Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 203
“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын “Айыл Мыйзамынын” жана айылдык кеңешинин регламентинин негизинде, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” – наамын ыйгаруу боюнча жобо кабыл алынсын жана областтык малекеттик юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн. (жобо, төш белгинин эскизи жана сүрөттөлүшү тиркелет)
2. Төш белгини, күбөлүктү жана башка керектүү материалдарды даярдоого сарпталуучу чыгымдарды каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Жобону каттодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |
2021-жылдын 16-февралындагы Үч-Терек айыл аймагынынын айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз ХХХIХ-сессиясынын № 203 токтомуна 1- тиркеме |
Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча
ЖОБО
Жалпы жобо
1.1. « Үч-Терек айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо (мындан ары жобо) ардактуу атуулдука көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2. Наам Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашап жана көпчүлүк жарандарга тааныш ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт;
1.3. Үч-Терек айылынын « Ардактуу атуулу» наамы (мындан ары наам) атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет. Наам мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердирин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интелектууалдык жана руханий потенциалын арттырууга кошкон салымы,ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат. Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак данкынын өсүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет;
1.4. Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу-сапатту тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат;
1.5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамы төмөндөгүдөй инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- Үч-Терек айыл аймагынын элинин намысын бийик көтөрүп, эл арасында кадыр-баркы чоң,эл сыйлаган, ынтымак, биримдикти чыңдагандар;
-Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, маданиятына көп жылдар бою үзгүлтүксүз салым кошуп, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон мамлекетибиздин ар кандай тармактарында эмгектенгендер, мамлекттик жана коомдук иштерде үзгүлтүксүз үзүрлүү салым кошкон элдин кадыр баркына ээ болгон инсандар;
-Үч-Терек айыл аймагындагы мекемелерди он жылдан кем эмес үзүрлүү жетектеп, алардын чарбалык, экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошкондор;
-Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө инвестиция тартып өзгөчө салымын кошкон жарандар, чет жерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Үч-Терек айыл аймагынын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин, чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган эмгеги жогору бааланган эмгек ардагерлер.
1.5. Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардамы), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн;
1.6. Согуштун ардагерлерине жана согуш жылдары орукта эмгектенгендерге. (критерийлер каралбайт)
1.7. Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт,
1.8. «Айылдын ардактуу атуулу» наамынын ээсине «Үч-Терек айылынын ардактуу атуулу» лентасы, (значок же медальон) наамды тастыктаган күбөлүк (айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн мөөрү менен) кошо тапшырылат;
1.9. Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.10. Наам өзгөчө шарттарда жана жобонун 1.5-пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта 3 жылда бир каралат.
1.11. Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
Үч-Терек айылынын ардактуу атуулу наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби
2.1. Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо тууралуу сунуштар, 3 жылда бир жолу гана Үч-Терек айылдык кеңешинин токтому менен Үч-Терек айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде каралат.
2.2. Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы Үч-Терек өкмөтүнүн сыйлык берүү жөнүндө буйругуна кол коюлган күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен тапшырылат.
2.3. Сыйланган адамга сыйлыкты тапшыруу менен бир эле учурда төмөндөгүлөр берилет:
“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” күбөлүгү;
“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” медалы.
“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” лентасы.
2.4. Сунуштарды карап чыгуу Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап чыгып, Үч-Терек айылдык кеңешинин сессиясына сунуштайт. Зарыл болгон учурда атайын комиссиянын ишине сыйлыкка келген материалдарды калыс кароо үчүн адистер, мекеме-ишканалардын, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
2.5. Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар, (айылдык кеңеш, жаштар уюуму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б.), уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелери), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу;
2.6. Кайрылуу Айылдык Кеңеш тарабынан сессияда каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл:
Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны;
-талапкердин эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- талапкердин мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
- талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
сыйлыкка сунуштоо боюнча протоколдору;
3х4 өлчөмүндөгү 2 түстүү сүрөт;
2.7. Топтолгон документтер комиссияга наам берилерден 20 күндөн кем эмес (тактап айтканда наам тапшырчу мөөнөттөн мурун өтүлүүчү сессиядан 20 күн мурун) убакта тапшырылышы керек;
2.8. Талапкердин аты жөнү жана талапкер болуусу боюнча маалымат айылдын жашоочуларына маалымдалышы керек;
2.9. Айылдын ар бир жашоочусу талапкер тууралу өз ойлорун ооз эки жана кат түрүндө билдирүүгө укуктуу;
2.10. Айылдык кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же документти артка кайтарышат (эгерде критерийге дал келбесе);
III. Ардактуу атуул наамынын ээсинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги
3.1. Үч-Терек айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
3.2. Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу Үч-Терек айыл аймагынын аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
– Үч-Терек айыл аймагынын коомчулугунун ар кандай салтанаттуу жыйындарына ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
– Үч-Терек айыл аймагынын мамлекеттик органдары тарабынан кезексиз кабыл алынууга;
– жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
– мүмкүнчүлүккө жараша көчө жана башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга.
3.3. «Ардактуу атуул» наамынын эси күбөлүгүн жана лентасын ар кандай иш чараларда, майрамдык оюн зооктордо жана коомдук жыйындарда тагынып алууга укуктуу;
3.4. «Ардактуу атуул» наамын тастыктаган лентасын тагынып алуу менен же күбөлүгүн көрсөтүү менен сөгүнүүгө, коомдук тартипти бузууга жана аларды тебеленди же ыпылас жерлерге ыргытып таштоого тыюуу салынат;
«Ардактуу атуул» наамынан ажыратуу
4.1. «Ардактуу атуул» наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде жергиликтүү кеңештин чечими менен наамынан ажыратылат.
4.2. Жүрүш туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр чатак, мушташуу, арак ичип коомдук жайларда жүрүү ж.б.у.с.) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндо арыз тушкөндө айылдын «Ардактуу атуул» наамынан ажыратылат.
4.3. «Ардактуу атуул» наамын ажыратуу жашыруун добуш берүү менен аныкталат. Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) «Макул» добуш берсе.
4.4. Наамдан ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган лента жана күбөлүк кайтарылып берилүүгө тийиш.
Добуш берүү тартиби.
5.1. Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2. Добуш берүү бюллетеньде наам ыйгарылчу атуулдун Фамилиясы. Аты.Атасынын аты жана алдына «Макул» жана «Каршы» деп жазылат.
5.3. Эгерде наам алуучулардын саны көп болсо, алфавит боюнча жазылып туштарына квадрат коюлат. Добуш берүү квадртка белгилөө менен жүрөт.
5.4. Ар бир талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) «Макул» добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5. Кворум жалпы депутаттардын үчтөн экисинен (11) кем эмеси катышса чечим укуктуу болот.
5.6. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.
“Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” төш белгисинин сүрөттөлүшү:
Төш белгинин көкүрөкө таккан бөлүгүндө лавр жалбырагы оролгон Кыргыз Республикасынын туусу көрсөтүлгөн.
Чынжырча менен илинген тегерекченин ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби бар, анын айланасында саат жебесинин багытында “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу”- деген жазуу турат.
Ошондой эле кыргыздын орнаменти менен кооздолгон
Төш белги сары түстүү металлдан жасалган жана төмөндөгүдөй өлчөмдө:
Мамлекеттик туу: тикесинен-20мм; туурасынан-32мм;
Тегерекченин диаметри: 32мм.