Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы
2021-жылдын 17-марты № 6
Компенсация күйүчү май жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура чыгып билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызматтык кыдыруулар үчүн айыл өкмөт башчысынын жеке менчик “Тойота-РАФ-4” маркасындагы автоунаасы пайдаланууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун:
5-пунктуна ылайык документтер бухгалтерияга тапшырылсын;
1,3,7,8-пунктарынын негизинде компенсациянын өлчөмүн эсептеп чыгаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнурага милдеттендирилсин.
3. Компенсация күйүүчү май (бензин) катары мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, алынып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |