Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 6-сентябры № 666
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын башкаруу органдары жөнүндө" 2004-жылдын 6-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөрдүн тиркелген штаттык саны (имараттарды тейлөө жана кайтаруу боюнча персоналды кошпогондо) бекитилсин:
- № 1 жана 2-тиркемелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын;
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте:
- 2004-жылда бюджетте каралган каражаттардын жана жалпы санынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарында жана Нарын районунда ведомстволук структураларды түзүшсүн;
- жаңыдан түзүлгөн ведомстволук шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте төмөнкүлөр сунуш кылышсын:
- 2004-жылда бюджетте каралган каражаттардын жана жалпы санынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарында жана Нарын районунда ведомстволук структураларды түзүү;
- жаңыдан түзүлгөн ведомстволук шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Нарын шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруусунун жаңыдан түзүлгөн органдарын кызматтык жайлар жана имараттар менен камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ченемдик-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 1 тиркеме |
┌───┬─────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│ № │ Кызматы │ Бирдиктин саны│
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│1. │Мэр │ 1 │
│2. │Биринчи вице-мэр │ 1 │
│3. │Вице-мэр │ 1 │
│4. │Аппарат жетекчиси │ 1 │
│5. │Системалык администратору │ 1 │
│6. │Башкы бухгалтер │ 1 │
│7. │Башкы адис │ 3 │
│8. │Жетектөөчү адис │ 1 │
│9. │1-категориядагы адис │ 1 │
│10.│Жетекчинин секретары │ 1 │
│11.│Секретарь-машинистка │ 1 │
│12.│Чарба башчысы │ 1 │
│ │Бардыгы: │ 14 │
└───┴─────────────────────────────────────────────────┴───────────────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 2 тиркеме |
┌───┬─────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│ № │ Аталышы │ Бирдиктин саны│
├───┼─────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│ 1 │Шаардык финансы бөлүмү │ 12 │
│ 2 │Шаардык салык инспекциясы │ 28 │
│ 3 │Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы │ 17 │
│ 4 │Шаардык билим берүү бөлүмү │ 6 │
│ 5 │Шаардык маданий бөлүмү │ 3 │
└───┴─────────────────────────────────────────────────┴───────────────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 3 тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 4 тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр |
Б.Талгарбеков |