Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 29-июну № 267
Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органын аныктоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377,2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| М.Керимкулов |