КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 21-июнундагы № 431 токтомуна ылайык
күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-марты № 128 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаш-тыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын жанаКыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"Мыйзамынын негизинде жана экономикалык концентрациянын жүрүшүндө КыргызРеспубликасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттиккөзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча тиркелгенэрежелер бекитилсин. 2. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер-дин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын монополияга каршымамлекеттик органына жүктөлсүн. 3. Аталган эрежелердин аракетине тийиштүү юридикалык жактарды мам-лекеттик каттоону, ошондой эле андай юридикалык жактардын мамлекеттикреестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы-нын корутундусунун негизинде жүргүзөөрү белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-августундагы №550 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарысакталышына экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомукүчүн жоготту деп эсептелсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-малыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев