КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-июну № 205 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј «Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жана сатуугамамлекеттик монополия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынаткарылышын камсыз кылуу, спирт жана алкоголдук продукциялардычыгаруу, салык, камсыздандыруу жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча2005-жылга белгиленген божомолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Салык жана бажы төлөмдөрүн эске алуу менен ташылуучу товардынбажы наркынын өлчөмүндө депозитти борбордук бажы органынын эсебинекиргизүү шартында гана 2005-жылдын 1-июнунан тартып спирт жанаалкоголдук продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын уруксаты боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясы Бишкек жана Ош шаарларында акциздик маркалар мененмаркировкаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бажы аймагынаалып келинген алкоголдук продукцияны бажылык тариздөө үчүн убактылуусактоонун адистештирилген кампаларын түзүүгө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык эки айлык мөөнөттө тендер өткөрсүн. 3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүлгөн убактылуу сактоокампаларын кошпогондо өткөрүү пункттарында жана терминалдарда акциздикмаркалар менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияныбажылык тариздөөгө 2005-жылдын 1-августунан тартып тыюу салуукиргизилсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүнжоготту деп табылсын: - 2004-жылдын 18-майындагы № 368 «Ликер-арак продукцияны жанайоддолгон тузду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча кошумчакоргоочу чараларды киргизүү жөнүндө»; - 2004-жылдын 27-июлундагы № 558 «Кыргыз Республикасынын аймагындачыгарылуучу, импорттолуучу жана сатылуучу ликер-арак ичимдиктеринежана фасовкаланган йоддолгон тузга коргоочу голографиялык маркалардыколдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»; - 2004-жылдын 30-октябрындагы № 797 «Ликер-арак продукцияларынжана йоддолгон тузду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча кошумчакоргоочу чараларды киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 18-майындагы № 368 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүтууралуу»; - 2004-жылдын 16-ноябрындагы № 841 «Кыргыз Республикасынынаймагында чыгарылуучу, импорттолуучу жана сатылуучу ликер-аракичимдиктерине жана фасовкаланган йоддолгон тузга коргоочуголографиялык маркаларды колдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүүтууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №558 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө». 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр К.Бакиев