Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-майы № 179 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын аманатчыларын социалдык колдоо жөнүндө Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жанамурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын гражданда-рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынынулгайган курактагы аманатчыларына - жеке адамдарга 1941-1945-жылдардагыУлуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгын алдыдагы майрамдоогобайланыштуу социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Банкрот болгон коммерциялыкбанктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө"2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнмурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргыз Республикасынын гражданда-рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдында-гы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы № 480 токтомдоруна ылайыкчыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды алар боюнча 1939-жылга чейинтөрөлгөн (аларды кошо алганда) аманатчыларга - жеке адамдаргатөлөнбөгөн калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда төлөөнү жүргүзсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Банкрот болгон коммерциялыкбанктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө"2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнмурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граж-дандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын ал-дындагы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы № 480 токтомдорунаылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөүчүн акча каражаттарын кароо менен "Кыргыз Республикасынын 2005-жылгареспубликалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белги-ленген тартипте өзгөртүү киргизсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев