Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 29-июлу N 326
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы N 390, 2007-жылдын 5-февралындагы N 35, 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575, 2010-жылдын 15-январындагы N 14, 2010-жылдын 6-сентябрындагы N 190, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы N 159 "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин структурасын анын курамында академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтун юридикалык жактын статусу менен университеттин башка бөлүмдөрүн караштырып аныктасын;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университеттин жана Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин 2005-жылдын 3-майына карата негизги фонддорун, материалдык-техникалык, транспорт каражаттарын жана каржылоо көлөмүн И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин балансына аныкталган тартипте акысыз өткөрүп берсин;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин негизги ишин И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетине жана Кыргыз мамлекеттик тоо-кен Универеитетине 2005-жылга карата башүыүүч.ү бюджеттих каражаттардын чегинде каржыласын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы N 390 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 "Кыргыз Республикасынын Тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 73-пунктундагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети" деген сөздөр "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 110-пунктундагы "тоо-кен университети" деген сөздөр "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-декабрындагы N 904 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-декабрындагы N 943 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы N 72 "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу | Ф. Кулов |