Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-мартындагы № 87 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 164 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-июлундагы № 294, 2006-жылдын 10-майындагы № 338, 2006-жылдын 26-июнундагы № 459, 2006-жылдын 4-июлундагы № 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы (мындан ары - КРӨгө караштуу МСИ) мамлекеттик аткаруу бийлик органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышына, салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн жана өз учурунда төлөнүшүнө, камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгына мамлекеттик башкаруунун контролдук функциясын ишке ашырат.
2. КРӨгө караштуу МСИ жана анын структуралык подразделениелери өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, башка нормативдик укуктук актыларды, ушул Жобону жана өзүлөрүнүн ведомстволук нормативдик актыларын жетекчиликке алып, башка мамлекеттик органдар менен тыгыз карым-катнашга иштейт.
3. КРӨгө караштуу МСИ төмөнкүлөрдөн турат:
- борбордук аппарат;
- облустардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын мамлекеттик салык инспекциялары;
- райондук бөлүнүүсүз райондордун жана шаарлардын мамлекеттик салык инспекциялары,
ал юридикалык жак болуп саналат, чыгымдардын өз алдынча сметасы, Казыналык системасында эсеби, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган мөөрү, фирмалык бланктары, штамптары болот.
КРӨгө караштуу МСИнин туусу жана символика белгилери болот.
4. КРӨгө караштуу МСИ жана анын структуралык подразделениелери мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, анын ичинде өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонддорунун эсебинен күтүлөт.
5. КРӨгө караштуу МСИнин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү чогултуу, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептөөнүн, өз учурунда жана толук түшүшүн контролдоо, юридикалык жана жеке жактар камсыздандыруу взносторун төлөшүнүн жана аны эсептөөнүн тууралыгына текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- салык мыйзамдарынын жана салык маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптарын сактоону камсыздоо;
- бардык деңгээлдердеги мамлекеттик салык саясатын иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле камсыздандыруу взносторун төлөөнү контролдоо чөйрөсүнө катышуу;
- жалпы экономикалык мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышуу, салык саясаты чөйрөсүндө болжолдоо-аналитикалык иштерди жүргүзүү;
- салык салуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо, өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө салык мыйзамдарынын таасир этүү натыйжалуулугун иликтөө жана мамлекеттик салык саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
- салык мыйзамдарын колдонуу боюнча методологиялык жетекчиликти камсыздоо жана бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жагынан принциптүү жоболорду аныктоого катышуу;
- салык ишинде адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана эсепке алуу каттоосунан өтүшкөн юридикалык жактардын эсебин жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү;
- бирдиктүү финансылык-чарбалык саясатты ишке ашыруу, салык органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү, ушул органдардын кызматкерлери үчүн зарыл эмгек шарттарын түзүү.
6. КРӨгө караштуу МСИ ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн чогулушуна, түшүшүнө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышына контролдукту уюштурат, камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгына текшерүү жүргүзөт, ведомстволук уюмдардагы иштерди уюштурат, жүргүзөт жана контролдойт;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелерин пландаштырууга катышат, салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук түшүшүн камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектерде салык органдарынын ведомстволук штатттарынын жалпы штаттык санын түзөт;
- өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, экономикалык коопсуздугун коргоого көмөктөшөт;
- салык салуу маселелерине, салык органдарынын иштерине тиешелүү нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу салыктык эсептөөлөрдүн, отчеттордун, декларациялардын жана башка документтердин формаларын, ошондой эле ведомстволук салык инспекциялары тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчеттордун формаларын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында каралган өз ыйгарым укуктарынын чектеринде салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салыктарды төлөө мөөнөтүн узартат;
- бардык деңгээлдеги ведомстволук салык инспекцияларынын иштерин уюштурууну териштирүү жана текшерүү (анын ичинде комплекстүү) жүргүзөт, анын жыйынтыктары боюнча аныкталган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү чараларын көрөт, ушул иштердеги дурус тажрыйбаны изилдейт жана аны салык кызматынын системасына жайылтат;
- бюджетке төлөмдөрдү чогултуу боюнча жасалган иштер тууралуу мамлекеттик салык инспекцияларынын маалыматтарын алат, жалпылайт жана талдайт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- ведомстволук салык инспекцияларында инспектордук иштин абалына контролдук жүргүзөт;
- салык салуу маселелери боюнча жана салык органдарынын кызмат адамдарынын укукка жат иштери боюнча жарандардын, юридикалык жана жеке жактардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, айыптарды, башка санкциялардын проценттерин бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга, ошондой эле жарандарга сотто доо коет;
- соттордо, укук коргоо органдарында, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында жана башка уюмдарда ведомстволук салык инспекцияларынын таламдарын көрсөтөт;
- өзүнүн-аймактык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жоет (иш-аракетин токтотуп коет);
- бюджетке салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча салык кызматынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле чарбакер субъекттердин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сакташына контролдук боюнча жогоруда турган органдарга отчетторду, маалымкаттарды жана маалыматтарды берет;
- салык органдарынын кызмат адамдары иште жол беришкен тартип бузуулар жана кемчиликтер үчүн, эгерде мындай тартип бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбаса, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дисциплинардык жоопкерчиликке тартат;
- салыктар жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча мамлекеттик ички актыларды колдонуу тартиби боюнча ведомстволук структуралык подразделениелерде түшүндүрүү иштерин уюштурат;
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана региондук программаларын, ошондой эле ишке ашырууга Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер аралык максаттуу программаларды түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КРӨгө караштуу МСИнин мүлкүн башкаруу боюнча менчик ээсинин укугун ишке ашырат;
- салык салуу жана чет өлкөлөрдүн салык органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, аларды түзүү боюнча белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мындай келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды берет, алардын аткарылышын камсыздайт;
- салык салуу жана Шериктеш өлкөлөрдүн салык органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча КМШга катышуучу мамлекеттерди интеграциялоонун мамлекеттер аралык органдарынын иштерине катышат;
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде чет мамлекеттердин салык жана башка компетенттүү органдары менен кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары тарабынан даярдалган өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлоруна өз компетенциясынын чектеринде эксперттик баа берүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыздайт;
- КРӨгө караштуу МСИнин системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, квалификациялык кадрларга керектөөнү аныктайт, адистерди даярдоону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- өз иш-аракетин жүргүзүүдө салык органдарынын кызмат адамдары мыйзамдуулукту сакташына контроль жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын салык кызматкерлери тарабынан бузуу фактыларынын алдын алуу жана четтетүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзөт;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын таламдарын жактайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы катарында эл аралык конференцияларга, семинарларга, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга катышат жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргойт;
- Кыргыз Республикасында салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашырат, КРӨгө караштуу МСИнин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун белгиленген тартипте башкарат жана тескейт;
- КРӨгө караштуу МСИнин, анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга көмөктөшөт;
- салык органдарынын кызматкерлеринин арасында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган акы төлөтүүчү кызматтарды (жумуштарды) көргөзөт, ошондой эле товарларды, буюмдарды жана башка предметтерди сактоого укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 459 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Облустар жана Бишкек менен Ош шаарлары боюнча мамлекеттик салык инспекциялары жогоруда турган органдардын компетенциясына кирүүчү маселелерден тышкары ушул Жобонун 6-пунктунда каралган функцияларды аткарат.
8. Ош шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясы, райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекциялары төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарышат:
- салыктарды жана бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чогултууну, салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоону, камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгынын маселелери боюнча юридикалык жана жеке жактарды текшерүү жүргүзүүнү ишке ашырат;
- салык органдарында юридикалык жактарды, алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоону ишке ашырууну, кайра каттоо жана каттоону токтотуу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;
- конфискацияланган, кароосуз калган мүлктү, мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн мүлктү эсепке алууну, баалоону жана сатууну, мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик пошлина төлөөгө жана башка салыктык эмес төлөмдөргө алынган акча каражаттарын алуунун тууралыгына жана сакталышын камсыздоого контролдукту, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары (айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештер жана башкалар) салыктарды жана төлөмдөрдү төлөө эсебине калктан акча каражаттарын алууда белгиленген тартиптерди сакташын контролдоону ишке ашырат;
- юридикалык жак түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жарандарды, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарды аларга бирдиктүү идентификациялык салык номерин ыйгаруу менен өз учурунда жана толук салыктык эсепке алууну, ошондой эле чарбакер субъекттерди жоюу процедурасын каттоону камсыз кылат;
- салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик отчетторду жана баланстарды, салыктык эсептөөлөрдү, бюджетке төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу отчетторду, декларацияларды жана башка документтерди өз учурунда беришин контролдойт, ошондой эле түшкөн пайданы, кирешени жана салык салуу объекттерин аныктоонун, салыктарды жана бюджетке башка төлөмдөрдү эсептөөнүн туура экендиги жагынан ушул документтердин аныктыгын текшерет;
- өзүнүн контролдоо иштерин жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, финансы жана башка контролдоочу органдар менен тыгыз карым-катнашта жүргүзөт;
- салык төлөөчүлөрдүн бюджетке карыздарын өндүрүү эсебине соттун чечими боюнча алардын мүлкүнө арест коет, өндүрөт жана сатат;
- үчүнчү жактардан салык төлөөчүгө эсептелген суммаларды өндүрүүнү жана алып коюуну, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны алып коюуну ишке ашырат;
- бюджетке милдеттенмелерди бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкцияларды, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана жарандар тарабынан жол берилген ушундай тартип бузуулар үчүн администрациялык айыптарды өз учурунда өндүрүүнүн жана аны колдонуунун тууралыгын камсыз кылат;
- юридикалык жана жеке жактардан, республиканын финансы органдарынан, банк мекемелеринен, ошондой эле жарандардан бюджетке же бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдүн жана иш жүзүндө түшкөн салыктардын суммасын, ошондой эле финансылык санкциялар менен администрациялык айыптардын суммасын алар жүргүзгөн оперативдик-бухгалтердик эсептин (ар бир төлөөчү жана төлөмдөрдүн түрү боюнча) негизинде документтерди алат;
- салык төлөөчүлөргө эсептелген салыктардын суммасы, салыктар боюнча карыздарды төлөө жөнүндө, ошондой эле үчүнчү жактардан салык төлөөчүгө эсептелген суммаларды өндүрүү жана алуу жөнүндө билдирүүлөрдү жиберет;
- жогоруда турган мамлекеттик салык инспекцияларында белгиленген отчетторду түзөт, жалпылайт жана берет;
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышына контролдукту ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана тиешелүү салык органында эсепке коюу боюнча иштерди жүргүзөт;
- салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын киргизет, салык төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын суммасынын калган бардык бөлүгүн алдыдагы төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине кошот;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учеттук ставкасы боюнча проценттерди эсептөө менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктар боюнча ашыкча төлөө суммасына салык төлөөчүгө корутунду жазып берет;
- белгиленген тартипте иш кагаздарын, түшүүчү корреспонденциялардын жана катуу отчеттуулуктагы документтердин бланктарын эсепке алууну жүргүзөт;
- чарбакер субъекттерге, ошондой эле банктарга ошол банктардагы ачык расчеттук, валюталык жана башка эсептер жөнүндө, ошол эсептер боюнча операциялардын чагылдырылышы жөнүндө маалыматтарды толук жана өз учурунда берүү үчүн контролдукту ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- салык салуу маселелери боюнча жарандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын, мамлекеттик салык инспекцияларынын кызмат адамдарынын иштерине даттанууларды карайт;
- мамлекеттик салык инспекциясынын кызмат адамдары иште кетирген тартип бузуулар үчүн, эгерде мындай тартип бузууларга кылмыш жоопкерчилиги каралбаса, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дисциплинардык жоопкерчиликке тартат;
- жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, финансылык жана башка контролдоочу органдар менен тыгыз карым-катнашта өздөрүнүн контролдоо иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
9. КРӨгө караштуу МСИ төмөнкүлөргө укуктуу:
- салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгына бюджетке өз учурунда жана толук түшүшүнө контролдук жүргүзүүгө, ошондой эле камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана юридикалык жана жеке жактар тарабынан төлөөнүн тууралыгын текшерүү жүргүзүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, мамлекеттик комиссиялардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана башка аткаруу бийлик органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден өздөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
- салыктык милдеттенмелердин келип чыгышы, аларды аткаруу жана токтотуу боюнча түшүндүрүүлөрдү жана комментарийлерди берүүгө;
- салыктык маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды өткөрүүгө;
- ревизияларда жана текшерүүлөрдө аныкталган кем чыгуулар, жетпей калуулар, уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузууларга күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;
- КРӨгө караштуу МСИнин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын атынан белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча приказдарды, методикалык жана инструкциялык көрсөтмөлөрдү өз алдынча же башка мамлекеттик башкаруу органдары менен бирдикте чыгарууга;
- белгиленген тартипте журналдарды жана башка басма сөз басылмаларын чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультациялык, рекламалык-басмалык, үйрөтүүчү жана башка иштердин түрүн жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана иштерди сатып алууга, тендерлерди өткөрүүгө;
- салык мыйзамдарын колдонуу боюнча инструкцияларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ведомстволук ички нормативдик-укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кабыл алууга, алардын аткарылышын контролдоого;
- КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүүгө жана пайдаланууга;
- зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдердин, картографиялык иштердин жана маалыматтык адабияттардын, илимий изилдөө иштеп чыгууларынын заказчысы катары чыгууга.
10. КРӨгө караштуу МСИнин штаттык кызматкерлери формалык кийим кийип жүрүүгө укуктуу.
11. КРӨгө караштуу МСИ жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик салык инспекциялары төмөнкүлөргө укуктуу:
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо, салыктык каттоонун, уруксат берүүчү документтердин, иш жүргүзүүгө лицензиянын болушу, бухгалтердик жана салыктык документтердин, кирешелерди эсепке алууну жүргүзүү, марка чапталуучу акциздик товарларга акциз маркаларынын болушун жана аны туура колдонуу, ошондой эле камсыздандыруу взносторун эсептөөнүн жана юридикалык, жеке жактар тарабынан төлөөнүн тууралыгынын маселелери боюнча юридикалык жана жеке жактарды салыктык (анын ичинде утурлама) текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү, рейддик текшерүүлөрдү, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, мамлекеттик комиссияларда, өзгөчө режимдеги ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кошо алганда менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларды, банктарды жана башка финансылык кредиттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын да, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарда салыктарды, бюджетке же бюджеттен тышкаркы фонддорго башка төлөмдөрдү эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан документтерди, бухгалтердик китепчелерди, отчетторду, пландарды, сметаларды, декларацияларды жана башка документтерди текшерүү жүргүзүүгө, ошондой эле зарыл түшүндүрүүлөрдү алууга;
- мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик пошлина төлөөгө жана башка салыктык эмес төлөмдөргө алынган акча каражаттарын алуунун тууралыгына жана сакталышын камсыздоого, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары (айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештер жана башкалар) салыктарды жана төлөмдөрдү төлөө эсебине калктан акча каражаттарын алууда белгиленген тартиптерди сакташынын маселелери боюнча текшерүүнү ишке ашырат;
- текшерилүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактардын) жетекчилери жана башка кызмат адамдары үчүн салыктар жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр жөнүндө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;
- юридикалык жана жеке жактардан аларга негиздүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү өз учурунда жиберүү менен алардан жасалган экономикалык бүтүмдөр жөнүндө маалымат берүүнү, маселелерди түшүндүрүү үчүн салык инспекциялары турган жерге барууну, билдирүүдө көрсөтүлгөн документтерди же башка маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
- салык кызматынын кызмат адамы жазуу жүзүндөгү ыйгарым укуктарынын негизинде экономикалык иш-аракет жүргүзүү үчүн пайдаланылган аймакка (турак жайдан тышкары) же жалпынын кириши үчүн ачык аймакка текшерилүүчү салык төлөөчүнүн жумуш убагында ага алдын ала кабарлоосуз салык салуу объектисин текшерүү жүргүзүү максатында, текшерүүнүн жыйынтыктарын кийин тариздөө менен ага кирүүгө укуктуу;
- салык салуу предметине тиешелүү документтерин, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
- тиешелүү документтерди тариздөө менен мүлктүк далилдерди алууга жана аларга печать коюп чаптоого;
- эсептөөчү түзүлүштөрдү он күндүн ичинде орнотуу жөнүндө көрсөтмө берүүгө жана алардын көрсөткүчтөрүн текшерүүгө;
- документтерди жана башка предметтерди мөөр коюп бекитүүгө;
- салыктык мыйзам чөйрөсүндө администрациялык мыйзам бузуу табылган учурда товарларды жана материалдык баалуулуктарды алып коюуга, алардын наркы мыйзамда каралган администрациялык айыптын суммасынан ашпоого тийиш;
- банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери ачылганы, өзгөргөнү, жабылганы, тийиштүү мезгил аралыгында коммерциялык жана башка эсептер менен жүргүзүлгөн операциялары жөнүндө, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде каражаттардын бар экени жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылууга жана алууга;
- банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде салык төлөөчүлөрдүн коммерциялык же башка эсептери менен жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан операцияларга аудит жүргүзүүгө, алардын эсептеринде канча каражат бар экенин, ошондой эле проценттердин төлөнүшүн текшерүүгө;
- салык төлөөчү декларацияда көрсөткөн өлчөмдө төлөнүүгө тийиш болгон сумманы төлөөсүн эсептөөгө, салыктын эсептелген суммасына негизделген өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө салык төлөөчүгө билдирүү жиберүүгө;
- салыкты эсептик негизде же мурунку отчеттук мезгилдин негизинде эсептеп, декларация тапшырууга милдеттүү салык төлөөчү декларация тапшырбаган учурда, же салык төлөөчү декларацияда өзүнүн милдеттенмесин көрсөтпөгөн учурда ал салык төлөөчүгө салынган эсеп жөнүндө билдирүү жиберүүгө;
- салык төлөөчүдөн салыкты бөлүп-бөлүп төлөөнүн графигин тапшырууну же салыктын төлөнүшүн камсыздоочу башка чараларды көрүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган финансылык санкцияларды колдонууга;
- бюджетке белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктардын суммаларына процент эсептөөгө;
- бюджетке бересеси бар салык төлөөчүнүн банктык, анын ичинде валюталык эсептерине, ошондой эле салык төлөөчүгө бересеси бар үчүнчү жактардын эсептерине салыкты төлөө талабын коюуга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин, башкармалыктардын, инспекциялардын, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын кызмат адамдарына, ошондой эле жарандарга салык мыйзамдарын бузгандыгы аныкталганда администрациялык айыптарды салууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
12. Бардык деңгээлдердеги салык органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттеринин үстүнөн даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
13. КРӨгө караштуу МСИнин кызмат адамдарынын милдеттери төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жана жеке жактардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын катуу сактоо, ошондой эле конкреттүү салык төлөөчүдөн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган маалыматты кызматтык максаттарда гана пайдалануу, салык төлөөчү жөнүндө маалыматтардын мыйзам менен белгиленген жашырындыган сактоо.
14. КРӨгө караштуу МСИнин кызмат адамдары чарбакер субъекттерди текшерүүдө, контролдук текшерүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык учурларда чарбакер субъектке текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө акт түзүүгө, анын бир нускасы текшерилген субъектте калтырылат, ал эми экинчиси көрсөтмө берген органда сакталат.
15. КРӨгө караштуу МСИ талап кылынган отчетторду талдоо жана бюджеттик-финансылык саясатты иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өз убагында берүүгө милдеттүү.
16. КРӨгө караштуу МСИ жана анын ведомстволук органдары салык органынын кызмат адамы салган эсепке же башка чечимине канааттанбаган салык төлөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана чечим кабыл алууга жана аларга өз чечими жөнүндө себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүү тартибинде маалымдоого милдеттүү.
17. КРӨгө караштуу МСИнин кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы, салык төлөөчү жөнүндөгү маалыматтардын жашырындыгын сактабаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, мүлктүк жана кылмыштык жоопкерчиликке тартылышат.
18. Салык органдары жана анын кызматкерлери өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн салык төлөөчүгө түздөн түз келтирилген зыяндар (чыгаша, анын ичинде алынбай калган пайда) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.
19. КРӨгө караштуу МСИни Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу (көрсөтүүсү) боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана бошотуучу директор башкарат.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
20. КРӨгө караштуу МСИнин директорунун бир статс-катчысы жана үч орун басары болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу боюнча жана КРӨгө караштуу МСИнин директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
КРӨгө караштуу МСИнин директорунун орун басарларын кызматка КРӨгө караштуу МСИнин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана бошотот.
Облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мамлекеттик салык инспекцияларынын начальниктерин, райондор, шаарлар жана шаардагы райондор боюнча салык инспекцияларынын начальниктерин, алардын орун басарларын, ошондой эле КРӨгө караштуу МСИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка КРӨгө караштуу МСИнин директору дайындайт жана бошотот.
Региондук жана аймактык салык инспекцияларынын бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) начальниктерин кызматка КРӨгө караштуу МСИнин директору облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча МСИнин начальниктеринин сунуштары боюнча дайындайт жана бошотот.
Региондук жана аймактык салык инспекцияларынын кызматкерлерин кызматка ошол салык инспекцияларынын жетекчилери дайындайт жана бошотот.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-майындагы № 338, 2006-жылдын 4-июлундагы № 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
22. КРӨгө караштуу МСИнин директору:
- КРӨгө караштуу МСИнин жана ведомствого таандык салык инспекцияларынын ишин жетектейт, КРӨгө караштуу МСИге жүктөлгөн милдеттердин жана милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- КРӨгө караштуу МСИнин атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен иштешүүсүн камсыздайт;
- директордун орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- КРӨгө караштуу МСИнин компетенциясынын чектеринде приказдарды жана буйруктарды чыгарат;
- борбордук аппараттын башкармалыктары (бөлүмдөрү) жөнүндө жоболорду, анын структурасын жана штатын, ведомствого таандык салык инспекцияларынын структурасын жана штаттык санын бекитет;
- КРӨгө караштуу МСИнин уюштуруу жана контролдоо ишинин негизги жана айрым иш-чараларынын пландарын бекитет;
- салык декларацияларынын, отчеттордун, эсептөөлөрдүн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөгө жана бюджетке төлөөгө байланыштуу башка документтердин формаларын, ведомствого таандык уюмдар өз функцияларын аткаруу боюнча жүргүзүшкөн иштер жөнүндө отчеттордун формаларын бекитет, ошондой эле салык мыйзамдарын колдонуу боюнча нускамалык, методикалык жана башка нормативдик документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдарынын кызматкерлерине атайын улук наамдарды жана класстык чиндерди, борбордук аппараттын кызматкерлерине наамдарды жана класстык чиндерди ыйгарат, салык инспекцияларынын жетекчилеринин ведомстволук салык органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды жана класстык чиндерди ыйгаруу боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
- кадрларды тандайт жана жайгаштырат, адистердин даярдалышын жана кайра даярдалышын, аларды квалификациясы жогорулатылышын уюштурат;
- эмгек тартиби сакталышын контролдойт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу жана оңдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшүн камсыздайт;
- зарыл учурларда башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери менен бирдикте буйруктарды жана нускамаларды чыгарат;
- аныкталган тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлерин сыйлайт;
- биринчи колду коюу укугуна ээ болуп, кредиттердин башкы тескөөчүсү болот.
23. КРӨгө караштуу МСИнин директорунун орун басарлары алардын компетенцияларына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, тейлеген маселелер боюнча чыгыш жана кириш документтерге кол коюшат.
24. КРӨгө караштуу МСИде курамына КРӨгө караштуу МСИнин директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, анын орун басарлары, жетектөөчү башкармалыктардын жана ведомстволук подразделениелердин жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирген 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-июлундагы № 294, 2006-жылдын 4-июлундагы № 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. КРӨгө караштуу МСИнин коллегиясы өзүнүн заседаниелеринде бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жыйноо ишин уюштуруу маселелерин, ведомствого таандык салык инспекцияларынын мыйзамды сактоолорун текшерүүнүн жыйынтыктарын карайт, КРӨгө караштуу МСИнин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн начальниктеринин, ведомствого таандык инспекциялардын жетекчилеринин отчетторун угат.
26. Коллегиянын чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом түрүндө кабыл алынат жана коллегиянын төрагасынын буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегия мүчөлөрүнүн добуштары тең бөлүнүп калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
27. КРӨгө караштуу МСИнин коллегиясын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитүүчү Коллегия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
28. КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлери мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелишет жана анын коргоосунда болушат.
КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлеринин кол тийгистиги, кадыр-баркы мыйзам менен корголот.
КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлерин социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. КРӨгө караштуу МСИнин кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү социалдык камсыздандырылууга тийиш. КРӨгө караштуу МСИнин кызматкери кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон учурда, курман болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө же багуусундагыларга камсыздандыруу суммасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан бир жолку жөлөк пул төлөп берилет жана ал сумма кийин күнөөлүү жактардан өндүрүп алынат. КРӨгө караштуу МСИнин кызматкери майыптыкка дуушарланткан жаракат алган учурда мыйзамда белгиленген өлчөмдөгү бир жолку жөлөк пул төлөнөт.
КРӨгө караштуу МСИнин кызматкеринин (же анын жакын туугандарынын) мүлкүнө анын кызматтык ишине байланыштуу келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орду толтурулат.
30. Салык органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдарын, класстык чиндерин сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле атайын наамды алуу үчүн коюлчу талаптар тийиштүү мыйзамдар жана жоболор менен аныкталат.