ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылынын 7-майынын № 179 «Банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБ, «Инсан» АКБ, «Меркюри» АКБ жана мурдагы «Кыргызэлбанк» (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын аманатчыларын социалдык колдоо жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-майы № 179                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ,               "Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк"                 (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын                   граждандарынын аманаттарын сактоо                  жана кредиттөө банкы) коммерциялык                       банктарынын аманатчыларын                           социалдык колдоо                                жөнүндө      Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жанамурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын гражданда-рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынынулгайган курактагы аманатчыларына - жеке адамдарга 1941-1945-жылдардагыУлуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгын  алдыдагы  майрамдоогобайланыштуу социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Банкрот  болгон  коммерциялыкбанктардын  аманатчыларынын  акча  каражаттарын компенсациялоо жөнүндө"2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнмурдагы  "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргыз Республикасынын гражданда-рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдында-гы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы № 480 токтомдоруна ылайыкчыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды алар боюнча  1939-жылга  чейинтөрөлгөн   (аларды   кошо   алганда)  аманатчыларга  -  жеке  адамдаргатөлөнбөгөн калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда төлөөнү жүргүзсүн;     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  "Банкрот болгон коммерциялыкбанктардын аманатчыларынын акча  каражаттарын  компенсациялоо  жөнүндө"2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнмурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргызстан  Республикасынын  граж-дандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын ал-дындагы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы №  480  токтомдорунаылайык  чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөүчүн акча каражаттарын кароо менен "Кыргыз  Республикасынын  2005-жылгареспубликалык  бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белги-ленген тартипте өзгөртүү киргизсин.     2. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 К.Бакиев