Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-январы № 201
“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылга түзүлгөн аудитордук ишмердик планынын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдын 21-октябрындагы № 02-3/195- буйругунун негизинде жана № 270 күбөлүгү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги түзүлүшү жана аткарылышынын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө”
Үч-Терек айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Аудиттин актысында көрсөтүлгөн кемчилдиктерге мындан ары жол берилбесин.
2. Ашыкча төлөнүп кеткен сапар чыгымдары аудиттик текшерүү мезгилинде Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетине кайтарылгандыгы жана мындан нары кызматкерлерге сапар чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 ”Сапар чыгымдарын төлөө “ жөнүндөгү токтомуна ылайык төлөнүп берилсин.
3. Багытсыз жумшалган бюджеттик жана атайын каражаттын эсебиндеги акча каражаттары Токтогул райондук каржы бөлүмүнө берилген билдирүүнүн негизинде өз ордуларына коюлгандыгы белгиленсин.
4. Мамлекеттик сатып алуулар мындан ары Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жонүндө ”мыйзамынын чегинде жүргүзүлсүн.
5. Мекеме ишканаларга которулган акча каражаттарына тиешелүү отчетторду өз убагында талап кылуу жана дебитордук карыздарды “Ар түрдүү дебитордук жана кредитордук карыздар “эсебине өз убагында алуу жагы материалдык бухгалтер А.Калманбетовго милдеттендирилсин.
6. Кызматтык автоунааны пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде күйүүчү майлар чыгышталсын жана ашыкча чыгымдарга жол берилбесин.
7. Келишим менен иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 176 беренесинин талаптары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-январындагы №8 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө “мыйзамынын талаптары эске алынсын жана мындан ары киреше салыгы жана социалдык фонд төлөмдөрү тиешелүү бюджетке өз убагында которулсун.
8. Жогорудагы кетирилген кемчиликтерге мындан ары жол бербөө жагы финансы –экономикалык бөлүмдүн башчысы К.Көкөевге эскертилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет комитетине тапшырылсын.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |