Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февраль № 202
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылга сессияларынын иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Тойтиева Жылдызга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев
|
| 2021-жылдын 16-февралындагы Үч-Терек айыл аймагынынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХIХ-сессиясынын № 202 токтомуна 1-тиркеме
|
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылга
ИШ ПЛАНЫ.
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Ким даярдайт |
1. | Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүүжөнүндө. | 2021-жыл I-кв. | Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиева |
2 | Айыл өкмөт башчысынын 2021- жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету | *-* | Айыл өкмөт башчысы, |
3 | Жайыт комитетинин 2021- жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету | *-* | Ж.Сатыбаев, Агрардык амселелер боюнча турутуу комиссия |
4 | Айдап себүү, таза суу, суугат суулар, оруу жыйуу ж.б.кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө. | *-* | С.Жолдошова, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия. |
5 | ДЭУ-30 мекемелеринин жазга карата даярдыгы жөнүндө. | *-* | ДЭП-30 жетекчиси, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия. |
6 | Көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо жана айыл аймактын тазалыгын сактоо жөнүндө. | *-* | Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия. Статист-экономист С.Жолдошова |
7 | Суугат иштеринин жүрүшү жана УОС менен айыл өкмөтүнүн график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана Таза суу, сугат суулардын берилиши боюнча СОВП, УОС жана СПАнын жүргүзгөн иштери | *-* | УОС, Абдыкадыров Ж, Б.Эпеков ,Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
1 | Жазгы талаа жумуштарынын жүршү боюнча жана трансформация боюнча жүргүзгөн иштер боюнча жер адисинин жана айыл башчылардын маалыматы | 2021-жыл II -кв. | К.Абазов, С.Жолдошова |
2 | Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үч-Терек айылында багар көрөрү жок жана соц.маселелер боюнча иштеген соц. тейлөөчү кызматкерлеринин 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету. | *-* | Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия, соц. тейлөчүлөр Султаналиева Н, Омрова А, Сокубашова М, Машаева, Капсалаңова У, |
3 | Салык пландарынын биринчи, экинчи кварталда аткарылышы боюнча маалыматы |
| Ырысбаев А |
4 | Жазгы талаа жумуштарынын жүршү боюнча жана трансформация боюнча жүргүзгөн иштер боюнча жер адисинин жана айыл башчылардын маалыматы |
| К.Абазов, С.Жолдошова |
5 | УИТ ишканасынын аткарган иштери жана 2021 жылга иш планын бекитүү жөнүндө. |
| УИТ ишканасынын башчысы Э.Качкынбаев |
6 | Уч.инспектордун жана жашы жетпегендер боюнча уч.инспектордун 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө. | *-* | Уч.инспектор, мыйзамдуу-лук боюнча туруктуу комиссия |
7 | Паспортстол, ЗАГС, РЭС, Почта, мекеме жетекчилеринин маалыматы | *-* | Д.Калдыбаева,Н.Кочоров,К Курманалиев А.Кутунаева, К.Мамыркулова |
8 | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин кароо, больница поликлиника, ФАПтардын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы. | *-* | ЖДПБ, ФАП, СПА, ГСВ, башчылары, соц. маселелер боюнча туруктуу комиссия |
1 | Айыл өкмөт башчысынын 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету | 2021-жыл III-кв. | Айыл өкмөт башчысы Башкы эсепчи. К.Көкөев Туруктуу комиссиялар |
2 | Айыл өкмөтү тарабынан тартылган инвестиция жана инвесторлор боюнча иштерди кароо. |
| А.Байсабаев,соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия |
3 | Бала бакча, мектептердин жүргүзгөн иштери жана ремонт иштеринин аткарылышы жөнүндө. | *-* | Мектеп директорлору, К.Көкөев, бала бакча жетекчилери Ажыбаева Б, Сулайманова ,Асылканова А, Артыкбаева |
4 | Айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн клубдардын жүргүзгөн иштери боюнча мекеме башчыларынын отчету. | *-* | Китепкана жана клуб башчылары |
1 | Бала бакча, мектептердин, айылдык китепканалардын, клубдардын кышка карата даярдыгы жөнүндө. | 2021-жыл IV -кв. | КөкөевК, мектеп дирек-торлору, бала бакчалардын башчылары, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия. |
2 | Кузгу оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө. | *-* | Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия, Абазов К, Жолдошова С |
3 | ДЭУ-30 мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө. | *-* | Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия. |
4 | Коомдук уюмдардын (Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, Жаштар уюму, Ардагерлер кеңеши) 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы |
| Аксакалдар соту, Аялдар кенеши, жаштар уюму, Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия |
5 | Айыл өкмөтүндө өткөн тендерлер жана бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБ башчыснынын билдирүүсү |
| К.Көкөев, Б.Ысабаева бюджет туруктуу комиссиясы |
Жооптуу катчы: | Д.Уркуналиева |