Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 2-августу № 553
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556, 2016-жылдын 3-мартындагы № 106, 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172, 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 , 2018-жылдын 22-январындагы № 49, 16 февраля 2021 года № 44, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2025-жылдын 13-июнундагы № 339 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кайтаруу жагынан мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы N 270 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансылык полиция органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансылык полиция органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пунктта:
"в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик жайгашкан подразделениелеринде, бөлүктөрүндө жана органдарында (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) - 2006-жылдын 22-майынан;";
"г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы отуз тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскердик түзүмдөрүндөгү кызматта (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) - 2006-жылдын 22-майынан;";
- 19-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункттун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 339 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин Нарын чегара отрядына Тайлак-Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-августундагы N 473 токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлерин жайгаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-ноябрындагы N 772 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуладагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин Нарын чегара отрядынын "Кароол-Дөбө" чегара заставасына кыргыз элинин улуттук баатыры Ажибек баатырдын атын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы N 522 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги N 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин Лейлек чегара отрадына Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июлундагы N 548 токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы N 556 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы N 739 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. "Кербен" жана "Ала-Бука" чегара заставаларына жол уюмдарынын өндүрүштүк базаларын өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы N 46 токтомунун преамбуласындагы жана 1-пунктундагы "Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикйсынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы N 88 токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы N 628 токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланыштарын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскери менен бекемдөө боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы N 34 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин подразделениелеринин үстүнөн шефтик кылуучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын тизмесинен аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин Тайлак баатыр атындагы чегара отрядынын "Кынды" чегара заставасына Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы N 89 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлеринин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
22. "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чегара маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы N 102 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 1 жана 2-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-майындагы N 299-б буйругунун преамбуласындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 29-сентябрындагы N 585-б буйругунун преамбуласындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы N 68-б буйругунун преамбуласындагы" жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-декабрындагы N 555-б буйругунун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги N 169-б буйругунун 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
28. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы N 460 токтому;
- "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы N 511 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги N 272 токтому.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |