиль же мотоцикл спорту боюнча өтүп жаткан иш-чараларда (мелдеш, машыгуу ж.б.) айдоочу-спортсмендер, калыстар же спорттук иш-чараны тейлеген башка адамдар жабыркаганда;
- тракторлор, башка өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер менен алар ошого ылайыкташкан негизги өндүрүштүк иштерди аткарууда болгон окуялар (айдоо, траншея казуу, үймөктөө, талаада айыл чарба түшүмдөрүн жыйноо, жыгач камдоо, автокрандын жардамы менен же кол күчү менен жүргүзүлгөн жүктөө-түшүрүү иштери, мамыларды, тирөөчтөрдү орнотуу ж.б.). Буга машиналар жана механизмдер менен транспорттук жумуштар аткарылган учурлар, (эгерде бул жумуш жолдо эмес, талаада, же жолдун четинде аткарылса - айыл чарба түшүмүн жыйнаган техникадан бери ташуу ж.б.), башкача айтканда, автомобиль жолдорунан жана көчөлөрдөн тышкары жерлерде болгон окуялар да кирет;
- адамдарды өлтүрүүгө, же алардын ден соолугуна жана мүлктөрүнө зыян келтирүүгө атайылап аракеттенүүлөрдүн негизинде, ошондой эле жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенгендигинен болгон окуялар да катталбайт. Жол-транспорт кырсыгын жасаганы үчүн күнөөлүү бир же бир нече адамдын аны атайылап жасагандыктары мында мыйзамда каралган тартипте далилденүүгө тийиш;
- айдоочуда болтурбай коюу мүмкүнчүлүгү жок стихиялык кырсыктын натыйжасында болгон окуялар;
- коопсуздук ыкмасын же транспорт каражатын иштетүү эрежесин бузууга жол берилген учурлардагы жол-транспорт окуялары;
- транспорт каражаттарынын техникалык бузуктугуна байланышпаган, жүрүп бара жаткан учурда өртгөнүү учурлары;
– М2 жана М3 категорияларындагы жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын, ошондой эле шаардык жана шаар четиндеги каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган троллейбустардын ичинде жүргүнчүлөрдүн кулашынын натыйжасында, алардын өмүрү жана ден соолугу үчүн болгон кесепеттерге карабастан, мындай транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар тарабынан, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуулар болбогон учурда, бул кырсыктардын башка катышуучулары каза болбогон жана (же) жаракат албаган шартта;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде жасалган транспорт каражаттарын мажбурлап токтотууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин натыйжасында.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Ички иштер органдарында жол-транспорт кырсыктарын каттоо
7. Жол-транспорт кырсыктарын каттоо жол-транспорт кырсыктары болгон жерде аймактык ички иштер органы тарабынан жүргүзүлөт.
8. Жол-транспорт кырсыктары жана андан жабыр тарткан адамдар тууралуу оозеки же жазуу түрүндөгү билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүндө катталат жана телеграфтык байланыш каналдары (телефон, чабарман) аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нөөмөт бөлүмүнө берилет.
Беш жана андан көп адам өлгөн, он жана андан кеп адам жабыркаган (каза болгондор жана жаралангандар) жол-транспорт кырсыктары тууралуу оперативдүү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тезинен жөнөтүлөт.
Жогоруда аталган ар бир жол-транспорт кырсыктары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте, кызматтык териштирүү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Маалыматы мамлекеттик статистикалык отчетко кийириле турган ар бир жол-транспорт кырсыгына жол-транспорт кырсыктарын каттоо карточкасы толтурулат жана каттоо журналына (китебине) тийиштүү белги коюлат. Карточканын формасын, статистикалык маалыматты жыйноо жана жалпылоо тартибин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилейт.
Мамлекеттик статистикалык отчетко кийирилген маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн, ошондой эле берилген маалыматтын сапаты жана өз убагында даярдалуусу үчүн аймактык ички иштер органынын начальниги, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөсүнүн начальниги же тобунун жетекчисинин милдетин аткарган адам жеке жоопкерчиликте болот.
Мамлекеттик статистикалык отчетко жол-транспорт кырсыктары тууралуу кийирилген маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн көзөмөлдү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогору турган бөлүктөрү жүргүзөт.
Жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалыматтардын мамлекеттик статистикалык отчетко өз убагында кийирилишин камсыз кылуу үчүн республиканын алыскы райондорунан маалыматтарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга байланыштын телефон же телеграф каналдары аркылуу, жол-транспорт кырсыктарын каттоо карточкасында каралган өлчөмдө берүүгө болот. Жол-транспорт кырсыктары мамлекеттик статистикалык отчетко болгон учурдагы так убактысы менен кийирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Материалдык чыгым алып келип, жабыркагандар болбогон жол-транспорт кырсыктарын, аларды жасоо себептерин четтетүү үчүн шаардык, райондук ички иштер органдары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын күжүрмөн бөлүкчөлөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте каттайт жана талдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ички иштер органдары өзүлөрү тейлеген аймакта катталган транспорт каражаттары катышкан жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалымат алганда, ошол транспорт каражаттарынын ээлери болгон ишканалар менен мекемелердин администрациясына кабар жөнөтөт.
Канааттанарлык эмес жол шарттарынан улам болгон жол кырсыгы тууралуу маалыматтар жол жана коммуналдык уюмдарга тезинен жөнөтүлөт. Мындай жол-транспорт кырсыгы болгон жерге, тариздөө үчүн, жол-коммуналдык уюмдун өкүлү чакырылат. Эгерде тийиштүү өкүл келбесе жол-транспорт кырсыгына алып келген канааттанарлык эмес жол шарттары эки күбөнүн катышуусу менен күбөлөндүрүлөт.
Маалымат берүүнүн тартиби (жазуу түрүндө, телефон менен, чабарман аркылуу ж.б.), ошондой эле берилчү маалыматтардын көлөмү нөөмөт бөлүмдөрү аркылуу ошол жагдайга ылайык аныкталат.
Жолдор менен көчөлөрдүн канааттанарлык эмес абалынан улам болгон жол-транспорт кырсыктарына жолду күтүүдөгү жана ыңгайлаштыруудагы кемчиликтер: тайгактыгы, жолдун бетиндеги бош таштар, чуңкурлар, жолдун таза эместиги, чет жакаларынын, айланып өтүүчү жана кошулган жерлеринин талапка жооп бербегендиги, көпүрөлөрдүн жана ага келүүчү жерлеринин начар абалы, жолдун машина жүрүүчү бөлүгү кардан тазаланбагандыктан кууш тартышы, алды тараптын даана көрүнбөгөндүгү, жол бурулуштарынын кеңейтилбегендиги, вираждын, жол белгилеринин, чийиндеринин жоктугу же туура эмес орнотулушу, тосмолонбогону, калктуу пункттарда тротуарлардын жоктугу, ж.б. кирет. Жолдор менен көчөлөрдүн начар абалынан улам болгон жолтранспорт кырсыктарына анын пайда болушуна жол кыймылынын тигил же бул катышуучусунун жол жүрүү эрежелерин бузгандыгы себеп болуп, бирок эгерде тийиштүү талапка ылайык жол шарты болгондо мындай эреже бузуулар кырсыкка алып келбей турган жол кырсыктары кирет.
12. Ички иштер органдары министрликтердин, мекемелердин, транспорттук ишканалардын, жол, коммуналдык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнө, ошол ишканалар менен уюмдардын жол-транспорт кырсыктары тууралуу отчеттук формаларына ылайык жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалыматтарды тактап алууга айына бир жолудан кем эмес мүмкүнчүлүк берет.
13. Шаардык, райондук ички иштер органдарынын жетекчилери айына бир жолудан кем эмес түрдө жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалымат жыйноону уюштурушат жана дарылоочу-профилактикалык мекемелер менен моргдордун маалыматтарына салыштырып такташат. Тактоонун негизинде жол-транспорт кырсыктарын, жол-транспорт кырсыктарынын натыйжаларындагы өзгөрүүлөрдү каттоо, аны мамлекеттик статистикалык отчетко кийирүү ушул Эрежелерге ылайык ишке ашырылат. Жол-транспорт кырсыктарынан каза тапкандар жана жабырлангандар тууралуу маалыматтардын дарылоочу-профилактикалык мекемелердин маалыматтары менен салыштырылып такталышы акт менен таризделип, медициналык мекеменин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
III. Ишканаларда, уюмдарда, министрликтер менен мекемелерде жол-транспорт кырсыктарын каттоо
14. Өзүлөрү ээлик кылган транспорт каражаттары катышкан жол-транспорт кырсыктарынын баары, окуянын кайсы жерде, натыйжасы кандай болгонуна жана айдоочулардын айыптуулуктарына карабастан ишканалар жана уюмдар тарабынан каттоого алынат.
15. Ишканалар менен уюмдарда жол-транспорт кырсыктарын каттоону жол кыймылынын коопсуздук кызматынын кызматкерлери же ишкана, уюм боюнча буйрук менен дайындалган башка адамдар жүргүзөт.
16. Ведомствого таандык транспорт менен болгон жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалыматтар жол-транспорт кырсыктарын каттоо журналына жазылат.
17. Ишканалар менен уюмдар өзүлөрүнүн транспорту катышкан жол-транспорт кырсыктары тууралуу ошол министрлик менен мекемелердеги отчеттук формада көрсөтүлгөн бардык маалыматтар жазылган билдирүүнү баш ийген инстанцияларына жөнөтүшөт. Билдирүүнүн формасы министрлик, мекемелер аркылуу өзүлөрүнө баш ийген ишканалар менен уюмдар үчүн бекитилет.
18. Министрликтер, мекемелер, мамлекеттик, акционердик жана коомдук уюмдар ведомствого таандык транспорт катышкан жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссияга ал талап кылган учурда жөнөтүп турат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Мекемелер менен ишканалар адамдар жабыр тарткан жол-транспорт кырсыктары тууралуу маалыматтарды шаардык, райондук ички иштер органдары менен отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин тактоого тийиш.
20. Транспорт каражаттарынын ээлери болгон ишканалар менен уюмдар өзүлөрүнүн транспорт каражаттары катышкан жол-транспорт кырсыктары тууралуу, ошондой эле транспорт кааражатынын гаражга сырты урунган белгилер менен келгендиги тууралуу дароо ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.
IV. Жол-транспорт кырсыктарын жол жана коммуналдык уюмдарда каттоо
21. Жол жана коммуналдык уюмдарда жолдордун жана көчөлөрдүн алар тейлеген бөлүктөрүндө болгон бардык жол-транспорт кырсыктары, ошондой эле алардын карамагындагы транспорттор катышкан окуялар да каттоого алынат.
22. Канааттанарлык эмес жол шарттары пайда кылган жол-транспорт кырсыктары жол-транспорт кырсыктарын каттоо журналына катталат, Адамдар жабыр тарткан мындай ар бир окуя тууралуу жогору турган уюмга билдирүү жөнөтүлөт.
23. Пайда болушуна канааттанарлык эмес жол шарттары себеп болгон жол-транспорт кырсыктары боюнча маалыматтарды жол жана коммуналдык уюмдар отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин ички иштер органдары менен такташат.
V. Жол-транспорт кырсыктарында жабыр тарткандарды дарылоочу-профилактикалык мекемелерде каттоо
24. Жол-транспорт кырсыгынан улам өзүлөрү кайрылган же медициналык жардам үчүн жеткирилген бардык адамдар, огаондой эле кырсыктын кесепетинен каза тапкандар жана патологоанатомиялык бөлүмчөлөргө же моргго жеткирилген бардык адамдар дарылоочупрофилактикалык мекемелерде менчигинин түрүнө карабастан каттоого алынат.
25. Жол-транспорт кырсыктарынан жабыр тарткан адамдар тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине макулдашып бекитүүчү форма боюнча эсепке алынат.
26. Дарылоочу-профилактикалык мекемелердин жетекчилери бул мекемелерге денесине криминалдык мүнөздөгү жаракат алып түшкөндөр тууралуу өз убагында ички иштер органдарына билдирип турууга жеке жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамдарынын тизмесин атайын буйрук мснен белгилешет (мындай маалыматты берүү боюнча байланыш тартиби ички иштер органдарынын жана саламаттьтк сактоо органдарынын биргелешкен буйругу менен аныкталат).
27. Дарылоочу-профилактикалык мекемелер, ошондой эле бардык медициналык кызматкерлер төмөнкү адамдар тууралуу тезинен ички иштер органдарына билдирүүгө тийиш:
- денеси транспорт каражаттарынан жаралангандыгы боюнча аларга жардам үчүн кайрылгандар тууралуу;
- өлүмгө учуроого жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында алган жаракаттары себепкер экендигин ырастаган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо, жол-транспорт кырсыктарында алган жаракаттарынан жол-транспорт кырсыгы болгон датадан тартып 30 сутканын ичинде каза болгондор тууралуу.
Патологоанатомиялык бөлүмчөлөрдүн жана моргдордун администрациялары жол-транспорт кырсыктарынан каза тапкандардын жеткирилгендиги тууралуу дароо ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Дарылоочу-профилактикалык мекемелер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана транспорт каражаттарынын ээлеринин суроолору боюнча жол-транспорт кырсыктарынан жабыр тарткандардын ооруканага түшкөндүгү, алардын эмгекке жөндөмдүүлүгүнөн ажырагандыгы же адепки медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулаториялык дарылоо дайындалганы тууралуу документтерди (справкаларды) берүүгө милдеттүү.
29. Жол-транспорт кырсыктарынан жабырлангандар тууралуу дарылоочу-профилактикалык мекемелердин отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.