Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-марты № 145                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу               компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби                    тууралуу жобону бекитүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздан-дыруу жөнүндө" Мыйзамынын 33-1-статьясын ишке ашыруу максатында  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Пенсиялык  курактын  жогорулашына  байланыштуу   компенсацияныэсептөө жана төлөө тартиби тууралуу" тиркелген жобо бекитилсин.     2. Бул токтом "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык  фонду-нун  бюджети  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы  күчүнө киргенкүндөн тартып күчүнө кирет.     3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  социалдык-маданий  өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Н.Танаев