Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-мартындагы № 87 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 26-июну № 459
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери" деген токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндө жобого толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-апрелиндеги № 286 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарда дене тарбиясы менен спортту өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, ошондой эле салык органдарында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери" деген токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндө жобого төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- III бөлүмүнүн 6-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:
"- салык органдарынын кызматкерлеринин арасында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;".
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |