КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 4-февралы № 63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын IV Спартакиадасын өткөрүү жөнүндө Спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды андан ары жайылтуужана өнүктүрүү, ошондой эле калкты дене тарбия жана спорт менен машыгу-уга тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Рес-публикасынын IV Спартакиадасын 2005-жылдын май айында Кыргыз Республи-касынын Талас облусунун Талас шаарында өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республи-касынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети-нин сунушу кабыл алынсын. 2. Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Рес-публикасынын IV Спартакиадасын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин тир-келген
курамы бекитилсин. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен бирдикте: - спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын IV Спартакиадасынын мелдештеринин этаптарын даярдоо жанаөткөрүүгө активдүү катышсын; - колдонуудагы спорттук базаларга учурдагы жана капиталдык ремонтжүргүзүшсүн; - спорттук мелдештерди жана башка иш-чараларды жүргүзүүнүн масса-луулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылышсын; - 2005-жылдын май айында Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюн-дар боюнча Кыргыз Республикасынын IV Спартакиадасынын финалдык мелдеш-терине облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командаларын да-ярдоону жана катыштырууну камсыз кылышсын. 4. Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитети: - Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын IV Спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыксын жанабекитсин; - Талас облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдиктеСпорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасы-нын IV Спартакиадасынын финалдык мелдештерин жогорку уюштуруучулук жанаспорттук дењгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Спорттун улуттуктүрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын IV Спартакиада-сын өткөрүүгө финансы каражаттарын 2005-жылга бюджеттик каржылоонунчектеринде өз учурунда бөлүп берүүнү карасын. 6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына спорттун улуттук түрлөрү жанаэлдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын IV Спартакиадасынын этапта-рын жана финалдык мелдештерин өткөрүүнүн жүрүшүн кењири чагылдыруунукамсыздоо сунуш кылынсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-февралындагы № 63 токтому менен бекитилген
Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын IV Спартакиадасын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитеттин төра-гасы; Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитеттин төрагасынын орунбасары; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор,уюштуруу комитеттин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социал-дык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губерна-тор; Чүй облусунун мамлекетгик администрация башчысы - губернатор; Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчысы -мэри; Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчысы - мэри; Кыргызстан профсоюздар Федерация кењешинин төрагасы (макулдашуубоюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын президенти(макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.