Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 29-июлундагы № 326 токтомуна ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-февралы № 72 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик мекемелерине жана уюмдарына "улуттук" статусун ыйгаруу тартибижөнүндө"
2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 жана "Кыргыз техникалык уни-верситети жөнүндө"
2004-жылдын 5-октябрындагы № 328 жарлыктарын атка-руу, ошондой эле жогорку квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоонуандан ары өнүктүрүү максатында жана И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттуктехникалык университетинин инженердик кадрларды даярдоо тармагындасињирген эмгегин жана Кыргыз Республикасынын илимин өнүктүрүүдөгү салы-мын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. И.Раззаков атындагы Кыргыз улутгук техникалык университетининкызматкерлеринин кызматтык маяналарына 20 процент өлчөмүндө үстөк бел-гиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги И.Раззаков атындагыКыргыз улуттук техникалык университетинин кызматкерлерине эмгек акытөлөөнүн жањы шарттарын киргизүүгө каражаттарды кошумча бөлүүнү камсызкылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев