Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 7
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Таза суу проектисинин курулушун көзөмөлдөө жана текшерүү ошондой эле бүткөрүлгөн иштерди кабыл алуу боюнча атайын комиссия түзүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын токтом долбоорун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу колдоого алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү таза суу курулуш иштери боюнча көзөмөлдөө , текшерүү жана иштерин кабыл алуу боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3. Таза суу курулуш иштерин көзөмөлдөө , текшерүү жана иштерин кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын курамы бекитилсин(курамдын тизмеси тиркелет).
4. Түзүлгөн комиссияга тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жана өз алдынча иштерди жүргүзүп ,таза суу курулуштары боюнча бардык иштерди иликтөө ,текшерүү менен мыйзам чегинде чараларды көрүү тапшырылсын.
5. Атайын комиссиянын бардык иштерине Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүп,уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |
2021-жылдын 14-июлундагы Үч-Терек айылдык кенешинин VIII – чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын №7 токтомуна 1 тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү таза суу курулуш иштерин көзөмөлдөө , текшерүү жана иштерин кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын
Курамы:
1. Чолпонкулов М.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
2. Кадыров А.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
3. Кадырбаева С.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
4. Абдыкадыров А.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
5. Турдукулов К.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
6. Арстанбек уулу Ч.- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
7. Абдыкадыров Ж.-Үч-Терек айыл өкмөтүнүн суу техниги,комиссиянын мүчөсү
8. Нурматов Ж.- Үч-Терек айыл өкмөтүнүн суу техниги, комиссиянын мүчөсү
9. Насирдинов М.- Үч-Терек айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү
10. Султакеев Э.- Саргата айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү
11. Кудайназаров Б. - Кызыл-Ураан айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү
12. Карыпбай уулу Ш. - Жетиген айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү
13. Качкынбаев А. - Саргата айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |