Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2004-жылдын 9-августу N 578

Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

 

Н. Танаев