Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 16-февралы № 88
Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Советтер Союзунун Баатыры Мансуз Ванахундун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын "Кант" чегара заставасына Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахундун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чегара отрядынын Манзус Ванахун атындагы "Кант" чегара заставасы" деп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |