ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 15- мартынын № 128 «Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө» Токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
                              КР Өкмөтүнүн               2012-жылдын 21-июнундагы № 431 токтомуна ылайык                              күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-марты № 128                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз            Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын                сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди                            бекитүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаш-тыкты өнүктүрүү жана коргоо  жөнүндө"  Мыйзамынын  15-статьясынын  жанаКыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"Мыйзамынын негизинде жана экономикалык концентрациянын жүрүшүндө КыргызРеспубликасынын  монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттиккөзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Экономикалык  концентрациянын  жүрүшүндө Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча  тиркелгенэрежелер бекитилсин.     2. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө  Кыргыз  Республикасынынмонополияга  каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер-дин аткарылышын контролдоо  Кыргыз  Республикасынын  монополияга  каршымамлекеттик органына жүктөлсүн.     3. Аталган эрежелердин аракетине тийиштүү юридикалык жактарды мам-лекеттик  каттоону,  ошондой эле андай юридикалык жактардын мамлекеттикреестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын  Юстиция  ми-нистрлиги  Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы-нын корутундусунун негизинде жүргүзөөрү белгиленсин.     4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-августундагы №550 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы  мыйзамдарынын  талаптарысакталышына  экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомукүчүн жоготту деп эсептелсин.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика,  өнөр жай жана соода башкар-малыгына жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Н.Танаев