Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 18-февралы № 92 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу депута-ты А.А.Бекназаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз РеспубликасынынКылмыш-жаза аткаруу кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду-нун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.А.Бекназаров тарабынандемилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодекси-не толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабылалууга төмөнкүдөй себептер боюнча макулдук бере албайт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 63-статьясы-нын 5-бөлүгүнө эркинен ажыратылган жерлерде жүргөн адамдар тарабынанКыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчыга) жиберилген арыздар,даттануулар жана каттар жашыруун болуп саналышы, аларды ачууга жанацензуралоого тыюу салына тургандыгы; алар Кыргыз Республикасынын Ом-будсменине (Акыйкатчыга) токтоосуз жеткирилүүгө тийиш экендиги боюнчатолуктоо киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, анткени камакта-гылар жиберген арыздар, даттанууляр жана каттар коопсуздук жагынан ал-ганда, башкача айтканда аны алуучунун дарегине коркутууларды жана ма-зактоолорду болтурбоо максатында ачылышы керек; мындан тышкары каттакандайдыр бир зыяндуу заттар жок экендигине ынануу зарылдыгы да бар. Камактагыларга мекеменин эсебинен жылына төрт жолу 15 мүнөткө че-йин телефон менен сүйлөшүүлөргө уруксат берүү жагынан ушул Кодекстин86-статьясынын 2-бөлүгүнө толуктоо киргизүү боюнча төмөнкүлөрдү билди-ребиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бул толуктоолорду киргизүүдөжылына орточо 9,2 млн. сом талап кылынат, республикалык бюджеттин тар-тыштыгынын шарттарында буга мүмкүнчүлүк жок. Премьер-министр Н.Танаев